Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-августу № 533
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 «Нотариалдык иш маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Нотариалдык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 «Нотариалдык иш маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартибинде:
– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 9, 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Кеңсе, бюро нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн ылайыкташтырылган, максаты өзгөртүлгөн турак жайдын жана турак эмес жайлардын категориясына кирген имаратта же жайда жайгаштырылууга, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына, санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келүүгө тийиш.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдарды нотариустун кабыл алуусу үчүн талаптагыдай шарттарды камсыз кылуу максатында нотариалдык кеңсенин же бюронун жайы:
– нотариуска кайрылуу үчүн адамдар эркин кире турган имаратта болууга тийиш;
– табигый жана жасалма жарык берилүүгө, жылытылууга, санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келүүгө, өрт өчүрүү каражаттары менен жабдылууга тийиш.
Өрт жана электр коопсуздугунун талаптарын, ошондой эле санитардык ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик нотариуска жүктөлөт.
10. Нотариалдык конторадагы же бюродогу кабинеттердин жана башка жайлардын саны, алардын функциялык багыты, жайгашуусу жана өлчөмү төмөнкү факторлорду эске алуу менен нотариус тарабынан өз алдынча аныкталат:
1) нотариус тарабынан кабыл алуу жүргүзүлгөн кабинет нотариалдык конторанын башка жайларынан обочолонтулууга жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун жашырындуулугун сактоону камсыз кылууга тийиш;
2) нотариустун жардамчылары өзүнчө жабдылган жумуш орундары менен камсыз болууга тийиш;
3) келүүчүлөр үчүн кабыл алуу бөлмөсүнүн, архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн жайлардын болушу;
4) нотариустун кабинети жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдар үчүн нотариустун кабыл алуусун күтүү үчүн жай жана эмерек, оргтехника, аты жазылган мөөрдү, штамптарды сактоо үчүн сейф, нотариалдык документтерди сактоо үчүн бекитилүүчү металл шкафтар менен жабдылууга тийиш.»;
– 12-пунктта:
«турак жайга,» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Нотариус нотариалдык округдун аймагындагы максаты өзгөртүлгөн турак жайда же турак эмес имаратта (жайда) жайгашкан нотариалдык конторанын иштешин камсыз кылууга милдеттүү.»;
– 13, 14, 17, 18-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 15, 16-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Кеңсе, бюро жалпы болуу үчүн жерди (коридор, фойе), эгерде ыңгайлуу кыймыл жана күтүү үчүн орун каралган болсо, жарандарды жана юридикалык жактарды кабыл алуу бөлмөсү катары колдоно алат.
16. Архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн өзүнчө жай жок болгондо архивдик нотариалдык документтерди кулпуланган металл шкафтарда же ящиктерде сактоого жол берилет.»;
– 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22. Кеңсени, бюрону каттоо ушул талаптарга ылайык келген учурда нотариустун (нотариустардын) арызы боюнча 14 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан жүргүзүлөт, ал эми талаптарга ылайык келбеген учурда каттоодон жүйөлүү баш тартуу чыгарылат.»;
– 26, 27-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«26. Кеңсени жана бюрону каттоого арыз төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) нотариустун байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтанын дареги);
3) нотариустун инсандыгын ырастоочу документтин реквизиттери;
4) лицензиянын реквизиттери;
5) нотариалдык округдун аталышы;
6) кеңсенин же бюронун дареги.
27. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) лицензиянын көчүрмөсү;
2) тиешелүү органдардын жана кызматтардын кеңсенин же бюронун санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына ылайык келүү актылары же корутундулары;
3) менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдугу же тиешелүү мүлктүк жалдоо келишиминин көчүрмөсү же башка келишим. Менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдугунун формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат;
4) жайдын сүрөтү;
5) кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишим;
6) бюрону түзүү жөнүндө нотариустардын ырасталган келишими.»;
– 39-пункттун 1-пунктчасы «бир айдын ичинде» деген сөздөрдөн кийин «жүйөлүү себептерсиз» деген сөздөр менен толукталсын;
– 40-пункттун 1-пунктчасы «бир айдын ичинде» деген сөздөрдөн кийин «жүйөлүү себептерсиз» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |