Загрузка документа…
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгына мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласы боюнча каржылык эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Стамбул шаары, 2021-жылдын 11-ноябры
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрү,
2009-жылдын 3-октябрында Нахчыванда кол коюлган "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү жөнүндө" Нахчыван макулдашуусуна 2019-жылдын 14-октябрында Өзбекстан Республикасынын кошулуусу жана Баку шаарында 2019-жылдын 15-октябрында кабыл алынган "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Өзбекстан Республикасынын кошулуусу боюнча Түрк кеңешинин мамлекеттеринин башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн" көңүлгө алып,
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын бюджетине (Түрк кеңеши) мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласын өзгөртүү тууралуу, 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржылык эрежелери жөнүндө макулдашуунун 3-беренесинин 3-пунктунун (мындан ары - Макулдашуу) а-ii) пунктчасына шилтеме келтирүү менен,
Макулдашуунун 10-беренесинин 4-пунктуна ылайык,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1. Түрк кеңешинин катчылыгынын бюджетине милдеттүү төгүмдөрдүн шкаласына карата Макулдашуунун 3-беренесинин 3-пунктунун a-i) пунктчасы төмөнкүдөй баяндалсын:
Азербайжан Республикасы - 2/18
Казакстан Республикасы - 4/18
Кыргыз Республикасы - 1/18
Түркия Республикасы - 8/18
Өзбекстан Республикасы - 3/18.
2. Ушул Протокол күчүнө киргенге чейин Өзбекстан Республикасынын ыктыярдуу төгүмү ушул Протоколдун 1-пунктунда белгиленген шкала боюнча ишке ашырылат.
3. Макулдашуунун 10-беренесинин 4-пунктуна ылайык ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт.
4. Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пунктунда баяндалган жол-жобого ылайык ушул Протокол, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболордун Тараптар тарабынан аяктагандыгы жөнүндө депозитарий дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү акыркы билдирмени алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
5. Түркия Республикасы ушул Протоколдун депозитарийи болуп саналат.
2021-жылдын 11-ноябрында Стамбул шаарында азербайжан, казак, кыргыз, түрк, өзбек жана англис тилдеринде, жалгыз түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке шилтеме кылышат.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
|
|
|
|
|
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|