Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 103
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 39 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бул токтому Бишкек шаарынын Административдик сотуна даттанылган.
Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2024-жылдын 20-майындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 39 токтому Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынганы белгиленген жана күчүндө калтырылган.
Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2024-жылдын 4-июлундагы чечими менен жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2024-жылдын 20-майындагы чечимин кайра кароо жөнүндө А.К.Мадумаровдун арызын канааттандыруудан баш тартылган.
Бишкек шаарынын Административдик сотунун расмий маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн чечимдер мыйзамда белгиленген мөөнөттө апелляциялык тартипте даттанылган эмес.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердиев Аккулу Тагаевич "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
2. Бердиев Аккулу Тагаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
3. Бердиев Аккулу Тагаевичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |