Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 766-т («Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 12-декабры № 766-т
Курулуш тармагында, жер титирөөгө туруктуу, жол жана гидротехникалык курулушта, энергетикада, өнөр жайда кеңири колдонулуучу базальт үзгүлтүксүз булалардын, бекемдөөчү, композициялык жана жылуулук изоляциялоочу материалдардын өнөр жайлык өндүрүшүн түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Базальт булалары жана материалдары" мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2023-жылдын 31-декабрына чейин "Базальт булалары жана материалдары" мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 31-январына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына "Базальт булалары жана материалдары" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин кызыкдар министрликтер менен макулдашылган долбоорун киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты оперативдүү тартипте берсин жана анын ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
"Базальт булалары жана материалдары"
мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу
жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу
топтун курамы
Торобаев Бакыт Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Усенбекова Айнура Доктурбаевна | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Солтобаев Талантбек Осмонбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары; |
Кулматов Эделбек Маматкулович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Абазбек уулу Расул | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Умтулов Нурлан Джумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Салиев Алмаз Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Хасенова Гулнара Идрисовна | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаменттин директорунун орун басары; |
Жээналиев Жалын Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары; |
Калилов Руслан Кадырович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын жер казынасын иштетүү башкармалыгынын начальниги; |
Рысалиев Зарлык Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Суу чарба курулмаларын куруу дирекциясынын башкы инженери; |
Сулайманова Айнура Жумалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы; |
Эсенгулов Мирбек Өмүрбекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси; |
Кудайбергенова Нургул Садыкбековна | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун имараттарды жана курулмаларды инженердик текшерүү бөлүмүнүн башчысы; |
Исманов Самат Жекшеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Бакиров Айзек Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М.Адышев атындагы Геология институтунун директорунун милдеттерин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев Жанболот Качкынбаевич | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин физика кафедрасынын профессору (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Жолдошбек Чубакович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча). |