Загрузка документа…
| Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 1 буйругуна № 1 тиркеме |
Бакай-Ата айыл аймагында Элдик Курултайды уюштуруу өткөрүү жана Бишкек
шаарында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
иш-чара планы.
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткарууга жооптуулар | Мөөнөтү |
1. | Бакай-Ата айыл аймагынын тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп ар бир жамааттан Бакай-Ата айыл аймагынын Элдик Курултайына делегатты шайлоону уюштуруу. | Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасы К.Атантаев, Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия | 27.09.2022-жылга чейин |
2. | Бакай-Ата айыл аймагында Элдик Курултайын даярдоону жана өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыздоо | Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатов | Сентябрь, октябрь 2022-жыл |
3. | Бишкек шаарында өтүүчү биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде укук коргоо органдары менен макулдашып, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча иш аракеттерди жүргүзүү. | Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатов. | Сентябрь, октябрь 2022-жыл |
4. | Бакай-Ата айыл аймагында өтүүчү Элдик Курултай жөнүндө маалыматтарды эл арасында жайылтуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасы К.Атантаев. Айыл өкмөттүн кызматкерлери. Комиссия мүчөлөрү. | Сентябрь, октябрь 2022-жыл |
5. | Түзүлгөн графиктин негизинде Бакай-Ата айыл аймагынын жамааттарында ( Эмгек жамааттар, жаштар аксакалдар, аялдар, ардагерлер жана жашаган жери боюнча жамааттар) шайлоону уюштуруу.Ар бир шайлоого комиссиянын бир мүчөсү катышуу заарыл. | Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасы К.Атантаев. Айыл өкмөттүн кызматкерлери. Комиссия мүчөлөрү. | Графиктин негизинде 2022-жылдын 14-октябрына чейин. |
6. | Жергиликтүү жамааттарда делегаттарды шайлоо күнүндө протокол түзүүгө жардам көрсөтүү | Комиссия мүчөлөрү жана Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн кызматкерлери |
График боюнча
|
7. | Шайланган делегаттарга мандаттарды тапшыруу
| Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасы К.Атантаев.
| 2022-жылдын 21-октябрына чейин.
|
8.
| Бакай-Ата айыл аймагынын жалпы Элдик Курултайын уюштуруу жана өткөрүү. | Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасы К.Атантаев. Айыл өкмөттүн кызматкерлери жана комиссия мүчөлөрү
| 2022-жылдын 05- ноябрында Бакай-Ата райондук маданият үйүндө саат 11-00 до өтөт. |
Төрага | К. Атантаев. |
| Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 1 буйругуна № 2 тиркеме |
Бакай-Ата айыл аймагында Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча
комиссиянын курамы
1.Атантаев К. – Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасы, Комиссиянын төрагасы;
2. Дубанаев Н. – Ленинполь айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары ;
3. Калыбаева А. - Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн иш кагаздарды жүргүзүү боюнча адиси, Комиссиянын катчысы;
Комиссия мүчөлөрү:
4. Дуйшенова А. - Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты жана Бакай-Ата айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы ;
5. Анаркулов К. - Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты;
6. Анарбаева А. - Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты;
7. Сапаралиева Г. - Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты;
8. Байтиков И. – Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн кызматкери;
9. Калыбаев Б. - Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн кызматкери;
10.Сулайманов М. –Аксакалдар кеңешинин төрагасы;
11. Малабеков А. – Бакай-Ата айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы.
Төрага | К. Атантаев. |
| Ленинполь айылдык кеңешинин төрагасынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 1 буйругуна № 3 тиркеме |
Бакай-Ата айыл аймагында Элдик Курултайды өткөрүү графиги.
№ | Жааматтар ( делегаттарды шайлоо) | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1. | Наматбек айылы | Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатов Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия мүчөлөрү жана айыл өкмөттүн кызматкерлери | 2022-жылдын 17- октябрда саат 16-00 до“ И. Жанчаров” атындагы жалпы билим берүү мектебинин жайындар залында. |
2. | “Жол-Сай “участкасы боюнча | Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатов. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия мүчөлөрү жана айыл өкмөттүн кызматкерлери | 2022-жылдын 18 –октябрда саат 16-00 до “Баратбай уулу Жунусов” атындагы жалпы билим берүү мектебинин жайындар залында. |
3. | “Борбордук”участкасы боюнча | Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатов Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия мүчөлөрү жана айыл өкмөттүн кызматкерлери | 2022-жылдын 19 –октябрда саат 16-00 до “В.И.Ленин” атындагы жалпы билим берүү мектебинин жайындар залында. |
4. | “Поликлиника”участкасы боюнча. | Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатов Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия мүчөлөрү жана айыл өкмөттүн кызматкерлери Комиссия мүчөлөрү |
2022-жылдын –20 октябрда саат 16-00 до Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында |
5. | “Чоң-Алыш “участкасы боюнча. | Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатов Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия мүчөлөрү жана айыл өкмөттүн кызматкерлери Комиссия мүчөлөрү | 2022-жылдын 21 –октябрда саат 16-00 до” Бердике уулу Нарикбай” атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорт залында. |
Төрага | К. Атантаев. |