Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 27-августу № 76-чуа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы №41-чуа “КР КЧ 30-02:2020 “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Социалдык маанилүү долбоорлорду талкуулоо процессине жарандарды тартуу, коомдук пикирди аныктоо, ошондой эле архитектуралык-шаар куруу ишин жөнгө салуу аркылуу Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы №41-чуа буйругу менен бекитилген КР КЧ 30-02:2020 “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) “Ушул Курулуш ченемдеринде колдонуучу негизги түшүнүктөр” деп аталган 2-бөлүм төмөнкү мазмундагы 2.30. пункту менен толукталсын:
“2.30. имараттардын жана курулмалардын конфигурациясы:
“Сейсмикалык таасирлерде анын ишине таасир этиши мүмкүн болгон имараттын же курулманын планында жана бийиктиги боюнча сырткы түзүлүшү, ошондой эле көтөрүүчү жана көтөрбөөчү элементтердин өз ара жайгашуусу”.
2) “Жөнгө салуу предмети жана колдонуу чөйрөсү” деп аталган 4-бөлүмүнүн 4.14 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“4.14 Долбоорлонуучу шаар түзбөгөн объекттин функциялык арналышын жана конфигурациясын кабаттуулугун жогорулатуу же төмөндөтүү менен (3 кабатка чейин), курулуштун жыштыгынын ченемдик көрсөткүчүн сактоо шартында, бекитилген пландоо түзүмү жана курулуштун көлөмдүк-мейкиндик уюму менен байланыштырууда, жер пайдаланууну эске алуу менен архитектура жана шаар куруунун аймактык органы менен макулдашылат жана бекитилет”.
3) 1-тиркеменин 7-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“7. Деталдуу пландоо долбоору (ДПД) жок болгон учурда курулуш долбоору Башкы пландын негизинде иштелип чыгат, кызыкдар адамдарга тааныштыруу жана сунуштарды киргизүү үчүн аймактык архитектура жана шаар куруу органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайттарына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоо өткөрүлөт жана Шаар куруу кеңешинде каралат. Курулуш долбоору аймактык архитектура жана шаар куруу органдары менен макулдашылат жана бекитилет”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү маалымат үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2024-жылдын 28-августунда https://gosstroy.gov.kg/index.php/ru/document/115/show расмий сайтында жарыяланды
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Директор | Н.К. Орунтаев |