Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 27-августу ПТ № 192
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктта "жана дипломатиялык кызмат органдарынын" деген сөздөр ", дипломатиялык кызмат органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына (мындан ары - номенклатура) кирген бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо Президенттин Администрациясына мыйзамдарда белгиленген тартипте келип түшкөн сунуштардын (мындан ары - сунуш) негизинде жүзөгө ашырылат.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Атайын текшерүү жана маектешүү төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:
- мамлекеттик органдын, уюмдун, мекеменин, ишкананын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайрадан дайындалган адамдарга;
- жаңы мөөнөткө дайындалган адамдарга;
- номенклатура кирген кызмат орундарын ээлеген адамдарга.
Маектешүү төмөнкү адамдарга карата жүргүзүлбөйт:
- негизги кызматкер убактылуу болбогон мезгилде (бала багуу боюнча өргүү, окуу) дайындоо үчүн талапкер болгон;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилеринин жана жардамчыларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын, Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчисинин, Президенттин басма сөз-катчысынын, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысынын, Президенттин Администрациясынын башкы экспертинин, мамлекеттик инспекторунун, инспекторунун, экспертинин кызмат орундарына талапкер болгон.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
14-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз.".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |