Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-августу № 450
2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы өз ара соода статистикасы жөнүндө маалымат алмашуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы өз ара соода статистикасы жөнүндө маалымат алмашуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда көрсөтүлгөн Протоколду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө азербайжан тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |