Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 435
Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы № 936 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине айрым мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |