Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 5-августу № 261/36-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 5.07.2018-жылдагы №130/22-7 сандуу Талас шаарындагы №4 орто мектебине Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, маркум Бакмурат Эрманбетовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө токтомун күчүндө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 22.07.2024-жылдын №01-19/2027 чыгыш сандуу катынын жана ага тиркелген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарында болгон кенешменин протоколунун негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 5.07.2018-жылдагы №130/22-7 сандуу Талас шаарындагы №4 орто мектебине Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, маркум Бакмурат Эрманбетовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө токтому күчүндө калтырылсын.
2. Ушул токтомдун негизинде Талас шаарынын мэриясы тарабынан тиешелүү жактарга кат жөнөтүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |