Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 12-декабры № 766-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 547-т, 2025-жылдын 20-январындагы № 22-т, 2025-жылдын 12-августундагы № 690-т, 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Курулуш тармагында, жер титирөөгө туруктуу, жол жана гидротехникалык курулушта, энергетикада, өнөр жайда кеңири колдонулуучу базальт үзгүлтүксүз булалардын, бекемдөөчү, композициялык жана жылуулук изоляциялоочу материалдардын өнөр жайлык өндүрүшүн түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Базальт булалары жана материалдары" мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2026-жылдын 30-сентябрына чейин:
1) жарандык курулушта, гидротехникалык курулушта, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбада, ошондой эле транспорттук коммуникация жана жарандык коопсуздук объекттерин курууда базальт материалдарын колдонууну эске апуучу/кароочу долбоорлоо ченемдерин жана эрежелерин жаңылоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү сунуштарды киргизсин;
2) курулуш тармагында, жол курууда, гидротехникалык курулушта, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбада, ошондой эле имараттардын, курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылууда базальт продукциясын пайдалануу боюнча программалардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү сунуштарды киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 547-т, 2025-жылдын 12-августундагы № 690-т, 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 30-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 547-т, 2025-жылдын 12-августундагы № 690-т, 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты оперативдүү тартипте берсин жана анын ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
«Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Акунбеков Эрлист Абакирович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеттүү өнөр жайы министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Жаныбеков Тариэль Камалбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары; |
Жумалиев Нурбек Алмазбекович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мукашев Кыялбек Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Хасенова Гулнара Идрисовна | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаменттин директорунун орун басары; |
Бикулов Дамирбек Жантураевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары; |
Жабудаев Түрүкмен Жусупбекович | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин илим башкармалыгынын начальниги; |
Тынчыбек уулу Рыскул | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине карашту «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу; |
Райымжан уулу Бакыт |
| Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын «Суу чарба объектерин куруу дирекциясы» мамлекеттик мекемесинин башкы инженери;
|
Сулайманова Айнура Жумалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы; |
Канаев Байэл Жамшитбекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетика башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Кудайбергенова Нургүл Садыкбековна | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Курулуш архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө бөлүмүнүн башчысы; |
Бейшенбеков Жанарбек Торобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Бакиров Айзек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М. Адышев атандагы Геология институту мекемесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев Жанболот Качкынбаевич | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Теориялык жана жалпы электроника» кафедрасынын профессору (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Жолдошбек Чубакович | - | «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча). ». |