ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 «Социалдык чөйрөдө тамактануу ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

   

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 30-январы № 37

Социалдык чөйрөдө тамактануу ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринин тамактануу ченемдерин этап-этабы менен жогорулатуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

1) 2-пунктта "60" деген цифралар "90" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) 2-1-пунктта "30" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;

3) 4-пунктта "110" деген цифралар "165" деген цифраларга алмаштырылсын;

4) 5-пунктта "110" деген цифралар "213" деген цифраларга алмаштырылсын;

5) 7-пунктта:

- "50" деген цифралар "100" деген цифраларга алмаштырылсын;

- "110" деген цифралар "160" деген цифраларга алмаштырылсын;

6) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

8

Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы үчүн

213

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи үчүн

489

";

7) 9-пунктта "18" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;

8) 10-пунктта "83", "55" деген цифралар "150", "120" деген цифраларга алмаштырылсын;

9) 11-пунктта "68", "90", "109", "83", "250", "210," "120", "145" деген цифралар "150", "150", "300", "150", "489", "250," "160", "185" деген цифраларга алмаштырылсын;

10) 14-пункттун бүткүл тексти боюнча "200" деген цифралар "220" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жободо:

- 6-пунктта "7" деген цифра "14" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 7-пунктта "10" деген цифралар "14" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 8-пунктта "7" деген цифра "14" деген цифраларга алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу" 26653 ведомстволук классификациясы боюнча социалдык чөйрөдөгү мекемелердин тамактануу ченемдерин жогорулатууга каралган бюджеттик ассигнованиелерден тиешелүү каражаттарды бөлүп берсин.

4. Министрликтер жана ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-февралындагы № 9 (3562) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров