Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 566
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүүнү жана токойду пайдаланууну камсыз кылуу, мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө эрежелерин оптималдаштыруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибинде:
– 1-пунктта:
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) токойду илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу жана аңчылык чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдалануу;”;
9-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 5-пункттун он биринчи абзацы “энергетикалык орнотмолорду” деген сөздөрдөн кийин “, туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин” деген сөздөр менен толукталсын;
– 10-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 231-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“231. ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган мамлекеттик токой фондунун жерлерин өткөрүп берүү ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан өткөрүлүүчү конкурстук тандоонун негизинде жүргүзүлөт.”;
– 4-главанын 7-параграфы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“§ 7. Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык,
туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын
жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын
объекттерин куруу үчүн пайдалануу
65. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн пайдалануу укугун берүү конкурстук негизде жана токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн пайдалануу укугун мамлекеттик токой фондунун төмөнкүдөй статуска ээ болгон жерлерине берүүгө жол берилбейт:
илимий мааниге ээ болгон токойлор, анын ичинде генетикалык резерваттар жана жаратылыш эстеликтери;
2) суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо зоналарынын биринчи жана экинчи алкактарындагы токойлор;
3) дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка суу объекттеринин жээктери боюнча токойлордун тыюу салынган тилкелери.
66. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн пайдалануу укугун алган токойду пайдалануучу Келишимге кол коюлган күндөн тартып бир жылдын ичинде токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органына Токойду пайдаланууну уюштуруу долбоорун берүүгө милдеттүү.
67. Туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин курууга жерди жана аянтты тандоо экологиялык жүктөмдү эске алуу менен токой жайгаштыруу уюму тарабынан жүргүзүлөт.
Туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттеринин курулушу архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарын сактоо менен белгиленген тартипте таризделген мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
68. Токой жерлерин маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн пайдалангандыгы үчүн акы төлөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
А = Рж х Эст,
мында:
А – токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Рж – жыгач ресурстарынан түшкөн дүң капиталдаштырылган киреше, токой өстүрүү шарттарын эске алуу менен ижарага берилген участоктогу жыгач көчөттөрүнүн түшүмдүүлүгүнө жараша белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 токтому менен бекитилген Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибине ылайык аныкталат;
Эст – жерди ижарага берүү мезгилине карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяланат.
69. Токой эмес жерлерде маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын объекттерин жана автомобиль транспортунун инфраструктурасын куруу үчүн токойду пайдалангандыгы үчүн акы төлөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
А = Бтэж х Эст,
мында:
А – токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда пайдалангандыгы үчүн, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн акы төлөө;
Бтэж – токой эмес жерлерди баалоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 токтому менен бекитилген Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибине ылайык аныкталат;
Эст – жерди ижарага берүү мезгилине карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяланат.”;
– 741-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“741. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан конкурстук тандоонун негизинде уюштуруучу тарабынан жүзөгө ашырылат. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө келишим ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан конкурстук тандоонун негизинде жеңүүчү деп табылган адам менен токой чарба өндүрүшүнүн боло турган зыяндарынын жана жоготууларынын эсебине жеңүүчү эсептик көрсөткүчтүн 5000 (беш миң) өлчөмүндөгү сумманы төлөгөндө түзүлөт.”;
– 744-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“744. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу мамлекеттик экологиялык экспертизанын, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча мамлекеттик органдын белгиленген тартипте таризделген оң корутундуларынын негизинде, архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарын сактоо менен, ошондой эле токой чарба өндүрүшүнүн зыяндары менен жоготууларынын эсеби менен токой жайгаштыруу корутундусу болгондо жүргүзүлөт. Токой чарба өндүрүшүнүн чыгымдарынын жана жоготууларынын суммасы пайдалануучу тарабынан мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин 3 (үч) жылдын ичинде бирдей үлүштөр менен төлөнөт, буга ушул Тартиптин 741-пунктунда көрсөтүлгөн сумма кирбейт.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |