Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-марты № 16
2024-жылдын 28-апрелине дайындалган № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Баткен жана Кара-Суу округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө
"№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 60 Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Баткен жана Кара-Суу округдук шайлоо комиссияларынын курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-мартындагы № 16 токтомуна тиркеме |
Баткен округдук шайлоо комиссиясынын КУРАМЫ
Дареги: Баткен ш., Т.Садыков көч. 1, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Тел.: (03622) 50703
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Статус |
1 | Айтбаев Бахабидин Ташполотович | төрага |
2 | Жоробаева Сайдагул Манасовна | катчы |
3 | Маркаев Манасбек Аззамович | мүчө |
4 | Оболова Мария Гайыповна | мүчө |
5 | Эркебаев Осмон Мажитович | мүчө |
6 | Гапарова Дилбархан Бекбутаевна | мүчө |
7 | Орозалиев Кенжебай Артыкбаевич | мүчө |
8 | Жапарова Мееринса Абытовна | мүчө |
9 | Гапаров Марат Мамазаитович | мүчө |
10 | Саттарова Гулбара Ташбеловна | мүчө |
11 | Камбаров Акынбек Осконович | мүчө |
12 | Маккамбаев Мунарбек Абдималикович | мүчө |
13 | Жороева Чынар Жанабидиновна | мүчө |
14 | Адилов АнарбекТашполотович | мүчө |
15 | Омурзаков Тилек Рахманалиевич | мүчө |
Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын КУРАМЫ
Дареги: Кара-Суу ш., Ж.Аматов көч. 2, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Тел.: 03232 50880
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Статус |
1 | Кимсанов Каныбек | төрага |
2 | Молдожанова Жовар Абдиллажановна | катчы |
3 | Султанов Назарбек Токторович | мүчө |
4 | Мойдунов Талипжан Келдибаевич | мүчө |
5 | Карабаев Туголбай Аипович | мүчө |
6 | Айдаров Мансур Каниметович | мүчө |
7 | Абдраимова Элнура Тайировна | мүчө |
8 | Раева Ыквал Абдуразаковна | мүчө |
9 | Акимбаев Сатинбек Саинович | мүчө |
10 | Кадыров Канат Табакалович | мүчө |
11 | Таев Алмазбек Эрмакович | мүчө |
12 | Мамашев Мухамедали Абдулкасымович | мүчө |
13 | Абдилла кызы Арууке | мүчө |
14 | Абжапаров Замирбек Сабырбекович | мүчө |