Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 28 чакырылышынын кезектеги 5 - сессиясы
2024-жылдын 9-августундагы №__31_
Хан-Теңири айыл аймагына караштуу Советское
айылынын атын өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Советское айылынын жашоочусу, жергиликтүү кенештин депутаты Т.Исаевдин билдирүү жасады:- Кыргыз Республикасы өз эгемендүүлүгүн алып, кыргыз тили мамлекеттик тил болуп мыйзам чыккандан кийин Кызыл-Кыя болуп которулуп, ошол кездеги Ак-Суу райондук кенешинде токтом чыгарылган. Бирок белгисиз себептер менен ал токтом Жогорку Кенешке жиберилбей, ошол боюнча эски аталышта Советское айылы болуп кала берген. Бирок айылыбыздын атын которуу жөнүндөгү демилгени дайыма көтөрүп келебиз. Убагында балдарыбыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө да Кызыл –Кыя айылы деп жазылып калган. Азыркы мезгилде бардык жерде реформа жүрүп, айылдарды тарыхый аттарына которуп жатканда биз дагы айылыбызга тарыхый аты Кызыл-Кыя деп аталышын сурануу менен сиздерге кайрылып жатабыз.
Бул маселе боюнча угуп жана талкуулап, Советское айылынын калкынын элдик жыйынынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” жобого негиздеп, жергиликтүү кенеш токтом кылат:
1. Хан-Теңири айыл аймагына караштуу Советское айылынын аталышын Кызыл-Кыя деп которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун түп нускасы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилип, ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомду аткарууга алуу Хан-Теңири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жана көзөмөлдөө жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага И.Алымжан уулу