Загрузка документа…
|
|
|
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 358 токтомуна) |
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо илимий, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону уюштуруу тартибин жөнгө салат.
2. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча PhD/тармак боюнча докторантура, докторантура, аспирантура (адъюнктура), изденүүчүлүк аркылуу жүзөгө ашырылат.
Илимий-методикалык жетекчилик, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону контролдоо илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик адистештирилген медициналык билим берүү (ординатура, интернатура) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Атайын медициналык билим берүүнүн программалары боюнча илимий-методикалык жетекчилик жана даярдоону контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо күндүзгү жана сырттан окуу формаларында жүзөгө ашырылат.
5. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктордун окумуштуулук даражасын изденип алууга илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталат.
6. Илимий кадрлар жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү лицензиясынын негизинде даярдалат. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар (мындан ары - илимий уюмдар) жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары (мындан ары - жождор) Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык илимий кадрларды даярдоо укугун алат.
Өзгөчө статусу бар жождорго жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу талап кылынбайт.
7. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер жана багыттар боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражалары аттестациялоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан изденүүчүнүн диссертацияны эл алдында коргоосунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүчүнүн негизинде ыйгарылат. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылат.
9. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу укугуна Кыргыз Республикасынын жарандары, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар ээ болот.
10. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) илимий жетекчи/консультант - окуган адамды окутуу тармагы же ага байланыштуу изилдөө тармагы боюнча окумуштуу, ал илимий ишти жетектейт, окуган адамдын окуу жана илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын жана аттестациясын контролдойт;
2) окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши - илимий жана илимий-педагогикалык ишти жүргүзүү чөйрөсүндө кабыл алынуучу чечимдердин коллегиялуулугун камсыздоочу илимий уюмдардын/жождордун коомдук-кесиптик башкаруу органы.
2-глава. Докторантура
11. Докторантура - илимий изилдөөлөрдүн жаңы багыты боюнча илимий-изилдөө иштерин уюштуруу же илимий изилдөөлөрдүн учурдагы актуалдуу багыттарын концептуалдуу өнүктүрүү, илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга жеке илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү илимий иштин натыйжаларын аналитикалык жалпылоо компетенцияларына ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо формасы.
12. Докторантурага илимдин кандидаты жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасы бар адамдар кабыл алынат.
Докторантурада даярдоо 4 жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.
13. Докторантурага кабыл алуу жөнүндө арыз илимий уюмдун/жождун жетекчисинин атына берилет, ага төмөнкү документтер тиркелет:
1) илимдин кандидаты же философия доктору (PhD/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
2) паспорттун көчүрмөсү (жарандыгы бар адамдар);
3) резюме/кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;
4) докторлук изилдөө планы;
5) жарыяланган илимий эмгектердин, ойлоп табуулардын жана патенттердин тизмеси;
6) илимий жетекчинин/консультанттын болжолдонгон тема жана изилдөө чөйрөсү менен макулдук каты (болсо).
Паспортту жана түп нускадагы дипломду докторант жеке өзү көрсөтөт.
14. Докторантурага кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Илимий уюмдун/жождун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер боюнча докторантурага конкурстук кабыл алуу жөнүндө жарыялайт. Илимий уюм/жож жетекчинин буйругу менен конкурстук комиссияны түзөт, анын курамына илимий иштер боюнча проректор жана жетектөөчү окумуштуулар кирет. Документтерди берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин конкурстук тандоонун бардык катышуучуларынын документтери комиссиянын кароосуна берилет.
15. Кабыл алууда негизги критерийлер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) илимий изилдөөнүн илимий уюмдун/жождун тармагына шайкештиги;
2) илимий уюмда/жождо диссертациянын берилген планына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтык жана материалдык-техникалык ресурстардын болушу;
3) талапкердин илимий жетишкендиктеринин болушу (илимий жана жарыялоо активдүүлүгү).
16. Берилген документтердин жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкештигин кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алуу комиссиясы ар бир талапкер боюнча өзүнчө корутунду берет. Докторантурага кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө чечим тапшырып жаткан адамга беш күндүк мөөнөттө, бирок окуу башталганга чейин 2 жумадан кечиктирилбестен билдирилет. Кабыл алуу комиссиясынын чечими протокол менен таризделет.
17. Кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алуу комиссиясынын протоколунун негизинде кабыл алынат.
18. Диссертациянын темасын тандоодо Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бекитилген тизмегине шайкеш келген изилдөөлөргө артыкчылык берилет.
19. Илимий кадрларды даярдоону тейлеген түзүмдүк бөлүм теманы, жеке окуу планын бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат, андан ары докторант илимий кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы өзүнүн жеке кабинетине жүктөйт.
20. Докторантурага кабыл алуу илимий уюмдун/жождун жетекчисинин буйругу менен жүргүзүлөт.
21. Докторантурага кабыл алынган адамдар окуудан бош мезгилинде кошумча илимий жана педагогикалык иш менен алектенүүгө укуктуу.
22. Докторантура изилдөөнүн жыйынтыктарын докторлук диссертация түрүндө тариздөө менен аяктайт.
23. Докторант изилдөө ишин өз алдынча же илимий консультанттын - илимдин докторунун жетекчилигинде аткара алат. Илимий консультанттар катары башка илимий уюмдардын жетектөөчү окумуштуулары жана адистери тартылышы мүмкүн.
24. Докторант илимий уюмдардын/жождордун лабораторияларын, кабинеттерин, илимий китепканаларын, эксперименттик түзүлүштөрүн, ошондой эле окуу, илимий, дарылоо жана башка бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн алардын уставдарында аныкталган тартипте акысыз пайдаланат.
25. Докторант жыл сайын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинде жасаган иштери жөнүндө отчет берет.
26. Жеке планды аткарбаган докторант илимий уюмдун/жождун жетекчисинин буйругу менен докторантурадан чыгарылат.
27. Окуу мөөнөтү аяктаганга чейин докторантурадан чыгарылган докторант жеке планды окуудан чыгарууда жеткиликсиз көлөмдө аткарган учурда окуунун калган мөөнөтүнө калыбына келтирилет.
28. Докторлук диссертацияны аяктоо үчүн чыгармачылык өргүү, ошондой эле докторантуранын мөөнөтү аяктагандан кийин кошумча убакыт берилбейт.
3-глава. Аспирантура (адъюнктура)
29. Аспирантура (адъюнктура) - илимий-изилдөө иштерин пландоо жана өз алдынча жүргүзүү боюнча компетенцияларга, ошондой эле илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга жеке илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү терең теориялык билимге ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо формасы.
30. Аспирантурада окуу күндүзгү окуу формасында - 3 жыл, сырттан окуу формасында - 4 жыл.
31. Аспирантурага (адъюнктурага) адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку кесиптик билими бар адамдар конкурстук негизде кабыл алынат.
32. Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуу жөнүндө арыз илимий уюмдун/жождун жетекчисинин атына берилет, ага төмөнкү документтер тиркелет:
1) жогорку кесиптик билими жөнүндө адистин же магистрдин дипломунун көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн - алардын билими тууралуу документтеринин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк);
2) паспорттун көчүрмөсү;
3) резюме/кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;
4) жарыяланган илимий эмгектердин, ойлоп табуулардын тизмеси (бар болсо);
5) эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6) окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин же мамлекеттик аттестациялык комиссиянын сунуштамалары;
7) кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө протокол жана мамлекеттик жана англис тилдерин тапшыргандыгы тууралуу сертификаттар (бар болсо);
8) илимий жетекчинин/консультанттын болжолдонгон тема жана изилдөө тармагы менен макулдук каты (бар болсо);
9) тиешелүү тармактын адисинин пикири менен тандалган адистик темасы боюнча реферат.
Паспортту жана дипломду аспирант жеке өзү түп нускасында көрсөтөт.
33. Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуу жыл сайын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алууну уюштуруу үчүн илимий уюмдун/жождун жетекчисинин (жетекчисинин орун басарынын) төрагалыгы алдында жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана илимий кадрлардын, анын ичинде болочок аспиранттардын илимий жетекчилеринин ичинен кабыл алуу комиссиясы түзүлөт.
34. Аспирантурага (адъюнктурага) тапшырып жаткан адамдар сунуш кылынган илимий жетекчи менен алдын ала аңгемелешүүдөн өтүшөт, ал кабыл алуу комиссиясына аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жөнүндө билдирет.
35. Аспирантурага (адъюнктурага) тапшырып жаткан адамдар төмөнкү дисциплиналар боюнча кирүү экзамендерин тапшырат:
1) адис же магистр үчүн колдонуудагы программанын көлөмүндө атайын дисциплинадан;
2) аспирантка диссертациялык ишин аткарууда керек болгон, илимий уюм/жож тарабынан аныкталган чет тили;
3) илимдин тарыхы жана философиясы;
4) кыргыз тили.
36. Дисциплиналар боюнча кирүү экзамендерин кабыл алуу тийиштүү комиссиялар тарабынан жүргүзүлөт, алардын курамына тапшырылып жаткан дисциплина тармагына ылайык окумуштуулук даражасы бар окутуучулар кирет.
37. Чет тили боюнча жана чыгармачылык адистиктер боюнча комиссиялар окумуштуулук даражасы жана илимий наамы жок квалификациялуу окутуучулардан турушу мүмкүн.
38. Кабыл алуу комиссиясы кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча ар бир тапшыруучу адамга карата өзүнчө чечим чыгарат.
39. Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө чечим тапшыруучу адамга беш күндүк мөөнөттө, бирок окуу башталганга чейин 2 жумадан кечиктирбестен билдирилет.
40. Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуу илимий уюмдун/жождун жетекчисинин буйругу менен таризделет.
41. Аспирант аспирантурада (адъюнктурада) окуп жаткан мезгилде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) окуу планын толук көлөмдө аткарууга;
2) кандидаттык экзамендерди тапшырууга;
3) диссертациялык ишин аяктоого жана аны иш аткарылган жеринде талкуулоодон өткөрүүгө.
42. Аспиранттар кандидаттык экзамендерди илимий кадрларды аттестациялоо тармагындагы мыйзамдарга ылайык тапшырат.
43. Аспиранттардын диссертациялык иштеринин темалары, илимий жетекчилери жана окуу пландары илимий уюмдун/жождун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан бекитилет жана жетекчинин буйругу менен таризделет, андан ары аспирант илимий кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы өзүнүн жеке кабинетине жүктөйт.
Диссертациянын темасын тандоодо артыкчылык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмегине туура келген изилдөөлөргө берилет.
44. Аспиранттардын илимий жетекчилери тарабынан көбүнчө тиешелүү же тектеш адистиги боюнча илимдин докторлору, ошондой эле тиешелүү багыттагы илимдин кандидаттары, философия докторлору (PhD/тармак боюнча докторлор бекитилет.
Эки адистиктин кесилишинде илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн аспиранттарга эки илимий жетекчинин жетекчилиги астында иштөөгө уруксат берилет.
Илимий жетекчи аспиранттын бекитилген окуу планын аткарышын контролдойт.
45. Аспирант жыл сайын кафедрага (бөлүмгө, секторго, лабораторияга) отчет берет. Аспиранттардын бардык отчеттору аспирантурада окуган мезгилде сакталат жана диссертациялык иши менен бирге берилет. Белгиленген мөөнөттө окуу планын аткарбаган аспирант илимий уюмдун/жождун жетекчисинин буйругу менен аспирантурадан чыгарылат.
46. Аспиранттар тандалган тема боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн илимий уюмдардын/жождордун илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлери менен бирдей жабдууларды, лабораторияларды, кабинеттерди, китепканаларды, иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлүк окуу жана илимий борборлорго баруу, экспедицияларга ж.б. катышуу укугун пайдаланат.
47. Аспиранттарды бир илимий уюмдан/жождон башка жакка которуу, ошондой эле даярдоонун күндүзгү бөлүмүнөн сырттан окуу бөлүмүнө жана тескерисинче которуу, окуу мөөнөтү аяктаганга чейин аспирантурадан (адъюнктурадан) чыгарылган аспирантты калыбына келтирүү, аспирантурадан докторантурага PhD/тармак боюнча жана кайра которуу илимий уюмдун/жождун жетекчисинин чечими менен жүзөгө ашырылат. Которуу жана калыбына келтирүү аспиранттын жеке арызы боюнча жүргүзүлөт.
48. Аспиранттарды даярдоо программасына кандидаттык минимумду жана тесттерди тапшыруу үчүн дисциплиналардан тышкары "Педагогикалык чеберчиликтин мектептери", "Академиялык жазуу", "Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы (Статанализ)" дисциплиналары киргизилет.
49. Аспирантураны бүтүргөндөн кийин бирдиктүү үлгүдөгү тиешелүү сертификат берилет, анын кошумча барагында илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык өздөштүрүлгөн дисциплиналардын тизмеги, сааттардын көлөмү жана алынган баалар көрсөтүлөт.
50. Күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган аспиранттар жеке даярдоо планын аткарган шартта акы төлөнүүчү илимий, педагогикалык иштерди аткарууга укуктуу.
51. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону тейлеген түзүмдүк бөлүмдөр жылына бир жолу илимий уюмдардын/жождордун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешине отчет берет.
52. Илимий уюм/жож жыл сайын окуу жылы аяктагандан кийин илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет.
4-глава. Изденүүчүлүк
53. Изденүүчүлүк - белгиленген мөөнөттө кандидаттык минимумдарды жана илимий иштерди коргоо менен талап кылынган жүктөмдү өз алдынча өздөштүргөн илимий кадрларды даярдоо формасы.
54. Докторлук диссертациялардын үстүндө өз алдынча иштеген окумуштуулук даражаны изденүүчүлөр (мындан ары - изденүүчү) илимдин кандидаты, философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктору окумуштуулук даражасы бар адамдар болушу мүмкүн.
Кандидаттык диссертациялардын үстүндө өз алдынча иштеген окумуштуулук даражаны изденүүчүлөр адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку кесиптик билими бар адамдар болушу мүмкүн.
55. Изденүүчүлөр илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертацияларды даярдоо үчүн илимий-изилдөө, эксперименталдык базасы жана жогорку квалификациялуу илимий кадрлары бар илимий уюмдарга/жождорго 4 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
56. Изденүүчү катары бекитүү үчүн илимий уюмдун/жождун жетекчисинин атына окумуштуулук даражаны изденүүчүлүктүн деңгээлине ылайык келген документтерди тиркөө менен арыз берилет (Жобонун 13 же 25-пункту).
57. Документтерди берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин конкурстук тандоонун бардык катышуучуларынын документтери изденүүчүлүк институтуна талапкерлерди тандоо боюнча комиссиянын кароосуна берилет. Илимий уюм/жож жетекчисинин буйругу менен конкурстук комиссияны түзөт, ага мекеменин илимий иштер боюнча проректору жана жетектөөчү окумуштуулары кирет.
Кабыл алуу комиссиясы документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин эки жуманын ичинде берилген документтерди карайт.
58. Конкурстук тандоону жүзөгө ашырууда негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) диссертациялык изилдөө даярдала турган илимий адистиктин илимий уюмдун/жождун тармагынын илимий адистигине шайкештиги;
2) диссертациянын берилген планына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтык жана материалдык-техникалык ресурстардын илимий уюмда/жождо болушу;
3) талапкердин илимий жетишкендиктеринин болушу (илимий жана жарыялоо активдүүлүгү).
59. Берилген документтердин жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкештигин кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия ар бир талапкер боюнча өзүнчө корутунду берет. Кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө чечим тапшырып жаткан адамга беш күндүк мөөнөттө, бирок окуу башталганга чейин 2 жумадан кечиктирилбестен билдирилет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда комиссиянын протоколунун негизинде кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарылат.
60. Диссертациянын планын, темасын жана илимий жетекчисин бекитүү менен изденүүчүнү бекитүү жөнүндө чечим комиссиянын протоколунун негизинде кабыл алынат.
61. Изденүүчүлөр 2 айлык мөөнөттө кафедранын (бөлүмдүн, сектордун, лабораториянын) кароосуна илимий жетекчи (консультант) менен макулдашылган жеке иш планын тапшырат.
62. Изденүүчүлөрдүн илимий жетекчилери (консультанттары) болуп илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адамдар дайындалат. Илимий уюмдун/жождун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими боюнча изденүүчүлөрдүн илимий жетекчисине тиешелүү адистиктеги илимдин кандидаты тартылышы мүмкүн.
63. Докторлук диссертация изденүүчү тарабынан илимий жетекчисиз (консультантсыз) даярдалышы мүмкүн.
64. Изденүүчүлөр жыл сайын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешине отчет берип турат. Көрсөтүлгөн мөөнөттө жеке иш планын аткарбаган изденүүчүлөр окуудан чыгарылат.
65. Изденүүчүлөрдүн диссертациялык иштеринин темалары, илимий жетекчилери жана жеке окуу пландары жетекчинин буйругу менен бекитилет, андан кийин изденүүчү тарабынан илимий кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы анын жеке кабинетине жүктөлөт.
Диссертациянын темасын тандоодо артыкчылык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмегине шайкеш келген изилдөөлөргө берилет.
66. Изденүүчүлөр бекитилген жери боюнча керектүү жабдууларды, кабинеттерди, китепканаларды ж.б. пайдаланат. Изденүүчүлөр иштеген илимий уюмдардын/жождордун жетекчилери аларга диссертациялардын үстүндө иштөө үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жардам көрсөтөт.
67. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына изденүүчүлөр кандидаттык экзамендерди илимий кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тапшырат.
5-глава. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону каржылоо
68. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо окуп жаткандардын өздүк каражаттарынын, илимий уюмдун/жождун атайын каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
69. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча окугандардын илимий жетекчилеринин эмгегине акы төлөө илимий уюмдун/жождун атайын каражаттарынын эсебинен 2 илимий жетекчи бекитилген учурларды кошо алганда, жылына бир аспирантка/докторантка/изденүүчүгө 50 саат эсептелгендеги билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө баалардын тарифтерине жана убакыттын ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Корутунду жоболор
70. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча окугандарга эмгек стажы, социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
71. Окуучулардын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.