Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 366
2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдары боюнча 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча кабыл алуу планын бекитсин;
2) 2024-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү гранттарын жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчетту берсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларга чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун КӨЛӨМҮ
Тармагы | Коду | Адистик | Гранттардын саны |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 405 | ||
Саламаттык сактоо | 560001 | Дарылоо иши (адис) | 210 |
560003 | Медициналык-профилактикалык иш (адис) | 50 | |
560002 | Педиатрия (адис) | 100 | |
560200 | Медайым иши (бакалавр) | 20 | |
Компьютердик | Экспер. | Медициналык инженерия (бакалавр) | 25 |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 130 | ||
| 532200 | Укук коргоо иши | 130 |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | 125 | ||
| 770100 | Командалык тактикалык мотоаткыч аскери (бакалавр) | 50 |
| 770200 | Чек ара иши (бакалавр) | 50 |
| 770300 | Жарандык коргонуунун командалык тактикалык аскери | 25 |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 206 | ||
Маданият жана искусство | 570014 | Актердук искусство (адис) | 15 |
570009 | Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) (адис) | 20 | |
570010 | Дирижёрлук (аткаруучу жамааттардын түрлөрү боюнча) (адис) | 5 | |
570013 | Үн режиссурасы (адис) | 4 | |
570008 | Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) (адис) | 44 | |
570005 | Кино таануу (адис) | 2 | |
570006 | Кинооператордук (адис) | 10 | |
570011 | Композиция (адис) | 2 | |
570027 | Адабий чыгармачылык (адис) | 2 | |
570012 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) (адис) | 7 | |
570004 | Музыка таануу (адис) | 2 | |
570019 | Хореография педагогикасы (адис) | 3 | |
570015 | Режиссура (колдонуу тармактары багыттары боюнча) (адис) | 20 | |
570018 | Хореография режиссурасы (адис) | 3 | |
570029 | Социалдык-маданий иш (адис) | 55 | |
570002 | Театр таануу (адис) | 2 | |
Педагогика | 550600 | Көркөм өнөр боюнча билим берүү (бакалавр) | 10 |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 20 | ||
| 580200 | Экономика (магистр) | 2 |
| 530800 | Эл аралык мамилелер (магистр) | 14 |
| 535000 | Юриспруденция (магистр) | 4 |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 7917 | ||
Кен казуу иши | 620100 | Геодезия жана аралыктан байкаштыруу (бакалавр) | 38 |
620100 | Геодезия жана аралыктан байкаштыруу (магистр) | 15 | |
630003 | Кен казуу иши (адис) | 58 | |
650200 | Металлургия (бакалавр) | 15 | |
650200 | Металлургия (магистр) | 5 | |
630400 | Мунайгаз иши (бакалавр) | 15 | |
630400 | Мунайгаз иши (магистр) | 5 | |
620001 | Колдонмо геодезия (адис) | 20 | |
630100 | Колдонмо геология (магистр) | 5 | |
630001 | Колдонмо геология (адис) | 31 | |
630002 | Геологиялык чалгындоо технологиясы (адис) | 15 | |
630004 | Кен казуу жана мунайгаз өндүрүшүнүн физикалык процесстери (адис) | 10 | |
|
| 232 | |
Гуманитардык адистиктер | Экспер. | Архив таануу (бакалавр) | 15 |
570600 | Китепкана таануу жана документ жүргүзүү (бакалавр) | 18 | |
571200 | Музеология жана маданий жана табигый мурас объекттерин коргоо (бакалавр) | 10 | |
530200 | Политология (бакалавр) | 25 | |
530300 | Психология (бакалавр) | 20 | |
531500 | Аймак таануу (бакалавр) | 10 | |
531400 | Дин таануу (бакалавр) | 35 | |
531400 | Дин таануу (магистр) | 6 | |
540200 | Социалдык иш (бакалавр) | 63 | |
540100 | Социология (бакалавр) | 25 | |
530100 | Философия (бакалавр) | 10 | |
580200 | Экономика (бакалавр) | 5 | |
|
| 242 | |
Медициналык адистиктер | 560001 | Дарылоо иши (адис) | 64 |
560002 | Педиатрия (адис) | 15 | |
560003 | Медициналык-профилактикалык иш (адис) | 23 | |
|
| 102 | |
Компьютердик | 580500 | Бизнес информатика (бакалавр) | 155 |
710500 | Интернет технологиялар жана башкаруу (бакалавр) | 150 | |
710500 | Интернет технологиялар жана башкаруу (магистр) | 15 | |
690300 | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (бакалавр) | 178 | |
690300 | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (магистр) | 25 | |
экспер. | Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (бакалавр) | 50 | |
710100 | Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр) | 430 | |
710100 | Информатика жана эсептөө техникасы (магистр) | 10 | |
590100 | Маалыматтык коопсуздук (бакалавр) | 190 | |
590100 | Маалыматтык коопсуздук (магистр) | 20 | |
710200 | Маалыматтык системалар жана технологиялар (бакалавр) | 446 | |
