Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жалпы билим берүү уюмдары) 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу тартибин, ошондой эле окуучулардын тамактануусун уюштурууга карата негизги максаттарды, милдеттерди жана талаптарды, тамак-аш азыктарын жеткирүү тартибин, тамак-аш азыктарын сактоо шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктайт, сарамжалдуу, балансталган жана пайдалуу тамактануу принциптерине негизделген тамактануунун курактык ченемдерин, ошондой эле окуучулардын тамактануусун уюштурууга катышкан адамдардын жоопкерчилигин белгилейт.
3. Ысык тамак берүү жана өз алдынча бышыруу уюштурулган жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Бул Жобонун колдонулушу жатак тибиндеги жалпы билим берүү уюмдарынан башка бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына жайылтылат.
5. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) окуучулардын тамактануусу - окуучулардын энергиясынын запасын толуктоо, өсүү жана физиологиялык өнүгүү процесстерин ишке ашыруу үчүн тамак-аштын жардамы менен окуучулардын өмүрүн жана организминин саламаттыгын сактоо;
2) окуучулардын ысык тамагы - тамак-ашта кулинардык даярдыкка жеткирилген, порцияланган жана кооздолгон ысык биринчи жана (же) экинчи тамактын болушу;
3) меню - жалпы билим берүү уюмдарынын коомдук тамактануу пункттарында (ашканаларда/буфеттерде) берилүүчү тамактардын жана суусундуктардын тизмеги;
4) ашкана - менюнун негизинде тамак-аш алуу үчүн азыктарды өндүрүүчү жана сатуучу коомдук тамактануу түйүнү;
5) буфет - жогорку даражада даярдалган жарым фабрикаттардан жасалган азыктардын чектелген ассортиментин, муздак тамактарды, жеңил тамактарды, оңой даярдалган ысык, таттуу тамактарды, ундан жасалган кулинардык, булочка жана кондитердик азыктарды сатуучу коомдук тамактануу пункту;
6) мектеп алдындагы чарба - жалпы билим берүү уюмунун аймагындагы участок, анда окуучулардын тамак-аш рационун кеңейтүү максатында айыл чарба продукциясы өстүрүлөт;
7) тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк сырьёсун бракераждоо журналы - тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьёсунун сапатын контролдоо журналы;
8) даяр кулинардык продукцияны бракераждоо журналы - даяр жана кулинардык продукциянын сапатын контролдоо журналы;
9) ден соолук журналы - тамак-аш блогунун кызматкерлеринин дене бойлук саламаттыгын контролдоо журналы;
10) тамак-аш азыктары - адамдын тамак-ашына керектөөсү үчүн арналган табигый, иштетилген же кайра иштетилген түрдө жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган продукттар, анын ичинде адистештирилген тамак-аш азыктары, идиштерге өлчөлүп куюлган ичүүчү суу, ичүүчү минералдык суу, микроорганизмдердин уюткулары жана старттык азыктары, ачыткылар, тамак-аш кошулмалары жана ароматизаторлор, ошондой эле азык-түлүк (тамак-аш) сырьёсу;
11) азык-түлүк (тамак-аш) сырьёсу - жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган продукттар, ичүүчү суу, микроорганизмдердин уюткулары жана старттык азыктары, тамак-аш азыктарын өндүрүү (даярдоо) үчүн пайдаланылуучу ачыткылар, тамак-аш кошулмалары жана ароматизаторлор;
12) тез бузулуучу тамак-аш азыктары - эгерде Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринде башкача белгиленбесе, тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнө жарамдуулук мөөнөтү 5 күндөн ашпаган тамак-аш азыгы, ал коопсуздукту сактоо жана анда ооруну пайда кылуучу 12 микроорганизмдин, бузуучу микроорганизмдердин жана (же) адамдын ден соолугу үчүн кооптуу деңгээлге чейин токсиндердин пайда болушунун алдын алуу максатында сактоо жана жеткирүүнүн (ташуунун) атайын түзүлүүчү температуралык режимдерин талап кылат;
13) тамак-аш азыктарынын жарамдуулук мөөнөтү - тамак-аш азыктары ушул Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринде тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнө белгиленген ага коюлуучу коопсуздук талаптарына толук шайкеш келүүгө, ошондой эле маркалоодо билдирилген өзүнүн керектөө касиеттерин сактоого тийиш болгон убакыт жана ал өткөндөн кийин тамак-аш азыктары багыты боюнча пайдаланууга жараксыз болуп калат;
14) сактоо мөөнөтү - сактоонун белгиленген шарттары сакталган учурда товардын ченемдик документтерде көрсөтүлгөн өзүнүн бардык касиеттери сакталып турган мезгил;
15) бракераждоо комиссиясы - даярдалган тамактардын сапатына баалоо жүргүзүү үчүн атайын түзүлгөн комиссия;
16) өндүрүштүк контролдоо комиссиясы - санитардык-эпидемияга каршы (алдын-алуучу) иш-чараларды камсыз кылуу жана тамактанууну уюштурууда санитардык эрежелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн атайын түзүлгөн комиссия.
2-глава. Тамактанууну уюштуруунун максаттары жана негизги милдеттери
6. Жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруунун негизги максаты ден соолукту чыңдоо жана окуучулардын коопсуз жана балансталган тамактануусун камсыз кылуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
7. Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруудагы негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) 1-4-класстын окуучуларын тамак-аш заттарына жана энергияга болгон курактык физиологиялык муктаждыктарына, рационалдуу жана балансталган тамактануу принциптерине ылайык келген тамак-аш менен камсыз кылуу;
2) тамактануунун жана тамактарды даярдоо үчүн пайдаланылуучу тамак-аш азыктарынын кепилденген сапаты жана коопсуздугу;
3) окуучулар арасында тамактануу факторуна байланыштуу жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу (профилактикалоо);
4) түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануунун принциптерин популярдаштыруу;
5) социалдык жактан корголбогон, аз камсыз болгон жана турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучуларды социалдык колдоо;
6) санитардык ченемдердин жана эрежелердин, заманбап технологиялардын талаптарына ылайык мектептеги тамак-аш блокторун модернизациялоо.
8. Тамактанууну уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) 1 -4-класстардын окуучуларынын бардыгына ысык тамак берүү;
2) окуучунун энергиясын сарптоосуна шайкеш келген рациондун адекваттуу энергетикалык баалуулугу;
3) бардык алмаштырылуучу жана алмаштырылгыс тамак-аш факторлору боюнча рациондун баланстуулугу;
4) тамак-аш рационунун баланстуулугун камсыз кылуунун негизги шарты болуп саналган анын максималдуу ар түрдүүлүгү;
5) балдардын тамак-ашы жаатындагы талаптарга ылайык азыктардын жана тамактардын жогорку даамдык артыкчылыктарын жана баштапкы азыктык баалуулугунун сакталышын камсыз кылуучу аларды технологиялык жана кулинардык иштетүү;
6) тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде тамак-аш блогунун абалына, берилүүчү тамак-аш азыктарына, аларды ташууга, сактоого, даярдоого жана тамакты таратууга карата бардык санитардык талаптарды сактоо;
7) ата мекендик тамак-аш азыктарын өндүрүүнү колдоо жана дем берүү.
9. Окуучулардын негизги тамак-аш заттарына жана энергияга болгон муктаждыктары жаш курагына, жынысына, дене бойлук өнүгүү деңгээлине, акыл-эс жана дене бойлук жүктөмдүн деңгээлине, жашоо мүнөзүнө, жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша болот.
10. Рациондор өзүнүн энергетикалык баалуулугуна, белоктордун, майлардын, көмүр суутегинин, витаминдердин, минералдык туздардын жана микроэлементтердин камтылышына жараша окуучулардын жаш курагына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.
3-глава. Жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
11. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык шаардык жана айылдык кеңештер (мындан ары - жергиликтүү кеңештер) аймактык тиешелүүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун кошо каржылоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл ала алат.
12. Баа саясатын түзүү региондуулукту, ошондой эле 1-тиркемеге ылайык жашылчалардын жана жемиштердин сезондуулук календарын эсепке алуу мүмкүндүгү менен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен тамак-аш азыктарынын орточо рыноктук наркынын негизинде жүзөгө ашырылат.
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги тамактанууну уюштуруу үчүн имараттар (жайлар), ошондой эле тиешелүү идиш-аяктар жана технологиялык жабдуулар, жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттар, продукттарды сактоо үчүн жайлар менен камсыз кылуу аркылуу, ошондой эле суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгарууну, электр жана жылуулук менен жабдууну, жабдууларды техникалык тейлөөнү, катуу жана тамак-аш калдыктарын ташып чыгаруу боюнча окуучулардын тамактануусун, анын ичинде ысык тамактанууну уюштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча уюштуруу иш-чараларын жана тамактанууну уюштуруунун алкагында башка иш-чараларды;
2) ашкананы/буфетти же ылайыкташтырылган жайларды күндөлүк жана капиталдык оңдоону камсыз кылуу боюнча иштерди;
3) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте тамактанууну уюштурууда тиешелүү санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын контролдоону.
Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы тамак-аш рационунун баланстуулугун эске алуу менен жергиликтүү кеңештин жыйналышына окуучулардын белгиленген ченемдерден ашык тамактануусун кошо каржылоо жөнүндө сунуш киргизет.
Жергиликтүү кеңеш окуучулардын тамактануусун кошо каржылоо жөнүндө чечим кабыл алат. Кошо каржылоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана/же окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мында жергиликтүү кеңеш белгиленген акчалай төгүмдүн суммасын, ошондой эле тамактануу үчүн төгүмдөн толук же жарым-жартылай бошотулуучу жеңилдик алгандардын категориясын белгилейт. Жеңилдик алгандардын категориясына кирген окуучулардын тамактануусу үчүн кошумча төлөө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
14. Тамактанууну кошо каржылоону уюштурууда жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) мектептеги тамактанууну уюштурууга ар жылдык бюджетти түзөт;
2) билим берүүнү башкаруунун аймактык органы менен биргеликте бир календардык жылга тамак-аш азыктарын мамлекеттик сатып алууну пландоону жүзөгө ашырат;
3) бир календардык жылга тамак-аш азыктарын сатып алууга чыгымдардын сметасын бекитет;
4) аймактык тиешелүүлүгүнө ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын муктаждыктарынын негизинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына эки айга тамак-аш азыктарын сатып алуу жөнүндө жарыялоону жайгаштырышат;
5) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык эки айда бир жолу тамак-аш азыктарын сатып алуу жол-жобосун жүргүзөт;
6) бир календардык жылга тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча комиссиянын курамын бекитет;
7) зарыл болгон учурда жалпы билим берүү уюмдарында тамактануунун уюштурулушуна мониторинг жүргүзөт;
8) жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жеңилдик алгандардын категориясына кирген окуучуларга тамактануу үчүн белгиленген ченемден ашык кошумча төлөмдү жүргүзөт.
4-глава. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарынын ыйгарым укуктары
15. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары аймактык тиешелүүлүгүнө ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууда жана жүзөгө ашырууда негизги звено болуп саналат.
Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы:
1) жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну камсыз кылат;
2) тамак-аш азыктарын сатып алууга жалпы билим берүү уюмдарынын өтүнмөлөрүн чогултууну жүзөгө ашырат;
3) бир календардык жылга тамак-аш азыктарын мамлекеттик сатып алууларды пландоону жүзөгө ашырат;
4) жалпы билим берүү уюмдарынын муктаждыктарынын негизинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына эки айга тамак-аш азыктарын сатып алууга жарыялоону жайгаштырат;
5) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эки айда бир жолу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар жылдык негизде бекитилүүчү чыгымдар сметасына ылайык тамак-аш азыктарын сатып алуу жол-жобосун жүргүзөт;
6) бир календардык жылга тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча комиссиянын курамын бекитет;
7) жалпы билим берүү уюмдарынын эки жумалык болжолдуу менюсун макулдашат;
8) ар бир жалпы билим берүү уюмунун окуучуларынын тамактануусуна чыгымдар сметасын бекитет;
9) жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулардын тамактануусу боюнча отчетторун кабыл алууну жүзөгө ашырат (меню-талап, калган продукция ж.б.);
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарына ылайык ысык тамак жана нан азыктарын өз алдынча бышыруу уюштурулган жалпы билим берүү уюмдарындагы ашпозчулардын ставкаларын өз убагында кайра эсептөөнү жүзөгө ашырат;
11) жалпы билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген ОШ-1 статистикалык отчеттуулук формасын түзүүнүн тууралыгын контролдойт;
12) жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин мектептеги тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;
13) чыгымдардын экономикалык классификациясына ылайык тамак-аш азыктарын сатып алуу беренеси боюнча чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү жана жалпы билим берүү уюмдарында бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
16. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы ачык-айкындуулукту жана коллегиалдуулукту жүзөгө ашыруу максатында бир жылга тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча комиссия түзөт. Комиссиянын курамына оорулардын алдын алуунун жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлорунун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана/же тартылган эксперттер, окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), ошондой эле тамак-аш азыктары сатылып алынуучу жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору (макулдашуу боюнча) кириши мүмкүн.
17. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы жалпы билим берүү уюмдарында тамактануунун уюштурулушуна мониторинг жүргүзөт жана жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга окуучулардын тамактануусун жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизе алат. Мониторинг жүргүзүүдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
18. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
19. Жалпы билим берүү уюмунда тамактанууну уюштуруу үчүн сатылып алынган бардык тамак-аш азыктары Бажы бирлигинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттерине шайкеш келүүгө тийиш.
Мамлекеттик сатып алуулардын бекитилген жылдык планында (мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү тыюу салынган тамак-аш азыктарын сатып алууга жол берилбейт.
20. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын жетекчиси билим берүүнү башкаруу органынын кызматкерлеринин ичинен тамактануу үчүн жооптуу адамды дайындайт. Жооптуу адам милдеттүү түрдө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган уюмдарда тамактанууну уюштуруу жана сатып алууларды жүргүзүү боюнча окутуудан өтөт. Жооптуу адамдын кызматтык милдеттери жана ыйгарым укуктары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
21. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы жалпы билим берүү уюмдарынын ата-энелер комитеттеринин чечимдеринин негизинде сунушту жергиликтүү кеңештин жыйналышына 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусун кошо каржылоону уюштуруу жөнүндө киргизет.
5-глава. Жалпы билим берүү уюмунун ыйгарым укуктары
22. Тамактанууну уюштурууну жакшыртуу максатында жалпы билим берүү уюму:
1) окуу ишинин (окуу курстарынын предметтик мазмунунда) жана сабактан тышкаркы иш-чаралардын алкагында окуучулардын тамактануу маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча туруктуу маалыматтык-агартуу иштерин уюштурат;
2) тамак-аш маданиятын калыптандыруу маселелерине арналган маалыматтык стенддерди жол-жоболоштурат жана дайыма (чейрек ичинде бир жолудан кем эмес) жаңылап турат;
3) жалпы билим берүү уюмунун иштөө режимин, мектеп ашканасынын өткөрмө жөндөмдүүлүгүн, тамак-аш блогунун жабдууларын эске алуу менен тамактанууну жакшыртуу маселелерин чечүүдө окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) муктаждыктарын жана мүмкүндүктөрүн изилдейт;
4) ата-энелер менен системалуу ишти уюштурат, балдардын ден соолугун калыптандырууда тамактануунун ролу, күн сайын балансталган тамактанууну камсыз кылуу, тамактануу маданиятын өнүктүрүү маселелерине арналган аңгемелешүүлөрдү, лекцияларды жана башка иш-чараларды өткөрөт, ата-энелерди балдар менен эс алууну уюштуруу жана сергек жашоо мүнөзүн, үй шарттарында туура тамактанууну пропагандалоо боюнча иштерге тартат;
5) жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин мектептеги тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча квалификациясын жогорулатууга багытталган курстарга, семинарларга жана башка иш-чараларга жиберет;
6) өзүнүн компетенциясынын бөлүгүндө тамак-аштын сапатын жакшыртуу жана контролдоо боюнча ар кандай мамлекеттик органдардын, кызматтардын жана мекемелердин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону камсыз кылат.
23. Тамактанууну уюштуруу, окуучулардын тамак-аш менен толук камтылышы жана тамак-аштын сапаты үчүн жоопкерчилик жалпы билим берүү уюмунун директоруна жүктөлөт.
Жалпы билим берүү уюмунун директору окуучулардын тамактануусун уюштуруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылат, анын ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) ашканада/буфетте, ал эми алар жок болсо ылайыкташтырылган жайларда окуучулардын тамактануусун уюштурууну жүзөгө ашырат;
2) эмеректин керектүү топтому жана саны менен жабдылган тамактануу үчүн жай менен камсыз кылат;
3) бекитилген режимге ылайык жалпы билим берүү уюмунда тамактанууну уюштурууну контролдоочу жооптуу адамды дайындайт;
4) бракераждоо комиссиясынын жана өндүрүштүк контролдоо комиссиясынын курамдарын бекитет;
5) санитардык-гигиеналык талаптардын ченемдерине ылайык тамактануу режими жөнүндө буйрук чыгарат;
6) болжолдуу эки жумалык жана күнүмдүк менюну бекитет;
7) окуучулардын тамактануусун уюштурууда тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт.
Жалпы билим берүү уюмунун директорунун буйругу менен административдик же педагогикалык кызматкерлердин ичинен учурдагы окуу жылына тамактанууну уюштурууга жооптуу адам дайындалат.
24. Тамактанууну уюштуруу үчүн жооптуу адам (мындан ары - жооптуу адам):
1) тамак-аш азыктарынын жеткирилишине контролду жүзөгө ашырат;
2) продукцияны сактоо үчүн кампа жайларына мониторинг жүргүзөт;
3) тамак-аш блогунун кызматкерлерин күн сайын кароодон өткөрөт;
4) бракераждоо комиссиясынын жана өндүрүштүк контролдоо комиссиясынын курамына кирет;
5) жалпы билим берүү уюмунун ашпозчусу менен биргеликте эки жумалык болжолдуу менюну түзөт;
6) класс жетекчилеринин тамактанууну уюштуруу боюнча ишин координациялайт жана контролдойт;
7) күн сайын класс жетекчилеринен кийинки окуу күнүнө карата тамактануучу окуучулардын саны боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алат;
8) меню-талаптарды жана күнүмдүк менюну түзүү үчүн өтүнмөнү өткөрүп берет;
9) окуучулардын ашканага иш жүзүндө барууларын эсепке алууну, тамактануу менен камтылышын камсыз кылат;
10) түшкөн тамак-аш азыктарынын ассортиментин, менюну текшерет;
11) окуучуларга тамак берүү графигинин сакталышын, дасторкондордун алдын ала жайылышын контролдойт;
12) санитардык-гигиеналык режимдин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
13) тамактануу маданиятын калыптандыруу боюнча ишти демилгелейт, иштеп чыгат жана координациялайт;
14) мектептеги тамактануунун сапатына окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) канааттануусуна мониторинг жүргүзөт;
15) тамактанууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет.
25. Тамак-ашка жооптуу адам билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган уюмдарда кенже мектеп жашындагы балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча окутуудан өтүүгө тийиш.
26. Саламаттык сактоо системасынын аймактык дарылоо мекемесинин жалпы билим берүү уюмуна бекитилип берилген медицина кызматкери эки жумада кеминде 1 жолу жалпы билим берүү уюмунда тамактануунун уюштурулушуна, азыктардын салынышынын тууралыгына жана даяр тамактын даярдалышына контролду жүзөгө ашырат. Контролдун жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) продукцияны сактоо боюнча талаптардын сакталышы;
2) тамак-аш азыктарынын сапатын ырастоочу документтердин болушу;
3) муздаткыч жабдууларынын температуралык режиминин сакталышы;
4) идиш-аяк жуу учурунда санитардык ченемдердин сакталышы;
5) тамактарды даярдоого технологиялык карталардын болушу;
6) инвентарды маркалоонун болушу;
7) менюга талдоо жүргүзүүнүн жана медициналык контролдун (сынам) болушу;
8) буфеттик продукциянын болушу;
9) эпидемиологиялык иштин абалы.
27. Жалпы билим берүү уюму кварталдык негизде тамактанууну уюштурууга мониторинг жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүдө төмөнкүдөй көрсөткүчтөр эске алынат:
1) тамактануу менен камтылган балдардын саны;
2) жумасына ысык тамактануунун мезгилдүүлүгү;
3) ичүү режимин уюштуруу;
4) курстарда, семинарларда квалификациясын жогорулаткан ашкана/буфет кызматкерлеринин саны;
5) ашкананын тамак-аш блогунун заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыз болушу;
6) берилүүчү тамак-аштын уюштурулушуна жана сапатына балдардын жана алардын ата-энелеринин канааттануусу.
28. Тамак-ашты уюштуруу маселелери (мониторингдин жыйынтыктары, аныкталган көйгөйлөр, социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктары, тамактанууну жакшыртуу, тамактануу маданиятын калыптандыруу боюнча сунуштар ж.б.) жарым жылда бир жолудан кем эмес класстардагы ата-энелер чогулушунда талкууланат жана жылына бир жолудан кем эмес педагогикалык кеңештин жана ата-энелер комитетинин катышуусу менен жалпы мектептик чогулуштун талкуусуна чыгарылат.
29. Лабораториялык методдорду колдонуу менен пландуу түрдө санитардык ченемдердин жана тамактанууну уюштуруу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү белгиленген тартипте коомдук саламаттык сактоо кызматы ишке ашырат.
6-глава. Тамак-аш блогунун жайларына жана персоналына, тамак-аш азыктарын жеткирип берүүгө жана сактоого талаптар
30. Жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги тамактанууну уюштуруу атайын бөлүнгөн жайларда жүзөгө ашырылат, аларды башка максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.
31. Окуучуларды тейлөө үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын коомдук тамактануу уюмдарында төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) азык-түлүк сырьесун сатып алууну, кулинардык азыктарды өндүрүүнү, алар менен жалпы билим берүү уюмдарынын ашканаларын жабдууну жүзөгө ашыруучу мектептеги тамактануунун базалык уюмдары (мектеп тамак-аш комбинаттары, мектеп-базалык ашканалар ж.б.);
2) жарым фабрикаттардан тамак-аштарды жана кулинардык азыктарды даярдоону жана аларды сатууну жүзөгө ашыруучу мектептеги тамактанууну даярдоого чейинки уюштуруучу уюмдар;
3) жуманын күндөрү боюнча ар түрдүү менюга ылайык тамак-аш өндүрүүчү жана (же) сатуучу азык-түлүк сырьесу же жарым фабрикаттар менен иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын ашканалары;
4) даяр тамактарды, кулинардык, ундан жасалган кондитердик жана нан азыктарын сатууну жүзөгө ашыруучу таратып берме буфеттер.
32. Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусу жалпы билим берүү уюмунун негизги имаратында жайгашкан, имаратка улай салынган же өзүнчө турган имаратта жайгашкан жайларда жүзөгө ашырылат.
Мектептеги тамактануунун базалык уюмдарында, азык-түлүк чийки заты жана (же) жарым фабрикаттар менен иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын ашканаларында коопсуз жана азыктык баалуулугун сактаган кулинардык азыктарды даярдоого жана аны сатууга мүмкүнчүлүк берүүчү жайлардын жана жабдуулардын топтому каралууга тийиш.
Таратып берме буфеттерде тамактарды, кулинардык азыктарды, ошондой эле ысык суусундуктарды жана айрым тамактарды (колбаса азыктарын, жумурткаларды кайнатуу, салаттарга даамын чыгара турган нерселерди кошуу, даяр азыктарды кесүү) сатууга мүмкүндүк берүүчү жайлардын жана жабдуулардын топтому каралууга тийиш.
Аз комплектелген жалпы билим берүү уюмдарында (50 окуучуга чейин) тамак-аш азыктарын сактоо, тамак-аш таратуу жана кабыл алуу, ашкана идиштерин жуу үчүн арналган бир өзүнчө жай бөлүнөт.
Окуучулардын тамактануусу уюштурулган жайлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) ашкана идиштери, ашкана шаймандары менен керектүү санда жана белгиленген талаптарга ылайык камсыз кылынышы;
2) ашкананын отургучтарынын санынын белгиленген ченемдерге ылайык келиши;
3) техникалык абалы белгиленген талаптарга ылайык келген тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынышы;
4) тамак-аш азыктарын сактоо үчүн көмөкчү жайлардын болушу;
5) соруп алуучу жабдуулардын болушу, анын иштөө жөндөмдүүлүгү;
6) Кыргыз Республикасындагы санитардык ченемдер жана эрежелер менен белгиленген башка талаптарга ылайык келиши.
33. Тамак-аш даярдоо үчүн тамак-аш блогу технологиялык процессти, анын бөлүгүн же технологиялык операцияны ишке ашыруу үчүн техникалык каражаттар (технологиялык жабдуу), муздатуучу, жуучу жабдуулар, инвентарь, идиш-аяк (зарыл учурда - бир жолу колдонулуучу), тамак-аш продукциясы менен байланышта болгон, жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу жана тамак-аш продукциясын сактоо жана даярдоо шарттарын камсыз кылуучу материалдардын талаптарына ылайык келген материалдардан жасалган идиш менен жабдылууга тийиш.
34. Тамак-аш блогу муздак жана ысык суу менен жабдуунун, саркынды сууларды чыгаруунун, жылуулук менен жабдуунун, желдетүүнүн жана жарыктандыруунун иштеген системалары менен жабдылууга тийиш, алар тамак-аш азыктарынын булгануу тобокелдигин жокко чыгаргыдай аткарылууга тийиш.
Чийки жана даяр азык-түлүктөрдү өз-өзүнчө сактоо, аларды технологиялык иштетүү жана таратуу үчүн милдеттүү түрдө өзүнчө жана атайын маркаланган жабдуулар, кесүү шаймандары, ашкана идиштери пайдаланылууга тийиш.
Зарыл болгон учурда тамак-аш азыктары менен байланышта болгон, ысык жана (же) муздак тамактар жана суусундуктар үчүн колдонууга уруксат берилген материалдар үчүн коопсуздук талаптарына жооп берген бир жолку ашкана приборлорун жана идиш-аяктарды колдонууга уруксат берилет. Бир жолу колдонулуучу идиш-аякты кайталап колдонууга жол берилбейт.
Газдардын, ундун чаңынын, нымдуулуктун, жылуулуктун чыгуу булактары болуп саналган зоналар жана/же аларда жайгашкан жабдуулар өндүрүштүк жайлардын соруп алуучу желдетүү системасына кошула турган локалдуу соруп алуучу системалар менен жабдылууга тийиш. Жумушчу зонанын абасы жана микроклиматтын параметрлери гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
35. Азык-түлүктү сактоо үчүн кампа жайлары абанын салыштырмалуу нымдуулугун жана температурасын өлчөө үчүн аспаптар, муздаткыч жабдуулар - контролдук термометрлер менен жабдылууга тийиш. Тамактануу боюнча жооптуу адам күн сайын эсепке алуу аспаптарынын көрсөткүчтөрүн алып турууга жана аларды тиешелүү журналдарга киргизүүгө милдеттүү.
Тамак-аш блогунун жайларында курт-кумурскалар жана кемирүүчүлөр болбошу керек. Курт-кумурскаларга жана кемирүүчүлөргө каршы күрөшүү боюнча дератизациялык жана дезинсекциялык иш-чараларды жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте адистештирилген уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Дератизациялык жана дезинсекциялык иштерди түздөн-түз жалпы билим берүү уюмунун персоналы тарабынан жүргүзүүгө жол берилбейт.
Коомдук тамактануу жайларынын өндүрүштүк жайларында окуучулардын болушуна жол берилбейт.
Өндүрүштүк жана кампа жайларына бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат.
36. Окуучулардын тамактануусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолордон өткөн, тиешелүү кесиптик квалификациясы бар (тиешелүү документтер менен ырасталган) атайын персонал тарабынан жүзөгө ашырылат.
37. Ар бир кызматкердин белгиленген үлгүдөгү өздүк медициналык китепчеси болууга тийиш, ага медициналык текшерүүлөрдүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, жугуштуу оорулар менен ооругандыгы жөнүндө маалыматтар, гигиеналык даярдыктан өткөндүгү тууралуу белги киргизилет.
38. Жалпы билим берүү уюмунда тамактанууга жооптуу дайындалган адам тамак-аш азыктарын даярдоо менен иштеген кызматкерлерди жана тамак-аш азыктары, анын ичинде азык-түлүк сырьесу менен түздөн-түз байланышта болгон кызматкерлердин колунун терисинин жана денесинин ачык жерлеринин ириңдүү оорулары, ангина, жогорку дем алуу жолдорунун катаралдык көрүнүштөрү боюнча күн сайын кароолорду жүргүзүп турат. Кароонун жыйынтыктары "Ден соолук журналы" гигиеналык журналына киргизилет (6-тиркеменин 4-формасы). Кароо күнү журналда белгиленген жумушчулардын тизмеси ошол күндөгү жумушчулардын санына дал келиши керек.
Тамак-аш блогунун кызматкери суук тийүүнүн белгилери болгондо же жугуштуу ичеги-карын ооруларында, ириң пайда болгондо, кесилгенде, күйүктөр болгондо, ошондой эле өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн жугуштуу ичеги-карын оорулары менен ооруган учурлары болгондо бул жөнүндө жалпы билим берүү уюмунун администрациясына билдирүүгө милдеттүү. Кызматкер жогоруда көрсөтүлгөн учурлар болгон учурда жумуштан убактылуу четтетилет. Дарыгердин тиешелүү корутундусун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, айыккандан кийин гана иштегенге жол берилет.
39. Тамак-аш азыктарынын микробиологиялык жана мителик булгануу тобокелдигин болтурбоо максатында тамак-аш блогунун (ашкананын/буфеттин) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык жалпы билим берүү уюмунда тамактанууну уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга милдеттүү.
40. Тамак-аш блогунун кызматкерлери (башкы ашпозчу, ашпозчу) милдеттүү түрдө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу уюмдарда балдар тамак-ашынын өзгөчөлүктөрү жана мектептеги тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча тастыктамаланган окутуудан өтүүгө тийиш.
41. Тамак-аш азыктарын жеткирип берүү жана сактоо жалпы билим берүү уюмунун директорунун жана тамак-аш үчүн жооптуу адамдын катуу контролунда болушу керек.
Тамак-аш азыктарын ташуу алардын сакталышын камсыз кылуучу жана булгануудан сактоочу шарттарда жүргүзүлөт. Тамак-аш азыктарын жеткирүү санитардык паспорту бар адистештирилген транспорт менен жүзөгө ашырылат.
Тамак-аш азыктарын ташуу үчүн транспорт белгиленген температурада тамак-аш азыктарынын сакталышын камсыз кылуучу муздаткыч камера менен жабдылууга тийиш. Тамак-аш азыктары изотермикалык контейнерлерде муздатылган түрдө ташылышы мүмкүн.
Тамак-аш азыктарын ташыган/коштоп жүргөн адамдар (айдоочу жана аны коштоп жүргөн адам), аларды жүктөгөн/түшүргөн адамдар атайын экипировканы: халатты, бир жолку кол капты, баш кийимди колдонушат. Мында аларда белгиленген үлгүдөгү жеке медициналык китепчеси болууга тийиш, ага медициналык текшерүүлөрдүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, өткөн инфекциялык оорулар жөнүндө маалыматтар, гигиеналык даярдыктан өткөндүгү жөнүндө белги киргизилет.
Тамак-аш азыктары жеткирилген таңгактар/жеткирүү үчүн идиштер маркаланат жана катуу тартипте арналышына ылайык колдонулат. Колдонулгандан кийин алар тазаланууга, гигиеналык иштетилүүгө, кампага салынууга жана таза шарттарда сакталууга тийиш.
Азык-түлүк сырьесун жана тамак-аш азыктарын ташуу тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына ылайык жана күндүз гана ишке ашырылууга тийиш.
42. Жалпы билим берүүчү уюмдардын коомдук тамактануу уюмдарында тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк сырьесун кабыл алуу маркалоосу жана товарды коштоочу документтери, анын ичинде техникалык регламенттерде каралган шайкештикти баалоо жөнүндө маалыматтар болгондо жүзөгө ашырылууга тийиш. Ташуунун шарттары жана режими бузулган, ошондой эле товарды коштоочу документтер жана маркалоо жок болгон учурда тамак-аш азыктары жана азык-түлүк (тамак-аш) сырьесу кабыл алынбайт.
Продукцияны кабыл алууда таңгактын бүтүндүгү, таңгактагы/этикеткадагы азыктын аталышы калтырылган азыктын аталышына дал келүүсү, жарактуулук мөөнөтү, саны, органолептикалык көрсөткүчтөргө ылайык сапаты жана алардын коопсуздук, сапат сертификаттары, санитардык-ветеринардык талаптарга шайкештиги сыяктуу коштоочу документтерге ылайык келүүсү текшерилет.
Контролдоонун натыйжалары жооптуу адам тарабынан тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьесун бракераждоо журналында катталат (6-тиркеменин 1-формасы).
43. Тамак-аш азыктары алардын келип чыгышын жана сапатын тастыктаган документтер менен коштолот (декларация, сертификат ж.б.).
44. Азык-түлүктөрдү, анын ичинде өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо жана сатуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык сакталууга тийиш.
7-глава. Тамактанууну уюштуруу тартиби
45. Окуучулардын тамактануусу иштелип чыккан тамак-аш рационунун (белгиленген убакыт аралыгында балдар үчүн арналган азыктардын калыптанган топтому), даярдалган тамактардын азыктык баалуулугуна ылайык иштелип чыккан келечектүү менюнун (1 айга) жана болжолдуу эки жумалык менюнун (10-12 күнгө), ошондой эле тамак-аштын рецептурасы жөнүндө маалыматтарды камтыган меню-жайгаштыруулардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Эки жумалык болжолдуу меню (мындан ары - болжолдуу меню) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн сунушталган ченемдерин, 7 жаштан 10 жаш курагына чейинки балдар үчүн негизги витаминдерди, минералдык заттарды керектөөнүн ченемдерин эске алуу менен иштелип чыгат.
Болжолдуу меню жалпы билим берүү уюмунун ашпозчусу тарабынан жалпы билим берүү уюмунда тамактанууну уюштурууга жооптуу адам менен бирге ата-энелер комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт (4-тиркеме).
Болжолдуу менюну түзүүдө күнүнө тамак-аштын наркы белгиленген суммадан жогору/төмөн болушу мүмкүн, мында бир балага күнүнө тамак-аштын орточо наркы меню түзүлгөн мезгил үчүн белгиленген суммадан ашпашы керек.
Жооптуу адам окуучулардын күнүмдүк рационундагы аш болумдуу заттардын (белоктордун, майлардын, көмүр суутектердин), витаминдердин, минералдардын жана кубаттуулуктун санын эсептейт жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген кенже мектеп жашындагы окуучулардын аш болумдуу заттарга жана кубаттуулукка болгон физиологиялык муктаждыктарынын ченемдерине менюнун ылайык келишин текшерет (2-тиркеме).
Иштелип чыккан болжолдуу меню жалпы билим берүү уюмунун директору тарабынан бекитилет жана электрондук портал аркылуу билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын тамактануу боюнча жооптуу адисине кароого жиберилет.
Билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын жооптуу адиси менюнун саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген мектеп жашындагы кенже окуучулардын аш болумдуу заттарга жана кубаттуулукка болгон физиологиялык муктаждыктарынын ченемдерине ылайык келишин текшерет. Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгондо иштелип чыккан меню тиешелүү сунуштар менен жалпы билим берүү уюмуна жеткире иштеп чыгууга кайтарылат.
Болжолдуу менюнун макулдашылган варианты коомдук саламаттык сактоонун тиешелүү аймактык органына макулдашууга берилет.
Коомдук саламаттык сактоо уюмунун өкүлү менен макулдашылган жана жалпы билим берүү уюмунун директору тарабынан бекитилген болжолдуу меню жалпы билим берүү уюмунун ашпозчусунун аткаруусу үчүн расмий документ болуп эсептелет.
Бекитилген болжолдуу менюнун негизинде күнүмдүк меню түзүлөт, аны жалпы билим берүү уюмунун директору бекитет.
Сырьену эсептөө жана тамак-аш даярдоо окуучулардын бекитилген тизмесине ылайык 1-4-класстын окуучуларынын эсептик саны боюнча жүргүзүлөт.
Күнүмдүк меню тамактын аталышын, грамм менен порциянын көлөмүн, ошондой эле тамактарды даярдоо үчүн тамак-аш азыктары сатылып алынган финансылык каражаттардын көлөмүн жана булактарын (бюджеттик же бюджеттен тышкаркы) камтууга тийиш. Мында бюджеттен тышкаркы каражаттар, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана/же окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан кошо каржылоонун эсебинен алынган каражаттар (продукт эквивалентинде) өзүнчө сап менен таризделет (5-тиркеме).
Күнүмдүк меню жалпы билим берүү уюмунун ашканасында окуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн түздөн-түз жеткиликтүү болгон маалымат тактасында жайгаштырылат.
46. Ысык тамактанууну уюштуруу окуу сабактарынын режимине ылайык узактыгы 20 мүнөттөн кем болбогон танаписте класстар (тайпалар) боюнча жүзөгө ашырылат.
47. Тамак-аш блогунун кызматкерлери (башкы ашпозчу/ашпозчу) даяр тамактарды төмөнкүдөй температурада берет:
1) ысык тамактар (шорпо/борщтор) - 75°Сдан кем эмес (Цельсий градусу);
2) чай, сүт кошулган какао - 50-55°С;
3) экинчи тамактар, гарнирлер - 65°Сдан кем эмес;
4) сергитүүчү суусундуктар, компот, айран, йогурт, шире - 14°Сдан кем эмес.
Окуучулар күйүп калбашы үчүн сунушталган температурадан жогору болгон даяр азыктарды берүүгө уруксат берилбейт.
48. Дарылык же диеталык тамак-ашка муктаж болгон окуучулар үйдөн алып келген тамак-аш менен азыктанууга укуктуу. Мындай учурда жалпы билим берүү уюму атайын бөлүнгөн жерде же бөлмөдө зарыл шарттарды түзүүгө тийиш.
49. Даяр тамактар окуучулардын иш жүзүндө катышкан санынан 5%дан ашпаган учурда тамак-аш утилдештирилүүгө тийиш, ал эми 5%дан жогорусу тамак-ашка жооптуу адам тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде тамак-аш аймактык социалдык коргоо органына берилет.
50. Окуучуларды тамак-аш даярдоо, жашылчаларды тазалоо, даяр тамак-ашты таратуу, нан кесүү, идиш жуу жана жайларды тазалоо менен байланышкан жумуштарга тартууга тыюу салынат.
Окуучулардын тамактануусу уюштурулган жайларга бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат.
51. Тамак-аш калдыктары атайын бөлүнгөн жерде капкагы бар идиштерде сакталат. Идиштер толгон сайын көлөмүнүн 2/3 бөлүгү бошотулат, жуучу каражаттын эритмеси менен жуулат. Тамак-аш калдыктарын тамак-аш блогунун таратуучу же өндүрүштүк жайлары аркылуу алып чыгууга жол берилбейт.
Жалпы билим берүү уюму тамак-аш калдыктарын утилдештирүү максатында жеке же юридикалык жактар менен айыл чарбасынын же мал чарбасынын муктаждыктары үчүн калдыктарды акысыз негизде ташып чыгуу жөнүндө эки тараптуу келишим түзүшү мүмкүн.
8-глава. Жалпы билим берүү уюмунда суу ичүү режимин уюштуруу
52. Жалпы билим берүү уюмдарында суу ичүү режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуунун шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар менен жөнгө салынат.
Санитардык эрежелерге ылайык жалпы билим берүү уюмдарында ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган системасындагы суунун сапатына коюлуучу гигиеналык талаптарга жооп берген окуучуларды ичүүчү суу менен борборлоштурулган камсыз кылуу каралууга тийиш.
53. Жалпы билим берүү уюмдарында суу ичүү режимин уюштуруунун төмөнкүдөй формалары каралган:
1) стационардык суу ичүүчү фонтандар;
2) идиштерге куюлган, анын ичинде кулерлердеги, помпалардагы ичүүчү суу;
3) жеке же бир жолу колдонулуучу стакандар аркылуу суу үчүн идиштердеги кайнак суу (бачок, чайнек, эмалданган кастрюлдар).
Мында окуучулардын ичүүчү сууга жеткиликтүү болуусу жалпы билим берүү уюмунда болгон мезгилдин ичинде камсыз кылынууга тийиш.
Калктуу конушта борборлоштурулган суу менен камсыз кылуу жок болгон учурда окуучулардын суу ичүү режимин уюштуруу ичүүчү сууну куюуга контролду уюштуруу шартында идишке куюлган сууну пайдалануу менен гана жүзөгө ашырылат.
Жалпы билим берүү уюмдарына берилүүчү бөтөлкөгө куюлган суу техникалык регламенттин талаптарына ылайык келиши керек жана анын келип чыгышын, сапатын жана коопсуздугун ырастаган документтери болууга тийиш.
Класстарда кулерлерди, механикалык помпаларды орнотуу окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мында кулерге же суу үчүн помпага талаптагыдай кам көрүү керек. Болбосо суу топтогучтарда былжыр, көк дат, бактериялык колониялар жана органикалык эмес аралашмалар пайда болушу мүмкүн. Мындай идиштерден суу ичүү ичеги-карындын жугуштуу ооруларына алып келиши мүмкүн.
54. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дезинфекциялоо үчүн колдонууга уруксат берилген жана пайдалануу боюнча нускамасы бар дезинфекциялоочу каражаттарды тандоо керек.
55. Төмөнкү талаптар сакталган шартта кайнатылган ичүүчү сууну пайдалануу менен суу ичүү режимин уюштурууга жол берилет:
1) сууну 5 мүнөттөн кем эмес кайнатуу керек;
2) таратылып берилгенге чейин кайнак сууну бөлмө температурасына чейин түздөн-түз кайнатылган идиште муздатуу керек;
3) таратылып берилүүчү идиштеги сууну алмаштыруу кеминде 3 сааттан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
Кайнатылган сууну алмаштыруунун алдында идиш суунун калдыктарынан толугу менен бошотулууга тийиш, ашкана идиштерин жууп-тазалоо эрежелери боюнча нускамага ылайык жуулушу, чайкалышы керек. Кайнатылган сууну алмаштыруу убактысы жалпы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн графикте белгилениши керек.
56. Жалпы билим берүү уюмдарындагы суу ичүү режими ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) окуучуларга ашканаларда, дене тарбия залдарында, класстарда орнотулган ичүүчү суусу бар идиштерден эркин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;
2) ичүүчү суу ичилген жерлерди бир жолу колдонулуучу стакандар же зарыл сандагы көп жолу колдонулуучу стакандар менен камсыз кылуу;
3) жекече керектөө үчүн чакан көлөмдөгү идиштерде газдалбаган сапаттуу ичүүчү сууну эркин сатуу;
4) тамак-аш блокторун суу даярдоочу орнотмолор менен жабдуу.
57. Ар бир окуучу өзүнүн суусу бар бөтөлкөсүн алып жүрө алат.
9-глава. Окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) укуктары жана милдеттери
58. Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке өзү, жалпы билим берүү уюмунун ата-энелер комитеттери жана коллегиалдуу башкаруу органдары аркылуу окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) окуучулардын тамактануусун уюштуруу маселелери боюнча жалпы билим берүү уюмунун коллегиалдуу башкаруу органдарынын ишине катышууга;
3) жалпы билим берүү уюмунун ата-энелер комитетинин өкүлү катары жалпы билим берүү уюмунун администрациясы менен макулдашуу боюнча тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча комиссиянын (билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын деңгээлинде) жана өндүрүштүк контролдоо комиссиясынын курамына кирүүгө;
4) жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын макулдугу менен тамактанууну уюштурууда болжолдуу менюну түзүүгө катышууга;
5) болжолдуу эки жумалык жана күнүмдүк меню менен таанышууга;
6) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык окуучулардын тамак-ашынын ар түрдүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу максатында ыктыярдуу тартипте кайрымдуулук жардам көрсөтүүгө.
59. Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баланын тамак-аш азыктарына болгон аллергиялык реакциялары жөнүндө класс жетекчисине өз убагында эскертүүгө;
2) балдарына сергек жашоо мүнөзүн жана туура тамактануу көндүмдөрүн үйрөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
3) жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык тамактанууга кошо акы төлөөнү жүзөгө ашырууга.
10-глава. Тамактануунун коопсуздугу жана сапаты
60. Жалпы билим берүү уюмунда тамактанууну уюштурууда санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын аткарылышына контроль төмөнкүдөй беш адамдан кем эмес курамдагы: администрациянын өкүлүнөн, тамактануу боюнча жооптуу адамдан, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучудан жана ата-энелер комитетинин өкүлүнөн турган өндүрүштүк контролдоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын курамы ар бир окуу жылында директордун буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын иш-милдеттери жана иштөө тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
61. Комиссия окуучулардын тамактануусунун уюштурулушун жана сапатын өндүрүштүк контролдоо журналын жүргүзөт (6-тиркеменин 3-формасы). Мониторингдин жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан жалпы билим берүү уюмунун директоруна тиешелүү сунуштар киргизилет.
Комиссиянын ишине тиешелүү керектүү документтер (Комиссияны түзүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, контролдоо журналы, план-график) Комиссиянын төрагасында болот.
62. Окуучулардын тамактануусун уюштурууну контролдоо, тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьёсунун, даяр кулинардык азыктын сапатын текшерүү, рецептураларды жана технологиялык режимдерди сактоо үч адамдан кем эмес төмөнкүдөй курамдан: тамак-аш боюнча жооптуу адам, ашпозчу (ашкана башчысы) жана (же) жалпы билим берүү уюмунун жамаатынын курамындагы башка адамдан турган бракераждоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Даяр азыктардын бракеражынын натыйжасы даяр жана кулинардык азыктардын бракераждоо журналында катталат (6-тиркеменин 2-формасы), ал эми тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьёсунун натыйжасы тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьёсунун бракераждоо журналында катталат (6-тиркеменин 1-формасы). Бракераждоо журналдарындагы жазуулар бракераждоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колдору менен ырасталууга тийиш. Тамак-аш даярдоо технологиясы бузулган учурда, ошондой эле тамак даяр эмес болгон учурда, табылган кемчиликтер четтетилгенге чейин тамак берүүгө жол берилбейт. Учурдагы окуу жылына карата бракераждоо комиссиясынын курамы жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Бракераждоо комиссиясынын функциялары жана иштөө тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
63. Тамактануу рационун (болжолдуу менюларды) гигиеналык баалоо, тамактануунун типтүү рациондорунун (болжолдуу менюлардын) санитардык эрежелерге жана балдар менен өспүрүмдөрдүн тамак-аш азыктарына жана энергияга болгон физиологиялык муктаждыктарынын курактык ченемдерине ылайыктуулугу тамак-аш азыктарынын орточо суткалык топтомун эске алуу менен (3-тиркеме), тамактанууну уюштурууну пландуу контролдоо, жалпы билим берүү уюмдарында сатылуучу келип түшкөн сырьёнун жана даяр азыктын сапатын контролдоо коомдук саламаттык сактоонун аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
11-глава. Каржылоо булактары жана тартиби
64. Республиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун каржылоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салынган каражаттары;
4) ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттары;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
65. Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-классынын окуучуларынын тамактануусу күнүнө бир окуучуга 14 сом эсебинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы табигый-климаттык шарттары оор калктуу конуштарда жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-классынын окуучуларынын тамактануусу күнүнө бир окуучуга 14 сом эсебинде жүргүзүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-классынын окуучуларынын тамактануусу тиешелүү шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен күнүнө бир окуучуга 14 сомдон кем эмес эсеп менен жүзөгө ашырылат.
66. Окуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү), ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечиминин негизинде окуучулардын тамактануусун кошо каржылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
Ата-энелер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кошо каржылоо белгиленген суммада жүзөгө ашырылат. Тиешелүү чечим жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары менен биргеликте жалпы билим берүү уюмдарынын администрацияларына жана ата-энелер коомчулугуна маалымдоо боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрөт.
67. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусу үчүн кошумча төлөөлөрдү жүзөгө ашырууда мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тамак-аш азыктарын сатып алууларды өз алдынча өткөрөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары бекитилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук режимден алынган товарларды бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууну жүзөгө ашырат.
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдө товарлардын зарыл болгон көлөмүн өндүрүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттерден чыгарылган, чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр тарабынан берилүүчү товарларга карата улуттук режим колдонулат.
68. Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан тамактануу үчүн кошумча төлөмдөр жүргүзүлгөн учурда каражаттар жалпы билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кеңеши аркылуу же билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын атайын эсебине түздөн-түз жиберилет.
69. Кошо каржылоону жүзөгө ашырууда ишти тартипке салуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары жана жалпы билим берүү уюмдарынын ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү 3 айдан (кварталдан) кем эмес мөөнөткө тамак-аш азыктарын сатып алуунун биргелешкен планын түзүүгө тийиш.
70. Тамактанууну уюштурууда билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте мектеп алдындагы жана окуу чарбаларынын азык-түлүктөрү пайдаланылышы мүмкүн.
12-глава. Отчетторду берүү жана иш кагаздарын жүргүзүү тартиби
71. Тамак-аш азыктарын пайдалануу боюнча отчеттуулук Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча жобого ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Тамактанууну уюштуруу боюнча отчеттук материалдар жалпы билим берүү уюму тарабынан билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын бухгалтерине берилет.
72. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы тамактанууну уюштуруу боюнча документтердин (сатып алуулар тууралуу документтер, сапат сертификаттары, жалпы билим берүү уюмдарынын отчеттук материалдары ж.б.) эсебин жүргүзөт.
73. Окуучуларды тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча ишти иретке келтирүү максатында жалпы билим берүү уюмунда документтердин төмөнкүдөй тизмеги болууга тийиш:
1) жалпы билим берүү уюмунда окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо;
2) окуучулар үчүн ашканага баруу эрежелери;
3) директордун тамактанууну уюштурууга жооптуу адамды дайындоо жөнүндө буйругу;
4) директордун тамак берүүнү уюштурууну регламенттеген буйругу;
5) окуу жылына карата бракераждоо комиссиясынын курамы жана иши жөнүндө буйрук;
6) өндүрүштүк контролдоо жана тамактанууну уюштурууну жана сапатын контролдоонун план-графиги боюнча комиссиянын курамы жана иши жөнүндө буйрук;
7) окуучулардын тамактануу режими/графиги жөнүндө буйрук;
8) көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйналыштарынын протоколдору (кошумча каржылоо ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) тарабынан жүзөгө ашырылган жана акы төлөм көзөмөлчүлүк кеңештери аркылуу жүзөгө ашырылган учурда);
9) директор тарабынан бекитилген менюлар (күнүмдүк жана эки жумалык);
10) 1-4-класстын окуучуларынын директор тарабынан бекитилген тизмеси;
11) даяр тамактардын рецепттери жана технологиялык карталары;
12) класс жетекчилери тарабынан түзүлгөн тамак-ашка өтүнмөлер;
13) окуучулардын иш жүзүндө катышуусун эсепке алуу журнапы/табели;
14) окуучулардын тамактануусунун сапатын жана уюштурулушун өндүрүштүк контролдоо журналы;
15) тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьёсунун бракераждоо журналы;
16) даяр жана кулинардык азыктардын бракераждоо журналы;
17) муздаткыч жабдууларынын температуралык режимин эсепке алуу журналы;
18) тамак-аш блогунун кызматкерлеринин ден соолугу журналы;
19) тамак-аш азыктарын кириштөө документтери, келип түшкөн тамак-аш азыктарынын сапатын ырастоочу документтер (коштомо кагаздар, шайкештик сертификаттары, ветеринардык-санитардык экспертизанын документтери ж.б.);
20) тамак-аш блогунун кызматкерлеринин жеке медициналык китепчелери (профилактикалык медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө белгилери менен);
21) окуучулардын тамактануусун уюштуруу маселелери боюнча актылар, маалымкаттар, материалдар;
22) сын пикирлер жана сунуштар китеби.
74. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардын негизинде мектептеги тамактанууну уюштуруунун эсепке алуу формаларын жүргүзүү боюнча нускаманы иштеп чыгат жана бекитет.
|
| 1-тиркеме |
Жашылчалардын жана жемиштердин мезгилдүүлүк календары
№ | Мезгил | Жашылчалар | Жемиштер/ кургатылган жемиштер | Мөмөлөр | Ашкөк |
Кыш | |||||
1 | Декабрь |
| Курма |
|
|
2 | Декабрь-февраль | Ак капуста, картошка, пияз, сабиз, кызылча, ашкабак | Ит мурундун мөмөлөрү, кургатылган жемиштер, лимон, алма |
| Укроп, петрушка, көк пияз (күнөсканада өстүрүлгөн) |
Жаз | |||||
3 | Март | Ак капуста, картошка, пияз, сабиз, кызылча | Алма, ит мурундун мөмөлөрү, кургатылган жемиштер |
| Укроп, петрушка, көк пияз (күнөсканада өстүрүлгөн) |
4 | Апрель-май | Чамгыр | Лимон, ит мурундун мөмөлөрү, кургатылган жемиштер, алма |
| Укроп, петрушка, көк пияз, жусай |
5 | Май | Чамгыр бадыраң |
| Кулпунай |
|
Күз | |||||
6 | Сентябрь | Помидор, бадыраң, картошка, кабакча, баклажан, сабиз, болгар калемпири | Жүзүм, кара өрүк, шабдалы, алма, алмурут | Карагат, малина, алча | Укроп, петрушка, көк пияз |
7 | Октябрь | Помидор, бадыраң, картошка, ак капуста, баклажан, кабакча, сабиз, кызылча, ашкабак, болгар калемпири | Жүзүм, шабдалы, алма, алмурут |
| Укроп, петрушка, көк пияз |
8 | Ноябрь | Картошка, ак капуста, сабиз, кызылча, ашкабак | Ит мурундун мөмөлөрү, кургатылган жемиштер, банан, алма, алмурут, курма |
| Укроп, петрушка, көк пияз (күнөсканада өстүрүлгөн) |
|
| 2-тиркеме |
7-10 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн кубаттуулукка жана тамак-аш заттарына физиологиялык муктаждыктардын ченемдери
№ | Тамак-аш заттары | Көрсөткүчтөр |
Кубаттуулук жана макронутриенттер | ||
1 | Кубаттуулук | 2100 |
2 | Белок | 70 |
| 1) ккалдан % | 10-15 |
| 2) анын ичинде жаныбарлардан алынган % | 60 |
3 | Майлар, г | 67 |
| 1) ккалдан % | 25-33 |
| 2) каныкпаган май кычкылдары, ккалдан % | 5-10 |
| 3) ккалдан w-6% | 4-9 |
| 4) ккалдан w-3% | 0.8-1 |
| 5) холестерин, г | <300 |
4 | Углеводдор, г | 302 |
| 1) ккалдан % | 55-60 |
| 2) анын ичинде ккалдан шекер % | <10 |
| 3) тамак-аш булалары, г | 16 |
Витаминдер | ||
5 | 1) С витамини, мг | 60 |
| 2) В1 витамини, мг | 1,1 |
| 3) В2 витамини, мг | 1,2 |
| 4) В6 витамини, мг | 1,5 |
| 5) Ниацин, мг | 15,0 |
| 6) B12 витамини, мкг | 2,0 |
| 7) Фолаттар, мкг | 200 |
| 8) Пантотен кычкычы, мг | 3,0 |
| 9) Биотин, мкг | 20 |
| 10) А витамини, мкг ретинол эквиваленти | 700 |
| 11) Е витамини, мг, токоферол эквиваленти | 10,0 |
Минералдык заттар | ||
6 | 1) Кальций, мг | 1100 |
| 2) Фосфор, мг | 800 |
| 3) Магний, мг | 250 |
| 4) Калий, мг | 2000 |
| 5) Натрий, мг | 1000 |
| 6) Хлориддер, мг | 1700 |
| 7) Темир, мг | 12,0 |
| 8) Цинк, мг | 10,0 |
| 9) Йод, мкг | 90 |
| 10) Жез, мг | 0,7 |
| 11) Селен, мкг | 30 |
| 12) Хром, мкг | 15 |
| 13) Фтор, мг | 1,5 |
| 14) Марганец, мг | 1,5 |
| 15) Молибден, мкг | 30 |
|
| 3-тиркеме |
Тамак-аш азыктарынын, анын ичинде окуучулар үчүн тамактарды жана суусундуктарды даярдоо үчүн колдонулуучу тамак-аш азыктарынын сунушталган орточо суткалык топтомдору
№ | Азыктардын аталышы | Жаш өзгөчөлүгүнө жараша азыктардын саны | |
Гр, мл (брутто) | Гр, мл (нетто) | ||
7-10 жаш | 7-10 жаш | ||
1 | Кара буудай наны (кара буудай) | 80 | 80 |
2 | Буудай наны | 150 | 150 |
3 | Буудай уну | 15 | 15 |
4 | Дан эгиндери, буурчак | 45 | 45 |
5 | Макарон азыктары | 15 | 15 |
6 | Картошка | 250 | 188 |
7 | Жаңы чыккан жашылчалар, ашкөк | 350 | 280 |
8 | Жаңы чыккан жемиштер (мөмөлөр) | 200 | 185 |
9 | Кургатылган жемиштер (мөмөлөр), анын ичинде ит мурун | 15 | 15 |
10 | Жашылча-жемиш ширелери, витаминдештирилген суусундуктар | 200 | 200 |
11 | 1-категориядагы жиликтелген эт (сөөктөргө ажыратылган) | 77 (95) | 70 |
12 | 1-категориядагы ичи тазаланган жөжөлөр (1-категориядагы тооктор п/п) | 40 (51) | 35 |
13 | Балык (филе) | 60 | 58 |
14 | Колбаса азыктары | 15 | 15 |
15 | Сүт (майдын массалык үлүшү 2,5%; 3,2%) | 300 | 300 |
16 | Кычкыл сүт суусундуктары (майдын массалык үлүшү 2,5%; 3,2%) | 150 | 150 |
17 | Быштак (майдын массалык үлүшү 5-9%) | 50 | 50 |
18 | Сыр | 10 | 10 |
19 | Каймак (майлуулугу 15%) | 10 | 10 |
20 | Ак май | 30 | 30 |
21 | Өсүмдүк майы | 15 | 15 |
22 | Жумуртка диеталык | 1 даана | 40 |
23 | Шекер | 30 | 30 |
24 | Кондитердик азыктар | 10 | 10 |
25 | Чай | 0,4 | 0,4 |
26 | Какао | 1,2 | 1,2 |
