Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-августу № 532
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын түрдүү, толук жана туура тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, мектеп тамак-ашынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2025-жылга жана кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти түзүүдө жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле турмуштук оор кырдаалдагы окуучулардын тамактануусун колдоого каражаттарды мүмкүнчүлүккө жараша карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) 2025-жылдын аягына чейин жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш блокторунун коомдук тамактануу жаатында кесиптик билими жок кызматкерлерин сертификациялоону жүргүзсүн;
2) жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин мектеп тамак-ашын уюштуруу маселелери боюнча квалификациясын системалуу негизде жогорулатып турсун;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 "Социалдык чөйрөдө тамактануу ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 67 (3621) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |