Редакцияот 22.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 22-августу № 496

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды ташууга навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо маселелери боюнча чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

"2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну тездетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У. Жапаров