Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-марты № 22
2024-жылдын 28-апрелине дайындалган № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Ош округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
"№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 77 Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Ош округдук шайлоо комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 14-мартындагы № 22 токтомуна тиркеме |
Ош округдук шайлоо комиссиясынын КУРАМЫ
Дареги: Ош ш., Ленин көч. 221, Ош шаардык мэриясынын имараты.
Тел./факс 5-53-44
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Статус |
1 | Бердибекова Кулийпа Турдибековна | төрага |
2 | Жабаркулова Нигора Нематжановна | катчы |
3 | Карыбеков Бактыбек Ыбышович | мүчө |
4 | Ысмайылова Зуура Абжапаровна | мүчө |
5 | Баймуратов Нургазы Исмаилович | мүчө |
6 | Мизанов Нурсултан Идрисович | мүчө |
7 | Ашимов Кутман Нурланбекович | мүчө |
8 | Раимова Нуржамал Сайпидиновна | мүчө |
9 | Примкулов Таалайбек Сыргабаевич | мүчө |
10 | Мурзакулова Чолпон Алимжановна | мүчө |
11 | Дуйшобаева Асел Абдибековна | мүчө |
12 | Абдымомунова Эльнура Курманбековна | мүчө |