КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-ноябры №17-11
Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы “Кызыл-Туу айыл аймагынын мыкты мугалими” ардактуу наамы жана төш белгисин берүү Жобо менен бекитилсин (№1 тиркеме Жобо).
2. Бекитилген жобо менен иш алып баруу жагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |