Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-февралы № 55-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 486-т , 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 541-т, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 833-т тескемелеринин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана тиешелүү контролду камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Евразия экономикалык бирлигинин чек арасындагы кыргыз участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын адамдардын, транспорттук каражаттардын кесип өтүүсү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташуу төмөнкү өткөрүү пункттарында жүргүзүлсүн:
1) кыргыз-кытай Мамлекеттик чек арасында:
- "Эркештам - автожол";
- "Торугарт - автожол";
2) кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасында:
- "Кызыл-Бел - автожол";
- "Карамык - автожол";
- "Бор-Дөбө - автожол";
- "Кайрагач - автожол";
3) кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасында:
- "Кызыл-Кыя - темир жол";
- "Шамалдысай - темир жол";
- "Жалал-Абад - темир жол";
- "Кара-Суу - темир жол";
- "Достук - автожол";
- "Кызыл-Кыя - автожол";
- "Кең-Сай - автожол";
4) эл аралык аба каттамдары үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторунда:
- "Манас - аэропорт";
- "Ош - аэропорт";
- "Ысык-Көл - аэропорт";
- "Каракол - аэропорт";
- "Баткен - аэропорт".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 541-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзгөчө чечимине чейин Евразия экономикалык бирлигинин чек арасындагы кыргыз участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын адамдардын, транспорттук каражаттардын кесип өтүүсү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташуу кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасында төмөнкү өткөрүү пункттарында убактылуу токтотулсун:
- (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 541-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
- "Ынтымак - автожол";
- "Сейдикум - автожол";
- "Сумсар - автожол".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 541-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 "Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жүргүзүлүүчү чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоо үчүн керектүү имараттарды, бөлмөлөрдү жана курулмаларды материалдык-техникалык жабдууга жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунун паспортунун формасына бирдиктүү талаптар жөнүндө" чечимине ылайык өткөрүү пункттарын ыңгайлаштыруу жана техникалык жабдуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылганга чейин:
1) Евразия экономикалык бирлигинин чек арасындагы кыргыз участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын адамдардын кесип өтүүсү жеке колдонуудагы товарларды кошпогондо, транспорттук каражаттарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрбөстөн, төмөнкү өткөрүү пункттарында убактылуу жүргүзүлсүн:
кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасында:
- "Маданият - автожол";
- "Баймак - автожол";
- "Кара-Суу - автожол";
- "Кара-Багыш - автожол";
кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасында:
- "Кулунду - автожол";
2) Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын адамдардын жана жеңил транспорттук каражаттардын кесип өтүүсү жеке колдонуудагы товарларды кошпогондо, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрбөстөн, кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасында "Бек-Абад - автожол" өткөрүү пунктунда убактылуу жүргүзүлсүн.
3) Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жеке колдонуудагы товарларды, ошондой эле Барскоон – Бедел автожолун куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында тартылган товарларды жана транспорттук каражаттарды кошпогондо, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрбөстөн адамдардын жана жеңил транспорттук каражаттардын кесип өтүүсү 2025-жылдын 23-сентябрынан тартып “Бедел – автожолу” өткөрүү пункту аркылуу убактылуу жүргүзүлсүн;
4) “Бедел – автожолу” өткөрүү пункту аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын ташып киргизүү жана ташып чыгаруу Барскоон – Бедел автожолун куруу долбоорун ишке ашыруу максатында гана ишке ашырылат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 486-т, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 833-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге жана экономикалык пайдага таянып, өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоону мындан ары уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыксын.
5. Тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул тескеме кабыл алынгандыгына байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабыл алынган чечим жөнүндө дипломаттык каналдар аркылуу чектеш өлкөлөргө кабарласын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |