Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 565
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Кыргызстан айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Кыргызстан айыл аймагында “Кичи-Капка” контролдоо-өткөрмө пунктун ачуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 16-майындагы № 01-17/2265 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 14-мартындагы № 87 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Кыргызстан айыл аймагында жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жеринин № 8 контурдагы 2,50 га, № 37 контурдагы 3,0 га, жалпы аянты 5,50 га болгон жер участогу “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
– жогоруда аталган жер участогун максаттуу пайдаланууну;
– аталган жер участогунун шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
– жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, аз өнүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда алардын тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндөмыйзамдарга ылайык сакталышын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |