Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-сентябры № 543
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пунктта:
15-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) Электрондук соода аянтчасынын регламенти - Электрондук соода аянтчасынын операторунун иштөө жана аккредитациялоо тартибин, Электрондук соода аянтчасына талапкерлерди каттоо жана катышуучуларга тоорук жол-жобосуна уруксат берүү боюнча Электрондук соода аянтчасынын операторунун милдеттенмелерин, Электрондук соода аянтчасына кошуу үчүн техникалык шарттарды жана параметрлерин аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү эрежелердин жыйындысы;";
19-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимдеринин реестри - ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук форматта жүргүзүлүүчү мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча түзүлгөн, өзгөртүлгөн жана колдонулушу токтотулган келишимдердин бирдиктүү реестри;";
төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:
"20) Платформа - мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимдерин реалдуу убакыт режиминде каттоо үчүн Интернет тармагында жайгаштырылган, катталган баланс кармоочуларга ижара келишимдерин каттоого арыздарды аралыктан берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система.";
- 6-пункттун биринчи абзацында "30" деген цифралар "14" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 17-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Мамлекеттик мүлктү ижарага түз берүү үчүн баланс кармоочу келишимге кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Платформа аркылуу ыйгарым укуктуу органга ижара келишимин жана ижара келишимин түзүүгө өтүнмө жөнөтөт.";
алтынчы жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пунктта:
биринчи абзацта "каты" деген сөз "өтүнмөсү" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчи абзац "ижара келишимин" деген сөздөрдөн кийин "Платформа аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32-пункттун биринчи абзацында "он" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 33-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Тоорук, анын ичинде тоорукту кайталап өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү ЭСАнын регламентине ылайык тоорук өткөрүлүүчү датага чейин 14 (он төрт) календардык күндөн кечиктирилбестен ЭСАга жайгаштырылууга тийиш.";
- 41-пункттун биринчи абзацында "он", "беш" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "беш", "үч" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 46-пункттун 1-пунктчасында "аянты 500 квадраттык метрден жогору болгон" деген сөздөр "ушул Жобонун 45-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 49-пунктта:
биринчи абзацта "2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта "төрт" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 55-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55. Өткөрүлгөн тоорук жана жеңүүчү сунуштаган ижара акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен ижара объектиси жөнүндө маалыматты камтыган тооруктун жыйынтыктары тууралуу протокол жеңүүчүнүн мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимин түзүүгө болгон укугун ырастайт;
Тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюу тартиби (эгер тоорук болуп өткөн болсо) ЭСА регламенти менен аныкталат.";
- 59-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Жеңүүчүгө тооруктун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо тартиби ЭСА регламенти менен аныкталат.";
- 61-пунктта "төрт" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 62-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экинчи орунду ээлеген катышуучу мамлекеттик мүлктүн ижарасы келишимин түзүүдөн качкан же баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарат жана белгиленген тартипте кайра тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматты жайгаштырат.";
- 64-пункттун экинчи сүйлөмү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 69-пунктта "67-пунктунун 1-пунктчасында" деген сөздөр "67-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 80-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмү, ошондой эле ижара акысынын старттык өлчөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик курулмаларды, имараттарды, анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада каралган тартипте аныкталат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"101. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик дарыканалар жана мамлекеттик ишкананын кампалары мамлекеттик имараттарга жана жайларга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана ушул имаратты (жайды) күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен мамлекеттик имараттардын жана жайлардын баланс кармоочулары менен түзүлгөн акысыз убактылуу пайдалануу келишиминин шарттарында жайгаштырылат.";
- 11-пункттун биринчи абзацында "анын ичинде" деген сөздөр "атап айтканда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 69 (3623) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |