Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПТ № 199 тескемесине) |
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары - убактылуу жобо) Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) иш тартибин жөнгө салат.
2. Уюштуруу комитети Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоонун тартибин аныктоочу консультативдик координациялык орган болуп саналат.
2. Максаттары жана милдеттери
3. Уюштуруу комитети өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук актылардын жана ушул убактылуу жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
4. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү жыйналышка катышса, анда ал ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
5. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары зарылчылыгына жараша өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
6. Уюштуруу комитетинин чечимдери зарылчылыгына жараша сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
7. Уюштуруу комитетинин жыйналышынын форматы видео-конференц-байланышты өткөрүүгө жол берет.
8. Уюштуруу комитетинин чечимдери мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3. Уюштуруу комитетинин иши
9. Уюштуруу комитетинин жыйналыштарын төрага жетектейт. Төрага жок учурда анын милдеттерин аткаруу төраганын орун басарына жүктөлөт.
10. Уюштуруу комитети:
- Элдик Курултайды өткөрүү боюнча ишти уюштурат;
- Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялайт;
- бекитилген квотага ылайык эмгек мигранттарынын өкүлчүлүгүнүн региондук, тармактык принциптеринин, этностук, гендердик жана курактык таандыктыгынын сакталышын камсыз кылат.
4. Милдеттери жана укуктары
11. Уюштуруу комитети:
- Уюштуруу комитети зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды ишке тартат;
- Кезектеги III Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен этностук таандыктыгына ылайык жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен делегаттарды шайлоо жөнүндө нускамаларды бекитет;
- Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча иш-чаралар планын жана календардык планды бекитет;
- Элдик Курултайга делегаттарды тандоо боюнча жалпы жыйналыштын протоколунун, анкетасынын, кайрылуусунун ж.б. тиешелүү документтердин үлгүлөрүн бекитет;
- Элдик Курултайдын алгачкы ишин уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитет;
- Элдик Курултайдын жарыш сөзгө чыгуучуларынын квотасын аныктайт, эсептөө комиссиясынын жана Улуттук кеңештин өкүлдөрүнүн алдын ала уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- Элдик Курултайды өткөрүүгө байланышкан башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
4. Корутунду жоболор
12. Элдик Курултайдын Улуттук кеңеши түзүлгөн учурдан тартып Уюштуруу комитети өз ишин жыйынтыктайт.