Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 19-августу № 486-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында талаптагыдай контролду жана мамлекеттик контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүсүн орнотуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 55-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын адамдардын жана жеңил транспорттук каражаттардын кесип өтүүсү жеке колдонуудагы товарларды кошпогондо, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрбөстөн, кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасында "Бек-Абад - автожол" өткөрүү пунктунда жана кыргыз-кытай Мамлекеттик чек арасында "Бедел-автожол" өткөрүү пунктунда убактылуу жүргүзүлсүн.".
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабыл алынган чечим жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу кытай тарапка кабарласын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |