Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июнундагы № 486-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 536-т тескемесине) |
"40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конкурсту өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын региондорунан авторлордун чыгармаларын баалоодо келип чыгуучу укуктук жана уюштуруу мамилелерин жөнгө салат (мындан ары - Конкурс).
2. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
уюштуруучу - интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент);
катчылык - Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары - Мамлекеттик фонд);
калыстар тобу - конкурстук чыгармачыл материалдарды кароо жана катышуучулардын мыкты иштерин аныктоо үчүн эксперттердин тобу (мындан ары - Калыстар тобу);
катышуучулар - Конкурска катышууга өтүнмө берген, 18 жашка толгон жана андан жогору Кыргыз Республикасынын жарандары;
Конкурска катышууга өтүнмө - катышуучунун Конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн шарттарда Конкурска катышуусун жазуу жүзүндө ырастоосу (мындан ары - өтүнмө).
2-глава. Конкурстун максаты жана милдеттери
3. Конкурстун негизги максаты кыргыз тилин жана улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу жана илгерилетүү болуп саналат.
4. Конкурстун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) патриотизмди жандандырууга, маданий потенциалды сактоого, улуттук мурасты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын тагдырына тиешелүү тарыхый аң-сезимди калыптандырууга өбөлгө түзгөн чыгармалардын авторлорун колдоо;
2) республиканын региондорунан адабиятчылардын чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
3) азыркы учурдагы авторлордун мыкты адабий чыгармаларын популярдаштыруу;
4) жарандык коомдо базалык баалуулуктарды бекемдөө;
5) кыргыз адабиятына салым кошууга жөндөмдүү жаңы таланттуу авторлорду издөө, чыгармачылык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү жана алардын чыгармачылыгына кеңири окурмандардын көңүлүн тартуу.
5. Уюштуруучу төмөнкүлөрдү камсыздайт:
1) бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды;
2) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка Конкурс жөнүндө маалыматтарды жеткирүүнү;
3) Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды алар расмий жарыяланган датадан мурда ачыкка чыгарууга жол бербөөнү.
6. Конкурстан өткөн катышуучулардын чыгармаларынын саны Калыстар тобунун чечими менен аныкталат.
3-глава. Калыстар тобун түзүү жана анын функциялары
7. Калыстар тобунун курамы илимдин, билим берүүнүн жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринин, эксперттердин, жазуучулардын, адабий сынчылардын, журналисттердин ичинен 9 адамдан кем эмес санда түзүлөт жана Конкурстун уюштуруучусунун буйругу менен бекитилет.
8. Калыстар тобу:
1) Конкурска көрсөтүлүүчү жана ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарга жана критерийлерге ылайык келген чыгармаларды баалайт;
2) катышуучунун ар бир чыгармасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык басма продукциясын (китептерди) басып чыгарууга чечим чыгарат;
3) уюштуруучунун бекитүүсүнө берүү үчүн Конкурста жеңген катышуучулардын чыгармаларынын тизмесин түзөт;
4) Конкурска келип түшкөн чыгармалардын авторлугунун купуялуулугун камсыздайт.
Калыстар тобунун жыйналышында чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, мында добуштар бирдей болуп калган учурда Калыстар тобунун төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
4-глава. Конкурска көрсөтүлүүчү чыгармаларга карата талаптар
9. Конкурска көрсөтүлүүчү чыгармалар (кол жазма) жарыяланбаган жана мамлекеттик же расмий тилдерде жазылган болууга тийиш. Конкурска көркөмдүк деңгээлге, этикалык баалуулуктарга жооп бербеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар кабыл алынбайт.
10. Конкурска чыгармалар авторлор же алардын укук улантуучулары (ишенимдүү өкүлдөрүнө автордук укук мураскерлери) тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн. Өзүнүн чыгармаларын көрсөтүү менен авторлор бул чыгармаларга бардык автордук укуктар өзүнө гана таандык экенине жана бул чыгармаларга өзгөчө укуктар үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбегенине кепилдик берет. Үчүнчү жактардын укуктарын бузган авторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
11. Конкурска берилген чыгармалардын көлөмү 500 беттен (аралыктары менен) ашпоого тийиш. Конкурстук иштер word же pdf форматтарында кабыл алынат. Кеглдин өлчөмү 14, Times New Roman шрифти, саптардын ортосундагы интервал - бир, жээктери - стандарттуу.
12. Чыгарма "40 район - 40 китеп" конкурсу" деп көрсөтүү менен Мамлекеттик фонддун электрондук почтасына жөнөтүлүүгө тийиш.
13. Бир автордон ар бир номинацияга бирден чыгарма (жалпы идея менен бириктирилген чыгармалардын циклы) боюнча өтүнмө берилиши мүмкүн. Ар бир номинацияга катышуу үчүн тиркелген чыгарма менен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өзүнчө өтүнмө толтурулат.
14. Чыгармага автордун чыныгы аты же анын жеке купуя ысымы менен кол коюлушу мүмкүн. Чыгарманын аягында анын түзүлгөн датасы көрсөтүлүшү зарыл.
15. Ушул Жобонун 19-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн номинациялык документтердин толук топтому жок болгон же Конкурстун талаптары сакталбаган учурда чыгарма катчылык тарабынан Конкурстун Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн кароосуна берилбейт.
16. Конкурска төмөнкү чыгармалар кабыл алынбайт:
1) Конкурска катышууга өтүнмө толтурулбаган;
2) тексттердин көлөмү боюнча Конкурстун шарттарында көрсөтүлгөн параметрлерден ашып кеткен;
3) экстремизмге чакыруу камтылган, ченемдик эмес лексика колдонулган, зордук-зомбулукка жана ырайымсыздыкка пропагандалаган;
4) Конкурстун тематикасына же ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген.
5-глава. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
17. Катчылык Конкурстун башталышы жөнүндө жарыяны Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) жана Мамлекеттик фонддун сайттарына жайгаштырат.
18. Катчылык жана райондук мамлекеттик администрациялар Конкурсту өткөрүүнүн тартибин чагылдырууга жалпыга маалымдоо каражаттарын тартууну жүзөгө ашырат.
19. Конкурска катышуу үчүн катышуучулар ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмөнү толтурат жана райондук мамлекеттик администрацияга берилет, ал ушул Жобонун 19-пунктуна ылайык зарыл болгон материалдардын толуктугу жана комплекттүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
20. Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
1) аннотация (word форматында, 12-шрифт менен бир беттен ашпаган);
2) катышуучунун кыскача чыгармачылык өмүр баяны;
3) чыгарманын word же pdf форматтарындагы электрондук версиясы.
21. Конкурска катышууга өтүнмө жана ага тиркелген документтер райондук мамлекеттик администрация тарабынан катчылыкка (Мамлекеттик фондго) жөнөтүлөт.
22. Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1) "Проза" - романдар, повесттер, аңгемелер жыйнактары;
2) "Поэзия" - поэмалар, ырлар жыйнактары;
3) "Публицистика" - макалалардын жана публицистикалык чыгармалардын жыйнактары;
4) "Балдар жана өспүрүм курактагылар үчүн адабият" - романдар, повесттер, аңгемелер, жомоктор, ырлар жыйнактары;
5) "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү боюнча адабият";
6) "Маданият жана искусство боюнча адабият" - альбом-каталогдор, фотоальбомдор ж.б.
23. Сунушталган чыгармалар төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:
1) көркөм баалуулук;
2) идея (оригиналдуулук, негизги ойду кароого болгон мамиле);
3) социалдык маанилүүлүк;
4) чыгарманын идеясынын масштабдуулугу;
5) көркөм образдын кооздугу;
6) чыгарманын бүтүндүгү;
7) форма (ыр түзүлүшүнүн жана прозалык чыгармаларды жазуунун эрежелерин сактоо).
