Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 516
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу боюнча илимий секциялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн илимий жактан камсыз кылуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын илимий уюмдары менен мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 110 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгынын 1, 3-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу боюнча илимий секциялар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги илимий секциялардын иштөөсүн ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобого ылайык камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |