Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-декабры №176

Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу" Жобону бекитүү жөнүндө

(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 24-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу" Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомду кабыл алганга чейин шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизилген адамдар шайлоо комиссияларынын мурда түзүлгөн резервинин мөөнөтү аяктаганга чейин резервде калаары белгиленсин.

3. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 24-мартындагы "Шайлоо комиссияларын түзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" № 27 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 18-июлундагы "Шайлоо комиссияларын түзүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" № 148 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" № 7 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" № 68 токтому;

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" № 375 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым укуктук ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" № 139 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-августундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө" Жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу" № 363 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларды түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө" Жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу" № 33 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" № 48 токтому.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шайлдабекова