Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-марты № 143

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги№ 167 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жободо:

- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Жарандарды каттоо үчүн зарыл болгон арыздардын жана башка документтердин формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.";

экинчи, үчүнчү абзацтардагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 8-пунктта:

"Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

он төртүнчү абзацтагы "УККнын жана ИИМдин" деген сөздөр "улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 9-пункттун жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Кыргыз Республикасынын жарандары жараксыз паспорттор менен жаңы жашоочу жерге келген учурда каттоону эсепке алуу органдары мындай адамдарды ким экендигинин аныкталгандыгы боюнча каттайт.

Мында жараксыз паспорттор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте алмаштырылууга тийиш. Жараксыз паспорттор жок кылуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан коштоочу кат менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет. Каттоону эсепке алуу органдары жарандарга жараксыз паспортун белгиленген тартипте алмаштырууну сунуш кылууга тийиш.";

- 12-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 14-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 16-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Аскер кызматчыларын (мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды кошпогондо) жашаган жери боюнча каттоо аскер бөлүгүнүн командачылыгы берген өздүк күбөлүгүн көрсөтүү менен же болбосо паспорту боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген маалымкаттар боюнча жүргүзүлөт.";

- 25-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын", "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын", "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 26-пункттагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускамада:

- 100-пункттагы "Калыбына келтирилди" деген штамп" деген сөздөр "жазуунун калыбына келтирилгенин ырастоочу белги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров