Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июнундагы № 486-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2024-жылдын 6-сентябры № 536-р
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Чыгармачылык ишке дем берүү жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын чыңдоо учун шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 265 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги белгиленген тартипте атайын эсептердин каражаттарынын эсебинен жыл сайын атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасында конкурсту ишке ашырууга жана авторлордун 6га чейин чыгармаларын басып чыгарууга (тандалып алынган бир чыгармага 200 нускага чейинки тираж) 2000000 (эки миллион) сомго чейин карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Тартылган министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А. У. Жапаров |