Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 453 токтомуна) |
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө механизмин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити (мындан ары - "Келечекке салым" депозити) - топтолуучу мамлекеттик депозит;
2) жетим балдар - ата-энесинин экөөсү тең же жалгыз атасы же энеси каза болгон же ата-энеси белгисиз болгон 18 жашка чейинки адамдар;
3) пайыздарды капиталдаштыруу - бул салымдын негизги суммасына белгилүү бир мезгил ичинде эсептелген пайыздарды кошуу жана андан кийин салымдын суммасына жана ага кошулган пайыздардын суммасына кирешелерди кошуп эсептөө;
4) проактивдүү кызмат көрсөтүү - бул арызсыз мүнөздөгү кызмат, аны алуу үчүн жарандардын жеке кайрылуусу талап кылынбайт;
5) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тескемеси - тиешелүү адамдарга "Келечекке салым" депозитинин/талап кылынганга чейинки эсептин каражаттарын максаттуу багыты боюнча тескөөгө укук берген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий каты;
6) талап кылынганга чейинки эсеп - 18 жашка толгондо жетим балдар үчүн ачылып жана андагы каражаттарды толук, бирок жетим балдар 25 жашка толгонго чейин пайдаланылуучу жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тескемесине ылайык жетим балдардын биринчи талабы боюнча толук же жарым жартылай уюмдун тиешелүү эсебине которулуучу салым.
3. "Келечекке салым" депозити жетим балдардын 18 жашка толгондо ден соолугун чыңдоо, жашоо шарттарын жакшыртуу жана билим алуусу максатында алардын келечегине мамлекеттин салымын камсыз кылат.
4. "Келечекке салым" депозити "Айыл Банк" ачык акционердик коомунда (мындан ары - Банк) ачылат.
5. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен Банктын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизми, жетим баланын курагына жараша "Келечекке салым" депозитине жыл сайын чегерилүүчү суммалардын өлчөмү, жетим бала өлкөнүн ичинде көчүп жүргөн учурда ыйгарым укуктуу орган менен Банктын ортосунда түзүлгөн "Келечекке салым" депозитин тейлөөгө келишим менен жөнгө салынат.
6. "Келечекке салым" депозитинин каражаттары салым (депозит) боюнча эсептерге кайтаруунун башка шарттарында (мындан ары - "Келечекке салым" депозити боюнча эсеп) жайгаштырылат.
7. "Келечекке салым" депозити төмөнкүлөргө таризделбейт:
1) ата-энелик укуктарынан ажыратылган же чектелген, ата-энеси дайынсыз жок болгон, аракетке жөндөмсүз (аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген) деп таанылган, алар дарылоо мекемелеринде болгон, эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөп жаткан, камакта кармоочу жайларда болгон, ата-энеси балдарды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана таламдарын коргоодон качкан, ата-энеси балдарын тарбиялоо, дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен жана ушул сыяктуу башка мекемелерден алуудан баш тарткан жана баланы мыйзамда белгиленген тартипте ата-энесинин камкордугусуз калды деп таануунун башка учурларына байланыштуу ата-энеси жок балдарга;
2) "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүнүн негизинде баланын төрөлүшүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн учурда.
8. "Келечекке салым" депозитин ачуу жана аны тескөө билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү алуудан тышкары, жетим балада Кыргыз Республикасынын жарандыгы же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган кайрылман статусу болгон жана каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланган шартта жүргүзүлөт.
9. "Келечекке салым" депозитинде/талап кылынганга чейинки эсепте топтолгон каражаттар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын билдирүүсүнө ылайык, жабуу учурунда чегерилген пайыздар менен бирге республикалык бюджетке төмөнкүдөй учурда кайтарылууга тийиш:
1) жетим бала каза болсо;
2) жарандыгын өзгөртсө;
3) асырап алынса;
4) ата-энелер тарабынан ата-энелик укуктары калыбына келтирилсе (ата-энелери белгисиз 18 жашка чейинки курактагы балдарга карата);
5) каражаттарды максатсыз пайдаланса;
6) бала 25 жашка чыкканга чейин каражаттарды пайдаланбаса.
Банк республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардын суммасы жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жыл сайын кабарлап турат.
2. "Келечекке салым" депозитин ачуу жана толуктоо тартиби
10. "Келечекке салым" депозитин ачуу проактивдүү кызмат көрсөтүү болуп саналат жана жарандардын жеке кайрылуусун талап кылбайт.
"Келечекке салым" депозитин ачуу үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү "жетим бала" расмий статусу пайда болгон күндөн тартып турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системасына (мындан ары - ТОК АМС) беш жумуш күндөн кечиктирбестен маалымат киргизет.
11. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ведомстволук мекемеси (мындан ары - Департамент) ТОК АМС аркылуу жетим балдардын жалпыланган тизмесин түзүп жана ай сайын 26сына чейин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
12. Департамент тарабынан түзүлгөн жетим балдардын тизмелери жана тиешелүү документтери балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан "Келечекке салым" депозитин ачуу үчүн ай сайын 28ине чейин электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Банкка жөнөтүлүп турат.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жетим балдардын төмөнкү документтерин Банкка жиберет:
1) жетим баланын мыйзамдуу өкүлүнүн паспортунун же кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсүн ("Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурларда берилет);
2) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн ("Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурларда берилет);
3) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Excel форматында толтурулган жетим балдардын өздүк маалыматтарын.
13. Банк балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан тизме келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ар бир балага "Келечекке салым" депозиттик эсебин ачат.
14. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган акча каражаттарын Банктын транзиттик эсебине "Келечекке салым" депозити боюнча тиешелүү эсептерге андан ары чегерүү үчүн которот.
15. 2006-жылдын 1-июнунан тартып 2006-жылдын 31-декабрына чейин төрөлгөн жетим балдар үчүн талап кылынганга чейинки эсептер ачылат жана республикалык бюджеттен каражаттардын келип түшүшүнө жараша Банк тиешелүү талап кылынганга чейинки эсептерге 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес өлчөмдөгү сумманы чегерет.
16. Банк үч жумуш күндүн ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга "Келечекке салым" депозиттин/талап кылынганга чейинки эсептин реквизиттери жөнүндө маалымдайт.
17. Баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, анын ичинде жетим балдарга кабарлоо беш жумуш күндүн ичинде баланы коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмү/электрондук почтасы аркылуу "Келечекке салым" депозитинин/талап кылынганга чейинки эсептин реквизиттерин көрсөтүп, колго берүү менен ишке ашырылат.
18. "Келечекке салым" депозитин каржылоо жана андан ары толуктоо сом менен төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттен жыл сайын каралуучу каражаттардан;
2) "Келечекке салым" депозиттерине каражаттарды жайгаштыруу мезгилинде эсептелген пайыздардан.
19. Банк төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) "Келечекке салым" депозитин эсепке алуу боюнча эсептерди ачуу жана жүргүзүү;
2) "Келечекке салым" балдар үчүн депозиттери боюнча пайыздарды эсептөө жана капиталдаштыруу;
3) ушул Тартиптин 15 жана 22-пункттарына ылайык 18 жаштан 25 жашка чейинки балдар үчүн күнүмдүк эсептин калдыктары боюнча пайыздарды эсептөө;
4) "Келечекке салым" депозитинин каражаттарын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тескөөсүндө көрсөтүлгөн уюмдардын эсептерине которуу.
20. Банк тарабынан "Келечекке салым" депозити боюнча акча каражаттарын жайгаштыруу мезгили үчүн эсептелген пайыздар ар бир жылдын аягында капиталдаштырылат.
21. Эгерде бала 18 жашка чыккандан кийин "Келечекке салым" депозитинин суммасы 500000 (беш жүз миң) сомдон аз болсо, анда ал республикалык бюджет аркылуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга андан ары акча каражаттарын Банкка үч жумуш күндөн кечиктирбестен которуу үчүн айырманы компенсациялайт.
3. "Келечекке салым" депозитинин каражаттарын тескөө тартиби
22. Жетим бала 18 жашка толгондон кийин "Келечекке салым" депозитин толуктоо токтотулат жана жетим балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тескемесине ылайык жетим бала андагы каражаттарды тескөө укугун алат.
"Келечекке салым" депозити жабылгандан кийин, акча каражаттары автоматтык түрдө талап кылынганга чейинки эсепке чегерилет, алардын калдыктарына Банк тарабынан белгиленген ставка боюнча пайыздар эсептелет.
23. Акча каражаттарын ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга пайдалануу зарыл болгон учурда бала талап кылганга чейинки эсептен каражаттарды которууга Банкка тескеме берүү үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылат, бирок бала 25 жашка чыкканга чейин.
24. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын корутундусу жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тескемесине ылайык жетим баланын мыйзамдуу өкүлү хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган шашылыш учурларда жетим бала 18 жашка чыкканга чейин "Келечекке салым" депозитинин каражаттарын тескөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн кырдаалга туш болгон жетим бала өзгөчө зарылчылык жаралган учурда топтолгон сумманы тескөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мында "Келечекке салым" депозити боюнча эсепке каражаттарды толуктоо жетим бала 18 жашка чыкканга чейин улантылат, мунун натыйжасында ал "Келечекке салым" депозитиндеги каражаттарын мурда пайдаланылган акча каражаттарынын суммасын кемитүү менен тескөөгө укуктуу.
25. Соттун чечими менен психикалык бузулуусунун кесепетинен баланын аракетке жөндөмсүздүгү тастыкталган учурда "Келечекке салым" депозитинин каражаттарын максаттуу багыты боюнча тескөө үчүн ага соттук тартипте дайындалган анын мыйзамдуу өкүлү кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
26. Талап кылынганга чейинки эсепте турган каражаттар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын каражаттарды максаттуу багыты боюнча андан ары пайдалануу жөнүндө Банкка тескемесин берүү жолу менен бир же бир нече негиздер боюнча накталай эмес формада бөлүктөр боюнча же болбосо толук көлөмдө колдонулушу мүмкүн:
1) ден соолукту чыңдоого;
2) турак жай шарттарын жакшыртууга/турак жай сатып алууга;
3) билим алууга.
27. Ушул Тартиптин 24, 26-пункттарында көрсөтүлгөн "Келечекке салым" депозитинин/талап кылынганга чейинки эсептин каражаттары чыгымдалышы ыктымал болгон негиздердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
28. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын "Келечекке салым" депозитинин/талап кылынганга чейинки эсептин каражаттарын пайдаланууга тескемесин алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) жетим балдар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту же кайрылмандын күбөлүгү ("Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурларда берилет);
- ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана баланын мыйзамдуу өкүлүнүн паспорту ("Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурларда берилет);
- ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн бир же бир нече негиздемелерди көрсөтүү менен талап кылынганга чейинки эсепте турган каражаттарды тескөөгө адамдын арызы (мындан ары - арыз);
- талап кылынганга чейинки эсепте топтолгон каражаттар жөнүндө банктан көчүрмө;
2) психикалык бузулуунун кесепетинен сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган баланын мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту же кайрылмандын күбөлүгү ("Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурларда берилет);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын мыйзамдуу өкүлүнүн паспорту же кайрылмандын күбөлүгү ("Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурларда берилет);
- Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмсүз (психикалык бузулуунун кесепетинен) жаранына мыйзамдуу өкүлдү дайындоо жөнүндө соттун чечими;
- арыз.
29. Арыз берилген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна чечим кабыл алуу үчүн киргизилет.
30. Балдар иштери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тиешелүү тескеме даярдайт жана белгиленген тартипте арыз ээсине берет.
Арыздын формасы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
31. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан талап кылынганга чейинки эсепте турган каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталган учурда (эгерде каражаттар жарым-жартылай пайдаланылган болсо), анда акча каражаттарынын калдыктары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын билдирүүсүнө ылайык республикалык бюджетке кайтарылып берилет.
Каражаттарды максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо учурларын аныктоо механизми балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
4. Корутунду жоболор
32. "Келечекке салым" депозитинин каражаттары (анын ичинде чегерилген пайыздар) жана талап кылынганга чейинки эсептеги каражаттар мурастоого жатпайт жана жеке жактардан алынуучу киреше салыгын төлөөдөн бошотулат. Ошондой эле аларды өндүрүп алуу же камакка алуу мүмкүн эмес жана талашсыз тартипте өндүрүп алуу жүргүзүлбөйт.