РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 766-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакция12.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 12-августу № 618-т

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 360 «2024–2030-жылдарга «Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2024–2030-жылдарга «Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 766-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун биринчи абзацында «31-майына» деген сөздөр «30-сентябрына» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пунктта «30-июнуна» деген сөздөр «30-октябрына» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

Тиркеме

«Тиркеме

«Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы

 

Акунбеков Эрлист Абакирович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеттүү өнөр жайы министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Сыдыков Бакыт Толомушевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Жаныбеков Тариэль Камалбекович

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары;

Жумалиев Нурбек Алмазбекович

-

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Мукашев Кыялбек Белекович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Хасенова Гулнара Идрисовна

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаменттин директорунун орун басары;

Бикулов Дамирбек Жантураевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары;

Жабудаев Түрүкмен Жусупбекович

-

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин илим башкармалыгынын начальниги;

Тынчыбек уулу

Рыскул

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине карашту «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу;

Райымжан уулу

Бакыт

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын «Суу чарба объектерин куруу дирекциясы» мамлекеттик мекемесинин башкы инженери;

 

Сулайманова Айнура Жумалиевна

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы;

Канаев Байэл Жамшитбекович

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетика башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Кудайбергенова Нургүл Садыкбековна

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Курулуш архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө бөлүмүнүн башчысы;

Бейшенбеков Жанарбек Торобаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Бакиров Айзек Асанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М. Адышев атандагы Геология институту мекемесинин директору (макулдашуу боюнча);

Айдаралиев Жанболот Качкынбаевич

-

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Теориялык жана жалпы электроника» кафедрасынын профессору (макулдашуу боюнча);

Ибраев Жолдошбек Чубакович

-

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча). ».