Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-августу № 453
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 101 "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ар бир жетим бала үчүн 18 жашка чыкканда "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин акчалай каражаттарынын өлчөмү 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес белгиленсин.
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити боюнча пайыздык ставка "Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен биргеликте:
1) үч жумалык мөөнөттө "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин тейлөө боюнча келишим түзсүн;
2) жарандардын жеке кайрылуусусуз проактивдүү кызмат көрсөтүү формасында "Келечекке салым" депозитин ачууну камсыз кылсын;
3) колдонуудагы "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозиттерин республикалык бюджеттен өз убагында толуктоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозиттерин толуктоого жана суммаларын төлөөгө акчалай каражаттарды республикалык бюджеттен карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, "Айыл Банк" ачык акционердик коому "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө үчүн "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системаларынын алкагында маалымат алмашууну камсыз кылуу боюнча ыкчам чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коому менен биргеликте төрт айлык мөөнөттө "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттары чыгымдалышы ыктымал болгон Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин билим берүү уюмдарында билим алуу, ден соолукту чыңдоо жана турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча багыттардын тизмесин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн ведомстволук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |