Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 499
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128, 178, 315-беренелерин, 345-беренесинин 1-бөлүгүн, 416-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу жана патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу, жеке ишкерлерди тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Патенттин негизинде иш жүргүзбөгөн жеке ишкерди каттоодо салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кагаз же электрондук түрдө толтурат жана тапшырат.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук түрдө жеке ишкердин салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылат.
Электрондук түрдө мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр ошондой эле мурда статистика жана салык органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн, күбөлүктөрдү кагаз жүзүндө гана алган жеке ишкерлер үчүн түзүлөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын рынокторунун жана кичи рынокторунун реестрине киргизилген рыноктордо жана кичи рыноктордо соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 61-2-пункт менен толукталсын:
"61-2. Эсеп-фактура Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын рынокторунун жана кичи рынокторунун реестрине киргизилген рыноктордо жана кичи рыноктордо соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдөн сатып алынган учурда ЭЭФ эскертүүсүндө ЭТТК номерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен өз алдынча таризделет.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 1-пунктчада мамлекеттик тилдеги текстте "31-декабрынан" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктчада "2024-жылдын 1-июлунан" деген сөздөр "2025-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:
- 2-пунктта:
17-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасын пайдалануу менен таризделүүчү электрондук документ түрүндөгү күрөө билеттерин берүү жана мындай маалыматтык системаны ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен милдеттүү интеграциялоо шарттарында ломбарддардын кызмат көрсөтүүлөрү;";
22, 27-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пункттун таблицасындагы 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4 | Ушул Тизменин 2-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу (такси кызмат көрсөтүүлөрү) жана курьер тарабынан товарларды жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтүү | 2025-жылдын 1-январына чейин | 2025-жылдын 1-январына чейин |
";
- 4-пунктта "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2024-жылдын 1-ноябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-1-пункттун экинчи абзацындагы "2024-жылдын 31-декабры" деген сөздөр "2025-жылдын 31-марты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пункттун 3-пунктчасындагы "2024-жылдын 1-июлунан тартып" деген сөздөр "2024-жылдын 1-ноябрынан тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-пункттун 2-пунктчасындагы "2024-жылдын 1-июлуна чейинки" деген сөздөр "2024-жылдын 1-ноябрына чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу жана түзүү тартибинде:
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын:
"15) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен мындай соода платформасын милдеттүү интеграциялоо шартында, электрондук соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соода платформасын пайдалануу менен товарларды сатуу:
- калктын жана/же соода платформасынын операторунун дарегине;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан экспорттоого.";
27-пункттун 7-пунктчасы "14" деген цифралардан кийин ", 15" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 "Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 2-пунктчасындагы "2024-жылдын 1-сентябрынан" деген сөздөр "2025-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-пункттун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Жеке ишкердик иши үчүн патенттин негизинде салыктын базалык суммасы
№ | Иштин түрүнүн аталышы | ЭИМК боюнча коду | Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен) |