24. Конкурстук иштерди баалоо критерийлери:
1) көркөм баалуулук:
критерий конкурстук иштин чыгармачылык жана тилдик жагын, сабаттуулугун (орфография, пунктуация, грамматика, лексика), оригиналдуулугун, этикалык маанилүүлүгүн, образдуулугун, эстетикалуулугун, жаңычылдыгын, тарыхыйлыгын, дүйнө таанымдык аспектин, формасынын жана мазмунунун шайкештигин аныктоого жана баалоого мүмкүндүк берет;
2) идея (оригиналдуулук, негизги ойду кароого болгон мамиле):
идеяны баалоо критерийлери: жаңычылдык, оригиналдуулук, логикалуулук, таасирдүүлүк, негизгилик (идея бир бүтүн катары кабыл алынат), комплекстүүлүк;
3) социалдык маанилүүлүк:
критерий социалдык маанилүүлүк катары коомдогу окуялардын жүрүшүнө таасир этүү жөндөмүн билдирет жана социалдык маанилүүлүк бир катар факторлор менен байланышкан, анын ичинде экономикалык өнүктүрүү, социалдык адилеттүүлүк, билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана экология;
4) идеянын жана чыгарманын масштабдуулугу:
идеянын жана чыгарманын масштабдуулугун аныктоочу критерий бул анын маанилүүлүгү жана окурмандардын калың катмары үчүн жагымдуулугу;
5) көркөм образдын кооздугу:
критерий конкурстук чыгарманын негизги өзөгү, анын базалык компоненти катары көркөм образдын кооздугун баалоого мүмкүндүк берет, көркөм образдын кооздугунун аныкталган критерийлери: баяндоо стилинин, чеберчиликтин, идеянын же концепциянын, эмоционалдык таасирдин көрктүүлүгү;
6) чыгарманын бүтүндүгү:
критерий чыгарманын ички түзүлүшүн аныктайт: сюжет, конкурстук чыгарманын каармандары, анын бүтүндүгүн көрсөтүү катары сюжеттик-композициялык биримдик;
7) форма (ыр түзүлүшүнүн жана прозалык чыгармаларды жазуунун эрежелерин сактоо):
поэтикалык тексттин формасынын критерийи: система, өлчөмү, ыргагы, строфа, уйкаштык, үндүн сөздөгү чагылдырышы;
прозалык тексттин формасынын критерийлери: сюжет, композиция, персонаждар системасы (негизги - экинчи даражадагы -эпизоддук), көркөм ыкмалар, тили жана стили, чыгармачылык манерасы.
25. Конкурсту өткөрүү мөөнөтү узартылган же башка өзгөрүүлөр болгон учурда катчылык Министрликтин жана Мамлекеттик фонддун расмий сайттарына кошумча маалыматтарды жарыялайт.
26. Катчылык райондук мамлекеттик администрациялардан зарыл болгон документтер менен өтүнмөнү кабыл алат жана каттайт. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин катчылык 14 жумуш күндүн ичинде документтерди Конкурстун талаптарына ылайык келишине карата текшерет.
27. Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун жалпы мөөнөтү катчылык өтүнмөлөрдү каттаган күндөн тартып 2 (эки) айды түзөт.
28. Конкурстун бардык катышуучуларынын тизмеси Министрликтин жана Мамлекеттик фонддун расмий сайттарына жайгаштырылат.
29. Калыстар тобу бир айлык мөөнөттө катышуучулардын чыгармаларын алдын ала тандоону жүргүзөт. Чыгармаларды баалоо үчүн Калыстар тобу биринчи жыйналышта бекитилүүчү чыгармаларды баалоо индикаторлору менен ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык баалоо барагын толтурат. Баалоо барагы чыгармаларга карата негизги талаптарды камтууга тийиш, аларга ылайык келиши балл түрүндө бааланат. Калыстар тобунун чечими протокол менен таризделет, ага Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү кол коёт жана катчылыктын андан ары аткаруусу үчүн уюштуруучуга жөнөтүлөт.
30. Конкурстун жыйынтыгы Министрликтин жана Мамлекеттик фонддун сайттарына жайгаштырылат.
6-глава. Жеңүүчү болгон авторлордун чыгармаларын басып чыгаруу
31. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Конкурстун жеңүүчүлөрү басма продукциясын басып чыгарууга келишимдин тарабы болуп саналат.
32. Калыстар тобунун чечиминин негизинде Мамлекеттик фонд Конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзөт.
7-глава. Тандалып алынган конкурстук иштерди каржылоо
33. Министрликтин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен жыл сайын тандалып алынган бир чыгармага 200 нускага чейинки тиражда авторлордун бга чейинки чыгармаларын басып чыгарууга акча каражаты каралат.
34. Конкурстун жеңүүчүлөрү болгон авторлордун 6га чейинки чыгармаларын басып чыгарууга 2000000 (эки миллион) сомго чейинки өлчөмдө акча каражаты бөлүнөт.
35. Конкурстун жеңүүчүлөрү болгон авторлордун чыгармаларын басып чыгарууну каржылоо Мамлекеттик фонд тарабынан ишке ашырылат.
|
| "40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
"40 район - 40 китеп" адабий конкурсуна катышууга ӨТҮНМӨ
Өтүнмөнү кароону жана "40 район - 40 китеп" адабий конкурсуна катышуучулардын ичине киргизүүнү суранам.
Өтүнмө ээсинин (автордун) аты-жөнү |
|
Адабий чыгарманын аталышы жана кыскача баяндамасы |
|
Жанр: проза, поэзия, публицистика, балдар жана өспүрүм курактагылар үчүн адабият, кыргыз тарыхы боюнча адабият, адабият таануу, адабий киносценарийлер, драматургия, көркөм котормо | Керектүү жанрдын алдын сызуу керек |
Аннотация | word форматында, 12-шрифт менен бир беттен ашпаган |
Өтүнмө ээсинин кыскача (чыгармачылык) өмүр баяны; өз чыгармаларын качан жана кайсы жерде басып чыгарган |
|
Өтүнмө ээсинин сүрөтү (уруксат 20х15 см линиялык өлчөмдөгү 300 dpi кем эмес) санариптик түрдө берилет жана катчылыкка ушул өтүнмө менен бирге электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт |
|
Өтүнмө ээсинин жашаган дареги (иш жүзүндө) |
|
Өтүнмө ээсинин жеке маалыматтары (паспорт №) |
|
Өтүнмө ээсинин почта дареги |
|
Өтүнмө ээсинин е-mailи |
|
Байланыш телефону (уюлдук) |
|
Банк реквизиттери (банктын аталышы, БИК, алыш-бериш эсеби) |
|
Мен "40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө жободо баяндалган Конкурстун шарттары менен таанышканымды жана макул экенимди ырастайм. Мен бул өтүнмөдө көрсөткөн бардык маалыматтар өтүнмө берилген учурга карата анык экендигин ырастайм. Мен Конкурстун уюштуруучусунун жана Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн чечими акыркы болуп саналарына макулмун. Өтүнмө ээсинин аты-жөнү: _____________________________________________ Колу: _____________________________________ | |
|
| "40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга МАКУЛДУК
Калктуу конуш:
20______- жылдын "____" _________________
Мен ________________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
________________________________________________________________ дареги боюнча жашайм
Ким экендигин ырастоочу документ: __________________________ серия ______________________
№ __________________________________________________________________ (документтин түрү)
______________________________________________________________________________ берилген
(берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
(ишенимдүү адам үчүн)
____________________________________________________________________________________
атынан иш алып барган (аты-жөнү)
төмөнкү дарек боюнча жашаган:
____________________________________________________________________________________
Ким экендигин ырастоочу документ: ________________ серия ______________________________
№ _________________________________________________________________ (документтин түрү)
______________________________________________________________________________ берилген
(берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
______________________________________________________________________________ негизинде
(ишеним кат, мыйзам, башка укуктук акт)
эркин, түшүнүү менен, өз эрким менен төмөнкүлөргө макулдук берем:
- иштеп чыгууга (чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу максатында ыкмаларга карабастан жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан же анын тапшырмасы боюнча, автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылуучу кандай болбосун операция же операциялардын топтому):
- жеке маалыматтарды басылмаларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет тармактарында жарыялоого;
- "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга жеке маалыматтарды берүүгө (жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан берүү);
- төмөнкү жеке маалыматтарды транс чек аралык берүүгө (жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясында турган кармоочуларга берүү):
1.
