Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-сентябры ПТ № 199
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү максатында, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети:
- бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү убактысы жана орду, кезектеги III Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатын бөлүштүрүү боюнча сунуштарды берсин;
- кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө убактылуу жобонун долбоорун иштеп чыксын;
- кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү регламентинин долбоорун иштеп чыксын жана Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизсин;
- кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттерди белгиленген тартипте тартсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Кадыралиев Азамат Сактанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Абдылдаев Мыктыбек Юсупович | - | Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Абыкеев Чолпонбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси; |
Укушов Мурат Каниметович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; |
Осмонов Азамат Кыргызбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; |
Туманбаев Каныбек Тургунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; |
Узакбаев Болотбек Узакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Ибраимов Азат Эмильбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы |
Токсонбаев Бактыбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, уюштуруу комитетинин катчысы; |
Кулубаев Жээнбек Молдоканович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Баетов Аяз Батыркулович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Полотова Жылдыз Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; |
Кутнаева Нурия Асылбековна | - | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Арабаев Чолпонкул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Текебаев Тилек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джумаев Эрмат Джумаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джумагазиев Канат Сагынович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Далиев Уланбек Эшенович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Жетигенов Бакытбек Жеңишович | - | Ош шаарынын мэри. |