Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 450 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы өз ара соода статистикасы жөнүндө маалымат алмашуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө ПРОТОКОЛ
Баку шаары, 2024-жылдын 24-апрели
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети,
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитети менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы 2004-жылдын 3-декабрындагы бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара көмөктөшүү жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) жетекчиликке алып,
өз ара сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын үзгүлтүксүз алмашуу, мындай маалыматтарды салыштыруу жана алардагы дал келбестиктердин себептерин аныктоо Тараптардын мамлекеттеринин өз ара соодасынын бажы статистикасынын аныктыгын жогорулатууга көмөк көрсөтөт жана Тараптардын мамлекеттеринин бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуунун, аныктоонун жана бөгөт коюунун натыйжалуулугуна оң таасирин тийгизет,
төмөнкү жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар квартал сайын жана жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын (мындан ары - бажы статистикасынын маалыматтары) ушул Протоколдун 1-тиркемесине ылайык өлкө боюнча Шайкеш келтирилген системанын 6 белгисинин деңгээлинде (жөнөтүлүшүнүн, дайындалышынын жана келип чыгышынын) нарктык жана натуралай түрдө алмашышат.
2-берене.
Тараптардын ар бири экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча дал келбестиктердин себептерин аныктоо талап кылынган товардык субпозицияларга карата толук маалыматты берет.
3-берене.
Тараптар ушул Протоколго ылайык алынган маалыматтарды бажы максаттарында гана пайдаланууга милдеттенме алышат. Бул маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок аны өткөрүп берүү же башка максаттарда колдонуу мүмкүн эмес.
4-берене.
Тараптар Ушул Протоколдун жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салууну камсыз кылуучу өздөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүн жана кызмат адамдарын аныкташат жана аларга түз байланыштарды ишке ашырууга ыйгарым укук беришет.
5-берене.
Маалыматтарды берүүнүн методологиялык, уюштуруучулук жана техникалык шарттары Тараптар тарабынан ушул Протоколдун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөр аркылуу жактырылууга тийиш.
Тараптар көрсөтүлгөн тизмелердеги өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине маалымдашат.
6-берене.
Ушул Протоколдун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө же чечмелөөдө Тараптардын ортосундагы келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
7-берене.
Ушул Протоколдун алкагында Тараптардын өз ара аракеттенүүсү орус тилинде жүзөгө ашырылат.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9-берене.
Бул Протокол Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Протокол 5 (беш) жылга түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири да жазуу жүзүндө жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу башка Тарапка ушул Протоколдун аракетин токтотуу ниети жөнүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
24-апрелде 2024-жылы Баку шаарында кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде ар бири экиден түп нускада аткарылды, ушуну менен бирге ар бир тексти бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө талаштар пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети үчүн |
|
| 1-тиркеме |
1. Өз ара соодалашуу жөнүндө маалымат берүү үчүн колдонулуучу формат.
Талаанын аталышы | Сүрөттөлүшү | Узундугу | Талаанын түрү | Үтүрдөн кийин белгилердин саны |
KG | Респонденттин коду - KG/AZ |
| Текст |
|
EI | Товарды ташуунун багыты: I - импорт; Е - экспорт. | 1 | Текст |
|
YEAR | Жыл | 4 | Текст |
|
KVART | Убакыт мезгили | 2 | Текст |
|
G 34 | Товар келип чыккан өлкөнүн коду | 2 | Текст |
|
G 15A | Жөнөтүүчү өлкөнүн коду | 2 | Текст |
|
G 17A | Дайындалган өлкөнүн коду | 2 | Текст |
|
TOV | Товардын коду (6 белги) | 6 | Текст |
|
G 46 | Товардын статистикалык наркы (АКШ доллары менен) | 17 | Сан | 2 |
G 38 | Нетто салмагы (кг) | 18 | Сан | 2 |
ED 1 | Өлчөөнүн негизги бирдигинин коду (кг) | 3 | Текст |
|
G315A | Кошумча өлчөө бирдиги боюнча товардын саны | 17 | Сан | 2 |
ED 2 | Кошумча өлчөө бирдигинин коду | 3 | Текст |
|
|
| 2-тиркеме |
Түздөн-түз байланышты кармаган ыйгарым укуктуу жактардын тизмеси.
Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин атынан |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын атынан |
Методологиялык суроолор боюнча:
Бажы статистика бөлүмү |
| Статистика башкармалыгы |
|
|
|
тел. (00 996 312)51 2118 |
| тел: (+994 12) 404 22 00 (ички: 0365) |
|
|
|
e-mail: stat@customs.gov.kg |
| e-mail: ilqar.qasimov.9790(a),customs.gov.az |
Техникалык маселелер боюнча:
Маалыматтык технологиялар башкармалыгы |
| Статистика башкармалыгы |
|
|
|
тел. (00 996 312) 51 17 81 |
| тел: (+994 12) 404 22 00 (внут: 0563) |
|
|
|
e-mail: it@customs.gov.kg |
| e-mail: vugar_guliyev@customs.gov.az |