Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-ноябры № 547
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык улуттук операторду тандоону өткөрсүн;
- тандоонун жыйынтыгы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди жөнөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына улуттук операторду аныктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аныкталгандан кийин улуттук оператор (макулдашуу боюнча) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн наркын макулдашсын:
- навигациялык пломбалардын;
- навигациялык пломбалардын ижарасын;
- навигациялык пломбаларды коюу/чечүү, анын ичинде навигациялык пломбаларды ачуу (активдештирүү)/жабуу (деактивдештирүү) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- навигациялык пломбаларды техникалык тейлөөнүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2020-жылдын 4-декабрындагы № 99 (3171) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо системасынын улуттук операторун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бажы жана тарифтик саясат башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).