27 | Нан бышыруу ачыткылары | 1 | 1 |
28 | Туз | 5 | 5 |
|
| 4-тиркеме |
Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын балдарынын ысык тамагынын болжолдуу апталык менюсу (1 балага күнүнө 14 сом эсебинде)
№ | Картанын № | Тамактын аталышы | Майлар | Углеводдор | Кубаттуулук баалуулугу | Чыгышы гр | Республикалык бюджет |
гр | гр | ккал | сом | ||||
Дүйшөмбү | |||||||
1 | 60 | Күрүч ботко | 10,9 | 43 | 294 | 200/10 | 16,76 |
2 | 106 | Мектеп булочкасы | 2,2 | 29,8 | 160 | 60 | 3,08 |
3 | 92 | Компот | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 |
4 | Бардыгы | 13,2 | 104,8 | 585 |
| 22,43 | |
Шейшемби | |||||||
5 | 38 | Эт менен мампар | 10,9 | 28,7 | 263 | 250 | 21,73 |
6 | 122 | Тандыр нан | 1,05 | 35,9 | 183,7 | 60 | 2,57 |
7 | 92 | Компот | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 |
8 | Бардыгы | 12,1 | 96,6 | 577,7 |
| 26,90 | |
Шаршемби | |||||||
9 | 106 | Мектеп булочкасы | 2,2 | 29,8 | 160 | 60 | 3,08 |
10 | 92 | Компот | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 |
11 | Бардыгы | 2,3 | 61,8 | 291 | 0 | 5,68 | |
Бейшемби | |||||||
12 | 30 | Буурчак менен картошка шорпо | 5,3 | 16,5 | 136 | 250 | 2,58 |
13 | 122 | Тандыр нан | 1,05 | 35,9 | 183,7 | 60 | 2,57 |
14 | 92 | Компот | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 |
15 | Бардыгы | 6,45 | 84,4 | 450,7 |
| 7,75 | |
Жума | |||||||
16 | 113 | Капуста менен пирожки | 4 | 31,4 | 178 | 60 | 4,07 |
17 | 92 | Компот | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 |
18 | Бардыгы | 4,1 | 63,4 | 309 | 0 | 6,67 | |
19 | Жумасына жалпы: | 38,1 | 411 | 2213 |
| 69,42 | |
20 | Жумасына орточо: | 7,62 | 82,2 | 442,7 |
| 13,88 | |
|
| 5-тиркеме |
Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын балдарынын ысык тамагынын болжолдуу апталык менюсу (республикалык бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ата-энелер коомчулугу тарабынан кошумча каржылоодон 1 балага күнүнө 14 сом эсебинде)
№ | Картанын № | Тамактын аталышы | Белоктор | Майлар | Углеводдор | Кубаттуулук баалуулугу | Чыгышы гр | Республикалык бюджет | Ата-энелер | ЖӨБО | Жалпы |
гр | гр | гр | гр | сом | сом | сом | сом | ||||
Дүйшөмбү | |||||||||||
1 | 60 | Күрүч ботко | 5,9 | 11 | 43 | 294 | 200/10 | 16,76 | - | - | 16,76 |
2 | 106 | Мектеп булочкасы | 4,4 | 2,2 | 30 | 160 | 60 | 1,18 | - | 1,90 | 3,08 |
3 | 92 | Компот | 0,6 | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 | - | - | 2,60 |
4 | 0 | Алма | 0,4 | 0,4 | 9,8 | 47 | 100 | - | 6,00 | - | 6,00 |
5 | Бардыгы | 11,3 | 14 | 115 | 632 |
| 20,53 | 6,00 | 1,90 | 28,43 | |
Шейшемби | |||||||||||
6 | 59 | Тоок эти менен рагу | 14 | 13 | 17 | 247 | 200 | 1,88 | 40,80 | - | 42,68 |
7 | 122 | Тандыр нан | 6,3 | 1,1 | 36 | 183,7 | 60 | 0,52 | - | 2,05 | 2,57 |
8 | 92 | Компот | 0,6 | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 | - |
| 2,60 |
9 | Бардыгы | 21,2 | 15 | 85 | 561,7 |
| 5,00 | 40,80 | 2,05 | 47,85 | |
Шаршемби | |||||||||||
10 | 74 | Бириндеген гречка ботко | 8,3 | 8,1 | 37 | 255 | 150 | 6,20 | - | - | 6,20 |
11 | 106 | Мектеп булочкасы | 4,4 | 2,2 | 30 | 160 | 60 | 1,18 | - | 1,90 | 3,08 |
12 | 92 | Компот | 0,6 | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 | - | - | 2,60 |
13 | 9 | Алма менен сабиз салат | 1,1 | 5,4 | 8,5 | 87 | 100 | 3,06 | 2,16 | - | 5,22 |
14 | Бардыгы | 14,4 | 16 | 108 | 633 |
| 13,03 | 2,16 | 1,90 | 17,09 | |
Бейшемби | |||||||||||
15 | 30 | Эт менен буурчак шорпо | 12 | 8,3 | 17 | 205 | 250 | 19,56 | - | - | 19,56 |
16 | 113 | Калуста менен пирожки | 3,4 | 4 | 31 | 178 | 60 | 2,97 | - | 1,10 | 4,07 |
17 | 0 | Кефир | 5,8 | 5 | 8 | 106 | 200 | - | 14,00 | - | 14,00 |
18 | Бардыгы | 20,9 | 17 | 57 | 489 |
| 22,53 | 14,00 | 1,10 | 37,63 | |
Жума | |||||||||||
19 | 38 | Эт менен мампар | 11 | 11 | 29 | 263 | 250 | 5,22 | 19,25 | 0,76 | 25,23 |
20 | 122 | Тандыр нан | 6,3 | 1,1 | 36 | 183,7 | 60 | 0,52 | - | 2,05 | 2,57 |
21 | 92 | Компот | 0,6 | 0,1 | 32 | 131 | 200 | 2,60 | - | - | 2,60 |
22 | Бардыгы | 18,3 | 12 | 97 | 577,7 |
| 8,33 | 19,25 | 2,81 | 30,40 | |
23 | Жумасына жалпы: | 86,1 | 73 | 461 | 2893 |
| 69,42 | 82,21 | 9,77 | 161,40 | |
24 | Жумасына орточо: | 17,2 | 15 | 92 | 578,7 |
| 13,88 | 16,44 | 1,95 | 32,28 | |
|
| 6-тиркеме |
Тамак-аш блогунун эсепке алуу документтеринин ФОРМАЛАРЫ
1-форма
Тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки затынын бракераждоо ЖУРНАЛЫ
№ | Азык-түлүк чийки заттарынын жана тамак-аш азыктарынын келип түшкөн датасы | Азык-түлүк чийки заттарынын жана тамак-аш азыктарынын аталышы | Келип түшкөн азык-түлүк чийки заттарынын жана тамак-аш азыктарынын саны (килограмм, литр менен, дааналап) | Кабыл алынган тамак-аш азыгынын коопсуздугун ырастоочу документтин номери | Келип түшкөн азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын органолептикалык баалоонун натыйжалары | Азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын сатуунун акыркы мөөнөтү | Азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын күндөр боюнча иш жүзүндө сатуунун датасы жана сааты | Жооптуу адамдын колу | Эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Азыктарды эсептен чыгаруу, кайтаруу жана башка фактылар көрсөтүлөт.
2-форма
Даяр жана кулинардык продукцияны бракераждоо ЖУРНАЛЫ
№ | Тамак жасалган дата жана саат | Бракеражды алып салуу убактысы | Тамактын, кулинардык азыктын аталышы | Органолептикалык баалоонун жана тамактын, кулинардык азыктын даярдык даражасынын натыйжалары | Тамакты, кулинардык азыкты сатууга уруксат | Бракераждоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору | Эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Даяр продукцияны сатууга тыюу салуу фактылары көрсөтүлөт.
3-форма
Өндүрүштүк контролдоо боюнча иш-чараларды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Мезгилдүүлүгү | Аты-жөнү | Колу |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
Комиссиянын мүчөсү _______________ колу
Комиссиянын мүчөсү _______________ колу
Комиссиянын мүчөсү _______________ колу
4-форма
Ден соолук ЖУРНАЛЫ
№ | Кызматкердин аты-жөнү(*) | Кызмат орду | Айы/күндөрү | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | ... | 30 | |||
1 |
|
| Дс.(**) | Четтетилген | Э.ж./б(**) | Да(**) | Өрг.(**) | Өрг.(**) |
| Дс.(**) |
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
(*) Текшерүү күнү журналда белгиленген кызматкерлердин тизмеси ошол күнү нөөмөттө турган кызматкерлердин санына туура келүүгө тийиш.
(**) Шарттуу белгилер: Дс. - дени сак; Четтетилген - иштен четтетилген; Өрг. - өргүү; Да - дем алыш; Эж/б - эмгекке жарамсыздык баракчасы.