Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында лизинг иши жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында лизинг иши жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг компанияларынын ишин жөнгө салуу тартибин, лизинг компанияларынын курамын жана отчеттуулугун түзүү, берүү тартибин, кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптарды жана лизинг ишинде өз милдеттерин аткаруу үчүн компетенттүүлүк деңгээлине, квалификацияга жана ак ниеттүүлүккө шайкеш келтирүү максатында аларды макулдашуу тартибин белгилейт.
Ушул Жобо лизинг ишин жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактарга колдонулбайт.
2. Лизинг компаниясы коммерциялык уюмдун каалаган уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт жана ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген уюштуруу документтеринин негизинде жүргүзөт.
3. Лизинг компаниялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө", "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, лизинг ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
4. Лизинг компаниясы юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат.
5. Жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери лизинг компанияларынын уюштуруучулары боло алат.
6. Төмөнкү адамдар лизинг компаниясынын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары боло албайт:
1) оффшордук зоналардын аймагында жашаган жана/же катталган же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тизмеги белгиленген оффшордук зоналарда аффилирленген жактардын катышуучулары катары катгалган жеке жана юридикалык жактар;
2) аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар жеке жана юридикалык жактар;
3) ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучулардын курамы жөнүндө маалыматтарды жана бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген башка ар кандай маалыматгарды/документтерди бербеген же бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
4) аларга карата соттун чечими же чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча тыюу салуулар же чектөөлөр болгон жеке жана юридикалык жактар;
5) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегиндеги жеке жана юридикалык жактар;
6) издөөдөгү адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелериндеги же аларга карата террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектериндеги жеке жана юридикалык жактар.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лизинг ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардын лизинг ишин кошпогондо) болуп саналат.
2-глава. Лизинг компанияларынын ишине талаптар
8. Лизинг компаниясы Кыргыз Республикасынын аймагында катталган камсыздандыруу уюмдарында лизинг келишимин колдонуунун бүткүл мөөнөтүнө лизинг предметин камсыздандырууну камсыз кылууга милдеттүү.
9. Лизинг компаниясынын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында накталай эмес формада, уюштуруучулардын акча каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.
Лизинг компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте лизинг ишин жүргүзүү үчүн юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин) каражаттарын тартууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Лизинг компанияларынын өздүк капиталы лизинг иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лизинг компаниялары үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.
3-глава. Лизинг компанияларынын кызмат адамдары
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келген лизинг компаниясынын кызмат адамдарын (коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси, мүчөлөрү, директорлор кеңешинин мүчөлөрү) дайындоого (шайлоого) макулдук (мындан ары - макулдашуу) берет.
12. Лизинг компаниясынын кызмат адамдары ушул Жобонун 4-главасында белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында лизинг ишин жүргүзүү жана өзүнүн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн лизинг компанияларынын кызмат адамдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ушул Жобонун 4-главасында белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештикке макулдашуудан өтүүгө тийиш.
Макулдашуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) лизинг ишин жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн;
2) лизинг компаниясынын кызмат адамдарынын курамы өзгөрсө.
4-глава. Лизинг компанияларынын кызмат адамдарына коюлуучу негизги квалификациялык талаптар
14. Лизинг компанияларынын кызмат адамдары экономика, финансы жана/же юриспруденция чөйрөсүндөгү жогорку билимге (белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталган), тажрыйбага жана иш стажына ээ болууга тийиш.
Башкы бухгалтер үчүн адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы менен атайын орто билимдин болушуна жол берилет.
15. Лизинг компанияларынын кызмат адамдарынын иш стажына жана тажрыйбасына квалификациялык талаптар:
1) коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси, мүчөлөрү жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү экономика, финансы жана/же юриспруденция чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажына ээ болууга тийиш. Иш тажрыйбасына (стажына) материалдык-техникалык камсыздоо жана административдик-чарбалык ишке байланышкан эмгек иши кирбейт;
2) башкы бухгалтер (бухгалтер) бухгалтердин кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес иш стажына ээ болууга тийиш;
3) ички аудитор финансылык уюмдун жана/же финансы-кредиттик уюмдун башкы бухгалтеринин жана/же ички аудиторунун кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес иш стажына ээ болууга тийиш;
4) лизинг компаниясынын филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) лизинг ишин жүргүзгөн жана кардарлар менен түзүлгөн ар кандай келишимдерге, кардарларга жана/же лизинг ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү маалыматтарга, анын ичинде отчеттуулук формаларына, ошондой эле лизинг компаниясынын кардарларынын эсептериндеги активдердин кыймылын жана калдыктарын салыштырып текшерүүнү жүргүзүүнү ырастаган документтерге кол коюу укугуна ээ болгон жетекчиси экономика, финансы жана/же юриспруденция чөйрөсүндө 2 жылдан кем эмес иш стажына ээ болууга тийиш.
5-глава. Лизинг компанияларынын кызмат адамдарына коюлуучу чектөөлөр
16. Төмөнкүлөр лизинг компаниясынын кызмат адамы болуп дайындалбайт (шайланбайт), ал:
1) ушул Жобонун 4-главасында белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келбесе;
2) соттуулугу болсо же соттуулугу белгиленген тартипте жоюлбаса же алынбаса;
3) лизинг компаниясынын кызмат адамын дайындоого (шайлоого) документтерди берүүдөн мурда бир жылдын ичинде финансы рыногундагы ишке байланышкан укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылса;
4) мурда банкрот деп таанылган же бул уюмдун директорлор кеңешинин же аткаруу органынын мүчөсүнүн (төрагасынын) кызмат ордунда бул адам болгон учурда консервацияга, санацияга же мажбурлап жоюуга дуушар болгон уюмдун жетектөөчү кызматкери болсо. Бул шарт аталган окуялардын бири пайда болгонго чейин бир жылдан ашпаган убакытта мындай уюмдун жетектөөчү кызматкери болгон адамдарга карата колдонулат жана ал пайда болгондон кийин 3 жыл бою жарактуу болот;
5) төмөнкүлөрдүн болгондугуна байланыштуу мурда лизинг компаниясынын же башка финансылык уюмдун жетектөөчү кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдукту чакыртып алуу жол-жобосуна дуушар болсо:
- лизинг иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ченемдик-укуктук актыларды бузуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан жазуу жүзүндө ырасталган талапкердин талаптагыдай эмес ишкердик репутациясы;
- талапкердин Кыргыз Республикасынын жөнгө салуучу органдарынын текшерүүлөрүнүн материалдары менен ырасталган мыйзам бузуулары;
- талапкердин иштин ушул түрүн жүргүзүүсүнө тыюу салган соттун чечими.
Көрсөтүлгөн талап лизинг компаниясынын жетектөөчү кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдукту чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин акыркы 12 айдын ичинде күчүндө болот.
6-глава. Кызмат адамдарын дайындоого макулдук алууга документтерди кабыл алуу жана кароо
17. Ушул Жобонун 4-главасында белгиленген талаптарга ылайык лизинг компаниясы ар бир талапкерди макулдашуу жөнүндө катты кагаз жана/же электрондук форматтагы төмөнкү документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө тийиш:
1) чогулуштун протоколунун же лизинг компаниясынын акционерлеринин же коомчулугунун катышуучуларынын талапкерди шайлоо жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) кызмат адамдарын дайындоо жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) жогорку билими жөнүндө дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) атайын орто билими жөнүндө дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (башкы бухгалтер же бухгалтер үчүн);
5) талапкердин ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
6) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) ушул Жобонун тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча талапкердин анкетасы;
8) адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат.
18. Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөргөндө лизинг компаниясы жаңы кызмат адамы шайланган (дайындалган) учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөрүүлөр жөнүндө кабарламаны берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 17-пунктунда саналган документтерди тиркөө менен шайланган (дайындалган) учурдан тартып 15 жумуш күндүн ичинде берилет.
19. Анкетада камтылган маалыматтар өзгөргөндө макулдашуудан өткөн кызмат адамдары өзгөртүүлөрдөн кийин 15 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул тууралуу кабарлоого (жазуу жүзүндө) милдеттүү.
20. Ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн документтер 15 жумуш күндүн ичинде каралат, анкеталардын толук толтурулгандыгы жана талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкешти текшерилет.
22. Документтердин пакети кароого толук берилбеген же алар ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда, алар кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен толуктап иштеп чыгууга расмий түрдө кайтарылат.
Кызмат орундарын ээлеген адамдар ушул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келбеген учурда лизинг ишин жүргүзүүгө лицензия берилбейт.
23. Чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими лизинг компаниясына жазуу жүзүндө билдирилет.
24. Лизинг компаниясынын аткаруу органынын жетекчиси 45 календардык күндөн ашык жумушта жок болгон учурда, анын милдеттерин аткаруу жетекчинин кызмат ордунда иштөөгө дайындалган күндөн тартып акыркы жылдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызматкерлерге гана жүктөлүшү мүмкүн.
25. Эгерде лизинг компаниясынын жетектөөчү кызмат ордун ээлеген адам жок болгон учурда, анын ордуна акыркы жылдын ичинде макулдашуудан өтпөгөн талапкер сунушталса, анда бул талапкер кызматка киришкенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
26. Лизинг компаниясынын башкы бухгалтери, бухгалтери, ошондой эле филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси 45 календардык күндөн ашык жумушта жок болгон учурда, аны алмаштыруучу адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуу жол-жобосунан өтүүгө тийиш. Башкы бухгалтердин, бухгалтердин, ошондой эле филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин ордуна иштөөчү талапкерди макулдашууга тиешелүү документтер кызмат ордунда иштөөгө дайындалгандан кийин 45 календардык күндөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүгө тийиш.
27. Анык эмес, туура эмес, толук эмес маалымат, ошондой эле атайылап бурмалоо табылган жана лизинг компаниясынын кызмат адамдары тарабынан маалымат өз убагында берилбеген учурда, аларга карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лизинг компаниясынын кызмат адамын дайындоо (шайлоо) жөнүндө берилген макулдугун төмөнкү негиздер боюнча чакыртып алууга укуктуу:
1) лицензия алуу үчүн берилген так эмес маалыматтар табылган учурда;
2) кызмат адамы тиешелүү кызмат ордун ээлеген (акыркы 12 календардык айдын ичинде ээлеген) лизинг компаниясынын кызмат адамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан санкциялар системалуу (акыркы 12 календардык айда үч же андан көп жолу) колдонулса;
3) жоюлбаган соттуулугу болсо.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лизинг компаниясынын кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдугун чакыртып алган учурда иш берүүчү бул адам менен эмгек келишимин бузууга же эмгек келишими жок болгон учурда бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
7-глава. Лизинг компаниясынын бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу
29. Лизинг компаниясы "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген отчеттуулук формасына ылайык өзүнүн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө тийиш.
30. Лизинг компаниясы квартал сайын, отчеттук квартал аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү:
1) отчеттук мезгил аяктаган датага карата финансылык абал жөнүндө отчет;
2) отчеттук мезгилдеги кирешелер, чыгымдар жана жыйынды кирешенин башка компоненттери жөнүндө отчет;
3) отчеттук мезгилде өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;
4) отчеттук мезгилде акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;
5) эсепке алуу саясатынын негизги жоболорунан жана башка түшүндүрмө маалыматтардан турган эскертүүлөр.
31. Лизинг компаниясы квартал сайын ыйгарым укуктуу органга жөнгө салуучу отчеттуулукту берүүгө милдеттүү. Жөнгө салуучу отчеттуулукту берүү формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
8-глава. Лизинг компаниясын кайра уюштуруу жана жоюу
32. Лизинг компаниясы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык өз ишин токтотушу мүмкүн. Бул үчүн лизинг компаниясы 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лизинг компаниясынын ишин токтотуунун себептерин көрсөтүү менен катты, лицензиянын түп нускасын жана эгерде алар болсо анын көчүрмөлөрүн, ошондой эле лизинг компаниясынын лицензия алган датадан тартып ал ишин токтоткон датага чейинки лицензиялык ишти жүргүзүүнүн бардык мезгилиндеги иши жөнүндө отчетту берүүгө тийиш.
33. Лизинг компаниясы жоюу же кайра уюштуруу аркылуу өз ишин токтотот.
34. Лизинг компаниясынын иш процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
| Кыргыз Республикасынын аймаганда лизинг иши жөнүндө жобого тиркеме |
Макулдук берүүгө жана кызмат ордуна дайындоого талапкердин АНКЕТАСЫ
1. Фамилиясы ______________________________________________________________________________
Аты _______________________________________________________________________________________
Атасынын аты ______________________________________________________________________________
2. Сунушталган позицияны көрсөтүңүз __________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(кызмат орду, уюмдун аталышы)
3. Эгерде фамилияңызды алмаштырсаңыз, качан, кайсы себептен алмаштырылгандыгын көрсөтүңүз: ____
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
4. Туулган күнү, айы, жылы жана жери _________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
5. Улуту ___________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
6. Жарандыгы (эгерде өзгөрсө качан, кайсы себептен улам өзгөрүлгөндүгүн көрсөтүңүз) ________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
7. Паспорттук маалыматтары, сериясы: __________________ номери: _______________________________
берилген датасы ___________________ ким тарабынан берилген ___________________________________
8. Жашаган жери (катталган жери): _____________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
9. Билими: _________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
10. Илимий даражасы, илимий наамы, качан берилген, дипломдордун номерлери _____________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
11. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши (жогорку жана орто атайын окуу жайларды,
аскердик кызматты, айкалыштырып иштеген ишти, ишкердик ишти ж.б. кошкондо).
Бул пунктту толтурууда мекеме, уюм, ишкана өз учурунда кандай аталса ошол аталышын көрсөтүңүз ___
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
12. Сиз жана сиздин жакын туугандарыңыз соттолдубу, качан жана эмне себептен улам соттолду _______
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
13. Үйдүн дареги жана телефон номери ________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
14. Сизге же сиз маанилүү катышуучу катары байланышта болгон компанияга карата кайсы бир өлкөдө:
- укук бузуулар жана/же кылмыштар үчүн айып коюлдубу: _________________________________________
(ооба/жок)
- тартиптик жаза чаралары колдонулдубу: _______________________________________________________
(ооба/жок)
Эгерде болсо укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен укук коргоо органы тарабынан коюлган айыпты,
мамлекеттик орган колдонгон ар кандай айыптоону же тартиптик жаза чараны, териштирүүлөрдүн
жыйынтыктарын, соттун чечимдерин толук баяндаңыз: ____________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
15. Сизге карата кайсы бир кесиптик иште иштөөгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынса, аны көрсөтүңүз.
Эгер тыюу салынса, түшүндүрмө бериңиз ________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
Мен, ______________________________________________________________________________________,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
анкетада жогоруда берилген маалыматтар анык, толук болуп саналгандыгын жана анкетада көрсөтүлгөн
суроолор боюнча менин билимиме жана маалыматтарыма ылайык берилгендигин ырастайм.
Мен атайылап бурмалаган жана ката кетирген учурда - бул сунушталган кызмат ордуна макулдашуудан
баш тартуу жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз боло тургандыгын билем.
Толтурулган дата: 20____-жылдын "_______" ____________________
Колу: ______________________________________________________