Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 20-сентябры ПЖ № 271
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында элдик бийликтин негиздерин, улуттук аң-сезимди, элдин биримдигин жана ынтымагын мындан ары бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине
ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарында кезектеги Ill Элдик Курултайды (мындан ары - Элдик Курултай) өткөрүү 2024-жылдын 20-декабрына дайындалсын.
2. Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетине, Элдик Курултайдын катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясына (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту ден таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы Nº 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы Nº 324 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы Nº 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүң.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 73 (3627) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
Тиркеме
Кезектеги III Элдик Курултайдын 700 делегатынын
квоталарга бөлүнүшү
1. Региондук жана тармактык өкүлчүлүк | ||||
№ | Шаарлардын категориялары, айыл аймактарынын аталышы жана калктын саны боюнча бөлүнүшү | Административдик-аймактык бирдиктердин саны | Аймактык бирдиктерден делегаттардын саны | Делегаттардын жалпы саны |
Республикалык маанидеги шаарлар-2 | ||||
1 | Бишкек шаары | 1 | 74 | 74 |
2 | Ош шаары | 1 | 43 | 43 |
Облустук маанидеги шаарлар-14 | ||||
3 | Калктын саны 30 000 адамга чейин | 5 | 2 | 10 |
4 | Калктын саны 30 001ден 70 000 адамга чейин | 6 | 3 | 18 |
5 | Калктын саны 70 001ден 100 000 адамга чейин | 2 | 4 | 8 |
6 | Калктын саны 100 000 адамдан ашык | 1 | 6 | 6 |
Райондук маанидеги шаарлар-17 | ||||
7 | Калктын саны 10 000 адамга чейин | 2 | 1 | 2 |
8 | Калктын саны 10 001ден 30 000 адамга чейин | 9 | 2 | 18 |
9 | Калктын саны 30 001 адамдан ашык | 6 | 3 | 18 |
Айыл аймактары-231 | ||||
10 | Калктын саны 10 000 адамга чейин | 50 | 1 | 50 |
11 | Калктын саны 10 001ден 30 000 адамга чейин | 150 | 2 | 300 |
12 | Калктын саны 30 001 адамдан ашык | 31 | 3 | 93 |
13 | Шаарлар, айыл аймактары боюнча бардыгы: |
|
| 640 |
2. Этностук топтордун жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын өкүлчүлүктөрү | ||||
14 | Өкүлчүлүктүн аталышы | Делегаттардын саны | ||
15 | Этностук өкүлчүлүк | 30 | ||
16 | Чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары | 30 | ||
Этностук топтордун жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын өкүлчүлүктөрү боюнча жалпы: 60 делегат | ||||
Жалпы: 700 делегат | ||||
КР Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