Загрузка документа…
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 24/IV токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-июну № 102/XXIV
Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
“Аталык групп” жабык акционердик коомунун 2023-жылдын 14-июнундагы № 67 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-беренесинин 2-п.,18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Убактылуу жобосунун 14 пунктуна ылайык, Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Покровка айыл аймагынын № 2 контурдагы жалпы аянты 3,1 га “Полигон” участкасында жайыт жерлер категориясынан асыл тукум канаттуулар фабрикасы - айыл чарба объектисин курууга багытын которууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И. Турдиев |