__________________________________________________________________________________
2.
__________________________________________________________________________________
3.
__________________________________________________________________________________
4.
__________________________________________________________________________________
5.
__________________________________________________________________________________
6.
__________________________________________________________________________________
7.
__________________________________________________________________________________
8.
__________________________________________________________________________________
(талап кылынган маалыматтардын тизмегин көрсөтүү, мисалы: фамилиясы, аты, атасынын аты (мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты, өзгөртүлгөн датасы, жери жана себептери (өзгөртүлгөн учурда); туулган датасы жана жери; жарандыгы жөнүндө маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыктары); билими жөнүндө маалыматтар (билим берүү уюмунун аталышы жана аяктаган жылы, билими жөнүндө документтин аталышы жана реквизиттери, билими жөнүндө документ боюнча квалификациясы, даярдоо багыты же адистиги); окумуштуулук даражасынын болушу жөнүндө маалыматтар; чет тилдерди билүүсү, билүү деңгээли тууралуу маалыматтар; спорттук наамы, спорттук разряды; жашаган жеринин дареги (турган жери); байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары тууралуу маалыматтар; ким экендигин күбөлөндүрүү документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруунун камсыздандыруу күбөлүгүнүн номери; милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин реквизиттери; аскердик милдетке мамилеси, аскердик эсепке алуу боюнча маалыматтар (запаста турган жарандар жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар үчүн); үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөсүнүн курамы; эмгек иши жөнүндө маалыматтар (аскердик кызматты, айкалыштыруу боюнча ишти, ишкердик ишти ж.б. кошкондо); мамлекеттик сыйлыктары, башка сыйлыктары жана артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан сыйланган); соттуулугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалымат; кирешелер, чыгашалар жөнүндө, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар; жеке сүрөтү).
Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды мага мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүү максатында иштеп чыгуу үчүн берем
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(кызмат көрсөтүүнүн аталышы көрсөтүлсүн)
Мен, төмөнкүлөр менен тааныштым:
1) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана жарыялоого макулдук ушул макулдукка кол коюлган датадан тартып мага мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматтарды сактоонун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот;
2) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана жарыялоого макулдук эркин формадагы жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде кайра чакыртып алынышы мүмкүн.
3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана жарыялоого макулдук кайра чакыртып алынган учурда менин жеке маалыматтарымды иштеп чыгуу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 15-беренелерине ылайык толугу менен же жарым-жартылай улантылышы мүмкүн.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу башталган дата:
__________________________________________________________________________________
(күнү, айы, жылы)
20______- жылдын "____" _________________
________________________________ |
| ______________________________________ |
Колу |
| Аты-жөнү |
|
| "40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Конкурстун Калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан конкурстук иштерди БААЛОО
Калыстар тобу ар бир номинацияга балл менен баа коёт.
Конкурстук иш 0дөн тартып максималдуу 70 баллга чейин топтошу мүмкүн.
Баалоо критерийлери:
- көркөм баалуулук - 0дөн 10 баллга чейин;
- идея (оригиналдуулук, негизги ойду кароого болгон мамиле) - 0дөн 10 баллга чейин;
- социалдык маанилүүлүк - 0дөн 10 баллга чейин;
- чыгарманын идеясынын масштабдуулугу - 0дөн 10 баллга чейин;
- көркөм образдын кооздугу - 0дөн 10 баллга чейин;
- чыгарманын бүтүндүгү - 0дөн 10 баллга чейин;
- форма (ыр түзүлүшүнүн жана прозалык чыгармаларды жазуунун эрежелерин сактоо) - 0дөн 10 баллга чейин.