Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-сентябры № 547-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 360 "2024-2030-жылдарга "Базальт булалары жана материалдары" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2024-2030-жылдарга "Базальт булалары жана материалдары" мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 766-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2025-жылдын 1-июлуна чейин:
1) жарандык курулушта, гидротехникалык курулушта, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбада, ошондой эле транспорттук коммуникация жана жарандык коопсуздук объекттерин курууда базальт материалдарын колдонууну эске апуучу/кароочу долбоорлоо ченемдерин жана эрежелерин жаңылоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү сунуштарды киргизсин;
2) курулуш тармагында, жол курууда, гидротехникалык курулушта, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбада, ошондой эле имараттардын, курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылууда базальт продукциясын пайдалануу боюнча программалардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2025-жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |