ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2325-VII «Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна А.Т.Сыргабаевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 4-сентябры № 2325-VII

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна А.Т.Сыргабаевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 183 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна Сыргабаев Абсаттар Токтогуловичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

                Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев