Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтому менен бекитилди) |
Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди
жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү
талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин
шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча
органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо (ырастоо) жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү тартибин аныктайт.
2. Шайкештикти баалоо боюнча органдарга шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилет:
1) Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары жана үчүнчү өлкө тарабынан дагы алынган милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу (мындан ары - шайкештикти баалоо натыйжаларын өз ара таануу) боюнча;
2) техникалык регламенттердин талаптарына.
3. Ыйгарым укуктарды алууга талапкер шайкештикти баалоо боюнча орган төмөнкүлөргө ээ болушу керек:
1) жайгашкан жери жана баалоо боюнча ишти (шайкештикти ырастоо) Кыргыз Республикасында жүзөгө ашыруу менен юридикалык жактын статусуна;
2) ыйгарым укуктарды берүү жаатында чектеш багыт боюнча же техникалык тоскоолдуктар жоюлуп жаткан продукцияны аккредитациялоо жаатында аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатына;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жоопкерчиликке жана ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарында белгиленген критерийлерге ылайык келүүгө тийиш.
4. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо түзөт.
Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - ыйгарым укуктарды берүүчү орган) тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Техникалык регламенттердин талаптарына
жана/же техникалык жөнгө салуу объекттеринин милдеттүү
талаптарга шайкештигин баалоонун натыйжаларын өз ара
таануу иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүүгө
талапкер шайкештикти баалоо боюнча органдарга талаптар
5. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоонун натыйжаларын өз ара таануу боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүүгө талапкер сертификаттоо боюнча орган төмөнкүлөргө ээ болушу керек:
1) жайгашкан жери жана шайкештикти баалоо боюнча ишти Кыргыз Республикасында жүзөгө ашыруу- менен юридикалык жак катары шайкештикти баалоо боюнча органдын каттоосуна;
2) 2 жылдан кем эмес колдонуудагы аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатына жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилиши керек;
3) аккредитация жаатында техникалык тоскоолдуктар жоюлган продукцияга (өз ара таанууга ыйгарым укуктар берилгенде) же техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү тармагы менен чектеш багыт боюнча продукцияга;
4) аккредитациялоо боюнча орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) алкагында техникалык тоскоолдуктар жоюлган Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга алып келген бузуулардын жоктугу, ошондой эле продукциянын шайкештигин ырастоо жол-жоболорунун бузууларынын жоктугу;
5) шайкештикти баалоо боюнча органда техникалык тоскоолдуктар жоюлган продукцияга изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуучу сыноо базасына же курамына шайкештикти баалоо боюнча орган кирген юридикалык жактын курамындагы сыноо лабораториясында техникалык тоскоолдуктар жоюлган продукцияга изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуучу сыноо базасына;
6) сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилген жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган сертификаттоо боюнча бир органда эмгек келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашырган аккредитациялоо жаатына ылайык иштин ар бир багыты боюнча шайкештикти ырастоо жаатындагы сертификаттоо боюнча органдын штатында сертификаттоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго);
7) көз карандысыздык жана калыстык, сертификаттоого талапкерлер менен түз жана кыйыр байланышы болбошу керек;
8) ыйгарым укуктарды берүү тармагында ишти жүзөгө ашыруу боюнча документтештирилген техникалык жол-жоболорго, менеджмент системасынын документтери жана ага байланыштуу эрежелер жана жол-жоболорго;
9) ишти жүзөгө ашыруу үчүн иш жайларга;
10) коммерциялык жана кесиптик сырлардын купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча жол-жоболорго.
6. Техникалык регламенттердин талаптарына сыноолорду/өлчөөлөрдү/изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берүүгө талаптанган сыноо лабораториялар төмөнкүлөргө ээ болушу керек:
1) жайгашкан жери жана шайкештикти баалоо боюнча ишти Кыргыз Республикасында жүзөгө ашыруу менен юридикалык жак катары сыноо лабораториясынын каттоосу;
2) 2 жылдан кем эмес колдонуудагы аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатына жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилүүсү;
3) техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү жаатына чектеш багыт боюнча аккредитациялоо жаатындагы продукцияга;
4) аккредитациялоо боюнча орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде техникалык тоскоолдуктар жоюлган продукциянын Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген продукцияны Бирликтин алкагында жүгүртүүгө чыгарууга алып келген бузуулардын жоктугу, ошондой эле колдонулган сыноо методикаларын бузуулардын жоктугу;
5) ыйгарым укуктар берилүүчү иш жаатындагы өлчөөлөрдү туура жүргүзүү үчүн зарыл болгон ишенимдүү жана (же) калибрленген сыноо жана өлчөө жабдууларына, өлчөө каражаттарына жана приборлоруна;
6) техникалык компетенттүүлүк жана сыноолордун натыйжаларына кызыкдар тараптардан көз карандысыздык, кызматтар көрсөтүлүп жаткан өтүнмө ээлери менен түз жана кыйыр байланыштарга ээ болбоого;
7) штатта ыйгарым укуктарды берүү жаатында жогорку техникалык билими бар, туруктуу негизде иштеген экиден кем эмес сыноолорду өткөргөн кызматкерлерге;
8) ыйгарым укуктарды берүүчү тармакта иш жүргүзүү боюнча документтештирилген техникалык жол-жоболорго, менеджмент системасынын документтерине жана ага байланыштуу жол-жоболорго.
3-глава. Техникалык регламенттердин талаптарына
иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү
талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин
шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча
органдарга ыйгарым укуктарды берүү жол-жоболору
7. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо боюнча жана/же техникалык жөнгө салуу объекттеринин милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоонун натыйжаларын өз ара таануу боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук берүүгө талапкер шайкештикти баалоо боюнча орган ыйгарым укук берүүчү органга тиешелүү документтерди берет (кагаз же электрондук түрдө):
1) сертификаттоо боюнча органга:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмөнү жана ушул Жобонун 5-пунктунун аткарылышын ырастаган документтерди;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;
- уюмдун уюмдаштыруучу документтеринин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;
- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан сертификаттоо боюнча органга берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн жана бекитилген аккредитациялоо тармагын;
- техникалык тоскоолдуктар жоюлган продукцияга изилдөөлөр (сыноолор) жана өлчөөлөр жүргүзүлө турган сыноо лабораторияларын аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн жана бекитилген аккредитациялоо тармагын;
- ыйгарым укуктар берилүүчү аккредитациялоо тармагына ылайык иштин ар бир багыты боюнча шайкештикти ырастоо жаатында сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун сертификаттоо боюнча эксперттеринин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестринен көчүрмөнү;
2) сыноо лабораториясы үчүн:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмөнү жана ушул Жобонун 6-пунктунун аткарылышын ырастаган документтерди;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтарды;
- уюмдун уюмдаштыруучу документтеринин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;
- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан сыноо лабораторияларына берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн жана аккредитациялоонун бекитилген тармагын;
- ыйгарым укуктар берилүүчү тармактагы базалык билимин ырастаган дипломдорунун көчүрмөлөрү менен лабораториянын адистери жөнүндө маалыматты жана алардын жумушка орношконун ырастаган документтерди;
- ыйгарым укуктар берилүүчү жаатында сыноо жана өлчөө жабдуулары, текшерүү/калибровкалоо жөнүндө күбөлүктөрү менен (зарыл болсо) өлчөө каражаттары менен жабдылгандыгы жөнүндө маалыматты;
- өндүрүш жайларынын абалы жөнүндө маалыматты.
8. Шайкештикти баалоо боюнча органга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктарды берүүчү орган тарабынан эксперттик комиссия түзүлөт.
Эксперттик комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
9. Эксперттик комиссиянын курамына ыйгарым укуктарды берүүчү органдын, аккредитациялоо боюнча улуттук органдын, стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын өкүлдөрү, иштин билдирилген тармагындагы эксперттер киргизилет. Эксперттик комиссиянын төрагасы ыйгарым укуктарды берүүчү органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалат.
10. Эксперттик комиссиянын төрагасы эксперттик комиссиянын ишин жетектейт, эксперттик комиссиянын жыйналыштарын уюштурат жана өткөрөт.
11. Эксперттик комиссия:
1) шайкештикти баалоо боюнча органдардын документтеринин ушул Жобонун 5 же 6-пункттарынын талаптарына шайкештигине экспертиза жүргүзөт (шайкештикти баалоо боюнча органдын түрүнө жараша);
2) ыйгарым укуктарды берүү тармагын аккредитациялоо боюнча улуттук орган менен макулдашат;
3) шайкештикти баалоо боюнча органдын өндүрүштүк жайларынын абалын жана тиешелүү шарттарын, ошондой эле техникалык жабдылышын жана персоналынын квалификациясын түздөн-түз жеринде баалайт (мындан ары - жеринде баалоо).
12. Документтерди экспертизалоонун мөөнөтү эксперттик комиссия дайындаган күндөн тартып 7 жумуш күндөн ашпайт.
Документтерди экспертизалоонун натыйжалары терс болгон учурда, эксперттик комиссия шайкештикти баалоо боюнча органга эксперттик корутундуну (кагаз же электрондук түрдө) жеткире иштеп чыгууга жиберет.
Документтерди экспертизалоонун натыйжалары терс деп таанылган критерийлерге төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктарды берүүгө өтүнмөнү туура эмес тариздөө жана ушул Жобонун 5 же 6-пункттарынын аткарылышын ырастоочу документтердин толук көлөмдө жоктугу/берилбегендиги (шайкештикти баалоо боюнча органдын түрүнө жараша);
2) шайкештикти баалоо боюнча органдын ушул Жобонун 5 же 6-пункттарынын талаптарына ылайык келбеши (шайкештикти баалоо боюнча органдын түрүнө жараша).
Шайкештикти баалоо боюнча орган жеткире иштелип чыккан документтерди эксперттик корутундуну алган күндөн тартып 7 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кайрадан экспертизалоого берет.
Жеткире иштелип чыккан документтердин экспертизасы 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
Кайталап терс корутунду болгон учурда, ыйгарым укуктарды берүүчү орган ыйгарым укук берүүдөн баш тартуунун себептерин негиздөө менен жиберет.
13. Экспертизанын натыйжалары оң болгондо, эксперттик комиссия жеринде баалоо жүргүзүү күнүн белгилейт.
14. Шайкештикти баалоо боюнча органдын документтерге экспертиза жүргүзүүсүнүн жана жеринде баалоосунун жыйынтыктары боюнча эксперттик комиссия жалпы корутундуну (кагаз же электрондук түрдө) ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча тариздейт жана ыйгарым укукту алууга талапкер шайкештикти баалоо боюнча органга берет.
15. Эксперттик комиссиянын жалпы оң корутундусу болгон учурда, ыйгарым укуктарды берүүчү орган техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо боюнча органга ыйгарым укуктарды берүү жана/же техникалык жөнгө салуу объекттеринин милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоонун натыйжаларын өз ара таануу жөнүндө буйрук чыгарат (мындан ары - ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйрук).
16. Эксперттик комиссия тарабынан терс жалпы корутунду чыгарылган учурда, ыйгарым укуктарды берүүчү орган ыйгарым укук берүүгө талапкер шайкештикти баалоо боюнча органга жалпы корутунду чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктарды берүүдөн баш тартуунун толук негиздемеси менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
17. Ыйгарым укуктарды берүүчү орган шайкештикти баалоо боюнча органга иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн техникалык регламенттердин талаптарына жана/же техникалык жөнгө салуу объекттеринин милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоонун натыйжаларын өз ара таанууга (мындан ары - шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган) ага кол коюлган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө жиберет.
4-глава. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым
укуктуу органдар жөнүндө кабарлоо
18. Ыйгарым укуктарды берүүчү орган шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жарыялайт.
5-глава. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым
укуктуу органдын билдирилген
тармакта ишин токтотуу
19. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын билдирилген тармакта ишин токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) ыйгарым укуктарды берүүчү органга тийиштүү өтүнмөнү берүүдө;
2) аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан аккредитациялоо аттестатын чакыртып алууда.
20. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын билдирилген тармакта ишин токтотуу үчүн ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйрукту жокко чыгарат.
21. Мында ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйрукту жокко чыгаргандыгы тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө өзүнүн чечими жөнүндө шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө билдирет.
22. Буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктарды берүүчү орган жалпыга маалымдоо каражаттарына жана өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.
| Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма ӨТҮНМӨ _________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, дареги, тел., факс) шайкештикти баалоо боюнча органга ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктарды берүүнү өтүнөт _________________________________________________________________ (иштин тармагынын аталышы) Тиркеме: Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобого ылайык ыйгарым укуктарды берүү үчүн берилген документтердин комплекти.
М.О. |
| Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма | Макулдашылды Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктарды алууга талапкер органдын жетекчиси
______________________ 20___-ж. "___" _________________ |
Ыйгарым укуктарды берүү тармагы
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
(шайкештикти баалоо боюнча органдын аталышы)
№ | Продукциянын түрүнүн аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН | Продукциянын конкреттүү көрсөткүчтөрү (мүнөздөмөсү) | Техникалык регламенттен белгилер жана пункттар | Техникалык регламенттин же сыноо методдорун белгилөөчү стандартташтыруу боюнча документтерди белгилөө |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Жетекчи М.О. | ______________________________ (кол тамгасы) | ______________________________ (аты-жөнү) |
| Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма | Макулдашылды Шайкештикти баалоо боюнча органга ыйгарым укук берүүгө талапкер жетекчи
______________________ 20___-ж. "___" _________________ |
Ыйгарым укуктарды берүү тармагы
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
(шайкештикти баалоо боюнча органдын аталышы)
№ | Продукциянын аталышы | Изилдөөлөрдүн , сыноолордун, өлчөөлөрдүн түрлөрүнүн аталышы | Изилдөө, сыноо, өлчөө методдоруна документтерди/нускамаларды белгилөө | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Жетекчи М.О. | ______________________________ (кол тамгасы) | ______________________________ (аты-жөнү) |
| Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө 4-тиркеме |
Форма
Эксперттик комиссиянын КОРУТУНДУСУ ______________________________________________________________________________, (юридикалык жактын аталышы)
жүргүзүү укугун талап кылууда ____________________________________________________, (иштин түрү (түрлөрү)) документтерди экспертизалоонун жана өндүрүштүк жайлардын абалын жана тиешелүү шарттарды, ошондой эле техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо боюнча органдын техникалык жабдылышын жана персоналынын квалификациясын жеринде түздөн-түз баалоонун негизинде төмөнкүдөй корутунду кабыл алынды: _________________ _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________
|
Төрага: | ________________________ (кол тамгасы) | ____________________ (аты-жөнү) |
Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү | ________________________ (кол тамгасы) | ____________________ (аты-жөнү) |
| Датасы 20___-ж. "___" ______________ | |