Загрузка документа…
Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 28 чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
Акматбаев Байболот Акматбаевичтин ысымын Шахта токойчулугунун
№4 токой коругуна берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча токой тармагында иштеген ардагер токойчу Ыбыкеев Бакыт Сапаргалиевич билдирүү жасады: Акматбаев Байболот Акматбаевич өзү Ак-Булуң айылында төрөлүп өсүп, токойчулук кесибин аркалап, 1959-жылдан 1998-жылга чейин эмгектенип келген. Иштеген мезгилинде өзүнүн ишке болгон жоопкерчиликтүү инсан экендигин көрсөтө алды. Пенсияга чыккандан кийин да жаш муундарга токойчулуктун көптөгөн сырларын үйрөтүп, мыкты токойчуларды тарбиялап чыгарган. Ушул кишинин токой чарбасына кылган иши унутта калбай токойчулуктун бир токой коругуна ысымын берүү жөнүндө маселе Каракол токой чарбасында да көтөрүлүп, Каракол токойчулугу да колдоого алды. Бул маселе боюнча угуп жана талкуулап, Каракол токой чарбасынын 2024-жылдын 9-августундагы жыйынынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” жобого негиздеп, жергиликтүү кенеш токтом кылат:
1. Хан-Теңири айыл аймагында Шахта токойчулугунун №4 токой коругуна Акматбаев Байболот Акматбаевичтин ысымын берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун түп нускасы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилип, ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомду аткарууга алуу Хан-Теңири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жана көзөмөлдөө жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага И.Алымжан уулу