1 | Мехтен жасалган кийимдерден тышкары, даяр текстилдик буюмдарды, кийимдерди жана баш кийимдерди өндүрүү: |
|
|
| - 10 бирдикке чейинки негизги технологиялык жабдуунун санына | 13.92.0 | 2000 |
| - 10 бирдиктен жогору, негизги технологиялык жабдуунун ар бир кийинки 10 бирдиги үчүн | 14.00.0 | 1000 |
2 | Үйдө менчик инкубаторлордун кызмат көрсөтүүлөрү | 01.47.0 | 2000 |
3 | Кызмат көрсөтүү: |
|
|
а) мал союу боюнча | 10.11.1 | 2000 | |
б) үйдөгү малдын терилерин жана жүнүн даярдоо боюнча | 10.11.9 | 5000 | |
4 | Төмөнкүлөрдүн иши: |
| 2500 |
- менчик тегирмендердин, эгин тазалагычтардын | 10.61.2 | ||
- май чыгаруучулардын | 10.41.1 | ||
- күрүч актагычтардын | 10.61.1 | ||
5 | Төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
| 5000 |
- кебез тытуу | 13.99.0 | ||
- жүн тытуу | 10.11.9 | ||
6 | Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо: | 45.20.1 45.20.9 |
|
а) автомобилдерди техникалык тейлөө жана май алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 машиналык орун үчүн (көтөргүч, чуңкур) |
| 3000 | |
б) кузовдорду оңдоо жана транспорт каражаттарын сырдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 10000 | ||
в) дөңгөлөктөрдү балансировкалоону кошкондо шиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 3000 | ||
г) автоэлектр приборлорун жана датчиктерди оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 2000 | ||
д) автомобилдин компьютердик системасын диагноздоо жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 5000 | ||
7 | Деңиз транспортунда (катерлерде, теплоходдордо жана яхталарда) жүргүнчүлөрдү сейилдетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 50.10.0 | 50000 |
8 | Мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү, жайгашкан жерине жараша(1 койка-орун үчүн): | 55.90.0 | 4000 |
а) курорттук зоналардын аймагында 20 койка-орунга чейин; | |||
б) республиканын калган аймагында 10 койка-орунга чейин | |||
9 | 10 столго чейин пайдалануу менен коомдук тамактануу жайларынын кызматтары: |
|
|
а) курорттук зоналардан тышкары убактылуу түйүндөрдү (павильон, контейнер, боз үй, бастырма, чатыр) пайдалануу менен: | 56.10.0 |
| |
- 4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн | 1500 | ||
- 4төн көп отуруучу оруну менен 1 стол (тапчан) үчүн | 2000 | ||
б) курорттук зоналарда жайгашкан жана курорттук сезондо иштеген (4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн) | 56.29.0 | 5000 | |
10 | Эс алуу жана спорт үчүн жаныбарларды жана товарларды прокатка берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, 1 бирдик үчүн: | 77.21.0 |
|
- жылкылар жана башка жаныбарлар | 5000 | ||
- суу мотоциклдери, катамарандар, кайыктар, парашюттар | 25000 | ||
- лыжалар (сноуборддор), роликтер, конькилер, велосипеддер, эс алуу жана спорт үчүн башка товарлар | 5000 | ||
11 | Спорт талааларынын кызмат көрсөтүүлөрү (футбол, баскетбол, волейбол, теннис), 1 талаа үчүн | 93.11.0 | 10000 |
12 | Аттракциондордун иши (1 аттракцион үчүн): | 93.21.0 |
|
а) Бишкек шаарында | 5000 | ||
б) курорттук зоналардын аймагында | 50000 | ||
в) республиканын калган аймактарында | 4000 | ||
13 | Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
а) акы төлөнүүчү стол үстүндөгү оюндар (теннис, шахматтар, нардалар жана башка стол үстүндөгү оюндар) 1 стол/такта үчүн | 93.12.0 | 1000 | |
б) оюн приставкаларынын кызмат көрсөтүүлөрү (1 приставка үчүн) |
| 300 | |
в) компьютердик оюндардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 компьютер үчүн) | 500 | ||
14 | Алмашуу бюролорунун кызмат көрсөтүүлөрү | 66.12.9 | 20000 |
15 | Автотранспорт каражаттарын жууш боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 жуучу орун үчүн) | 45.20.0 | 4000 |
16 | 3кө чейинки отургучту колдонуу менен жеке менчик стоматология кызматтары (1 отургуч үчүн) | 86.23.0 | 10000 |
17 | Сауна кызматтары (кызмат көрсөтүүнүн наркына жараша) | 96.04.0 | 50000 |
18 | Ломбард кызматтары | 64.92 | 20000 |
Эскертүү: Бир объектте ишти жүзөгө ашырууга иштин ушул түрү үчүн каралган бир патентти сатып алуу менен гана жол берилет.
|
| 2-тиркеме |
Жеке эмгек иши үчүн патенттин негизинде салыктын базалык суммасы

1 | Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн иштерди аткарууну кошпогондо, металл жана металлдан жасалган буюмдар менен иштөө боюнча жеке жактарга көрсөтүлүүчү кызматтар: |
|
|
а) ширетүү иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 25.62.0 | 1000 | |
б) токардык буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 25.94.0 | 4000 | |
в) үйдө каңылтырдан төмөнкү буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
| |
- тосмолорду, бастырмаларды, калиткаларды | 25.11.0 | 3000 | |
- дарбазаларды | 25.12.0 | 6000 | |
- буу менен жылытуучу мештерди | 25.21.0 | ||
2 | Ачкычтарды жана кулпуларды жасоо жана оңдоо | 25.72.0 | 500 |
3 | Жасалма гүлдөрдү жана аза гүлчамбарларын жасоо | 32.99.9 | 1000 |
4 | Калктын малын кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 01.62.0 | 1500 |
5 | Жеке издөөчүлөр тарабынан чачынды алтынды казып алуу | 07.29.4 | 3000 |
6 | Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн жумуштарды аткарууну кошпогондо, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери | 43.00.0 | 6000 |
7 | Дизайнердик жасалгалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 74.10.0 | 15000 |
8 | Фотография жаатындагы иш: | 74.20.0 |
|
а) фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу | 3000 | ||
б) фотосүрөттөрдү дароо, тез өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу | 5000 | ||
в) кардарлар тарткан фотосүрөттөрдөн жана негативдерден фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу, басып чыгаруу жана чоңойтуу | 3000 | ||
9 | Котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү (жазуу жүзүндө жана оозеки которуу): |
|
|
- чет тилден которуу | 74.30.0 | 2000 | |
- кыргыз тилинен которуу | |||
- сурдокотормочу | 74.30.0 | 300 | |
10 | Жеке ветеринарлардын кызмат көрсөтүүлөрү | 75.00.0 | 3000 |
11 | Товарларды (жүктөрдү) таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 52.29.0 | 2000 |
12 | Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн иштерди аткарууну кошпогондо, билим берүү чөйрөсүндө өз алдынча жүзөгө ашырылуучу иш: | 85.59.0 |
|
а) чет тилдерге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспортту айдоого, бычууга, тигүүгө жана токууга окутуу | 2000 | ||
б) репетитордук жана тренингдер иретинде сабактарды өткөрүү | 600 | ||
13 | Дарылык укалоо жана ийне терапиясы боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 86.90.0 | 5000 |
14 | I топтогу майыптыгы бар адам тарабынан дарылык укалоо кызмат көрсөтүүлөрү | 86.90.0 | 1000 |
15 | Компьютерлерди жана байланыш жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: | 95.11.0 |
|
а) компьютерлерди, ноутбуктарды, принтерлерди жана башка кеңсе жабдууларын | 5000 | ||
б) телефондорду, уюлдук телефондорду, факстарды, байланыш үчүн модемдерди жана навигаторлорду | 95.12.0 | 4000 | |
16 | Жеке пайдалануу предметтерин жана тиричилик товарларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
а) телевизорлорду, радиоприемниктерди, видеокамераларды, магнитофондорду, CD, DVD оңдоо боюнча | 95.21.0 | 3000 | |
б) кесүүчү шаймандарды оңдоо жана курчутуу боюнча | 95.29.0 | 2000 | |
в) муздаткычтарды, микротолкундуу плиталарды, кир жуучу жана үтүктөөчү машиналарды, кондиционерлерди жана башка тиричилик товарларын оңдоо боюнча | 95.22.0 | 1000 | |
г) бут кийимдерди жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды оңдоо боюнча | 95.23.0 | 1000 | |
д) эмеректи оңдоо жана реставрациялоо боюнча | 95.24.0 | 3000 | |
е) сааттарды жана зер буюмдарын оңдоо боюнча | 95.25.0 | 1000 | |
ж) жеке пайдалануудагы башка предметтерди (велосипед, кийим, аң-тери, тигилген, токулган жана галантереялык буюмдар, китептер, музыкалык аспаптар, оюнчуктар) оңдоо боюнча | 95.29.0 | 1500 | |
17 | Жеке тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү: | 96.09.0 |
|
а) акы төлөнүүчү дааратканалардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 орун үчүн) | 200 | ||
б) кол араба менен жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 150 | ||
в) базарларда жана эл көп топтолгон башка жерлерде радио аркылуу жарыялоолорду берүү кызмат көрсөтүүлөрү | 1000 | ||
г) телевизиондук антенналарды, видео байкоолорду орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 800 | ||
18 | Гувернанттардын, бала багуучулардын, багбанчылардын жана үй кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү | 97.00.0 | 500 |
19 | Укук жаатындагы иш | 69.10 | 10000 |
20 | Шайлоо кампанияларын жүргүзүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин атынан чыгуучу байкоочулар, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар катары иштерди аткаруучу жеке жактардын кызмат көрсөтүүлөрү | 94.92.0 | 700 |
21 | Кыргыз Республикасынын жарандары жалдаган, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттарынын кызмат көрсөтүүлөрү: |
|
|
а) өсүмдүк өстүрүү жаатында | 01.61.9 | 800 | |
б) курулуш жаатында | 43.99.9 | ||
в) мал чарба жаатында | 01.62.0 | ||
г) жеке тейлөө боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр | 96.09.0 | ||
22 | Курьердик кызмат көрсөтүүлөрү | 53.20.0 | 1000 |
23 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 8 жана 13-бөлүктөрүндө, ошондой эле 459-беренесинде көрсөтүлгөн субъектте иштеген жалданма кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрү | 96.09.0 | 700 |
24 | Саны 25 балага чейинки турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, мугалим) жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүүчү жеке жактардын иши | 96.09.0 | 600 |
25 | Салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр (музыканттар, тамадалар, бий жана актердук топтор жана башка сценалык өнөр көрсөтүүлөр) | 90.01.0 | 4000 |
26 | Кызмат көрсөтүүлөр: |
| 1500 |
- үн жазуу | 59.20.0 | ||
- видео тартуу | 59.11.0 | ||
27 | Үйдө иш жүргүзгөн тигүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 96.09.0 | 700 |
28 | Визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр адистеринин кызмат көрсөтүүлөрү | 96.02.0 | 2000 |
29 | Жерде жүрүүчү транспорттун иши: |
|
|
а) 18 адамга чейин отуруучу орундугу бар микроавтобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 2000 | |
б) 33 адамга чейин отуруучу орундугу бар автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 3000 | |
в) 33 адамдан жогору отуруучу орундугу бар автобуста жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 4000 | |
г) жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (таксинин кызмат көрсөтүүлөрү) | 49.32.0 | 1000 | |
д) транспорт каражаттарында салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.39.0 | 4000 | |
е) автотранспорт каражатын ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 автомашина үчүн) | 77.11.0 | 2000 | |
ж) жүк көтөрүмдүүлүгү 1 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 2000 | |
з) жүк көтөрүмдүүлүгү 1ден 8 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 4000 | |
и) жүк көтөрүмдүүлүгү 8ден 15 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 6000 | |
к) жүк көтөрүмдүүлүгү 15тен 25 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 5000 | |
л) жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан жогору транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 6000 | |
м) айыл чарба техникасынын (трактордун, комбайндын жана башка айыл чарба техникаларынын) кызмат көрсөтүүлөрү | 01.61.9 | 2000 | |
н) башка атайын техниканын (эвакуатор, ассенизатор) кызмат көрсөтүүлөрү | 49.41.0 | 6000 | |
30 | Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: | 68.20.0 |
|
1) батир үчүн турак жай аянты (1 чарчы метр үчүн): |
| ||
а) көп батирлүү үйлөрдө | 30 | ||
б) жеке турак үйлөрдө | 40 |
Эскертүү: Жеке эмгек иши - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жеке адамдын өз алдынча жана жалданма эмгекти тартуу укугусуз жүзөгө ашырылуучу иши.".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 499
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128, 178, 315-беренелерин, 345-беренесинин 1-бөлүгүн, 416-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу жана патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу, жеке ишкерлерди тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)