710200 | Маалыматтык системалар жана технологиялар (магистр) | 36 | |
510300 | Маалыматтык технологиялар (бакалавр) | 25 | |
531200 | Компьютердик лингвистика (бакалавр) | 75 | |
531200 | Компьютердик лингвистика (магистр) | 10 | |
510700 | Маалыматтык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо (бакалавр) | 25 | |
700500 | Мехатроника жана робототехника (бакалавр) | 125 | |
700500 | Мехатроника жана робототехника (магистр) | 10 | |
710300 | Колдонмо информатика (бакалавр) | 410 | |
710300 | Колдонмо информатика (магистр) | 35 | |
510200 | Колдонмо математика жана информатика (бакалавр) | 445 | |
510200 | Колдонмо математика жана информатика (магистр) | 35 | |
710400 | Программалык инженерия (бакалавр) | 330 | |
710400 | Программалык инженерия (магистр) | 10 | |
690200 | Радиотехника (бакалавр) | 50 | |
690200 | Радиотехника (магистр) | 10 | |
Экспер. | Компьютердик оюндарды иштеп чыгуу (бакалавр) | 50 | |
690600 | Телематика (бакалавр) | 50 | |
700200 | Техникалык системалардагы башкаруу (бакалавр) | 50 | |
700200 | Техникалык системалардагы башкаруу (магистр) | 10 | |
510600 | Фундаменталдык информатика жана маалыматтык технологиялар | 25 | |
690100 | Электроника жана наноэлектроника (бакалавр) | 90 | |
690100 | Электроника жана наноэлектроника (магистр) | 10 | |
640200 | Электр энергетика жана электр техникасы (IT профили) (бакалавр) | 285 | |
640200 | Электр энергетика жана электр техникасы (магистр) | 5 | |
|
| 3875 | |
Маданият | 570025 | Графика (адис) | 10 |
570022 | Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (адис) | 10 | |
570020 | Дизайн (адис) | 10 | |
570024 | Живопись (адис) | 10 | |
570021 | Интерьерлер жана жабдуулар (адис) | 10 | |
570026 | Скульптура (адис) | 10 | |
|
| 60 | |
Педагогикалык адистиктер | 550001 | Кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил (адис) | 20 |
550100 | Табигый-илимий билим берүү (бакалавр) | 220 | |
550100 | Табигый-илимий билим берүү (магистр) | 5 | |
550700 | Педагогика (бакалавр) | 345 | |
550700 | Педагогика (магистр) | 45 | |
550800 | Кесиптик окутуу (бакалавр) | 33 | |
550800 | Кесиптик окутуу (магистр) | 8 | |
550400 | Социалдык-экономикалык билим берүү (бакалавр) | 138 | |
550500 | Технологиялык билим берүү (бакалавр) | 25 | |
550200 | Физика-математикалык билим берүү (бакалавр) | 343 | |
550200 | Физика-математикалык билим берүү (магистр) | 9 | |
532000 | Дене тарбия (бакалавр) | 228 | |
532000 | Дене тарбия (магистр) | 10 | |
550300 | Филологиялык билим берүү (бакалавр) | 475 | |
550300 | Филологиялык билим берүү (магистр) | 25 | |
550600 | Көркөм өнөр боюнча билим берүү (бакалавр) | 75 | |
|
| 2004 | |
Өнөр жай | 680200 | Биотехникалык системалар жана технологиялар (бакалавр) | 15 |
570400 | Дизайн (бакалавр) | 5 | |
570700 | Костюм жана текстиль искусствосу (бакалавр) | 37 | |
580600 | Логистика (бакалавр) | 36 | |
580600 | Логистика (магистр) | 5 | |
650100 | Материал таануу жана материалдардын технологиясы (бакалавр) | 17 | |
650300 | Машина куруу (бакалавр) | 10 | |
650300 | Машина куруу (магистр) | 3 | |
650500 | Колдонмо механика (бакалавр) | 10 | |
650500 | Колдонмо механика (магистр) | 4 | |
700600 | Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча) (бакалавр) | 19 | |
700600 | Стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология (магистр) | 5 | |
700800 | Техникалык физика (бакалавр) | 15 | |
700800 | Техникалык физика (магистр) | 5 | |
650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар (бакалавр) | 12 | |
650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар (магистр) | 4 | |
740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (бакалавр) | 14 | |
740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (магистр) | 3 | |
740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр) | 15 | |
740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр) | 3 | |
740100 | Өсүмдүк сырьёсунан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр) | 15 | |
740100 | Өсүмдүк сырьёсунан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр) | 4 | |
740600 | Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы (бакалавр) | 14 | |
740300 | Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (бакалавр) | 23 | |
740300 | Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (магистр) | 4 | |
760300 | Техночөйрөлүк коопсуздук (бакалавр) | 18 | |
760300 | Техночөйрөлүк коопсуздук (магистр) | 5 | |
720100 | Химиялык технология (бакалавр) | 25 | |
720100 | Химиялык технология (магистр) | 5 | |
|
| 350 | |
Айыл чарба | 610300 | Агроинженерия (бакалавр) | 54 |
610300 | Агроинженерия (магистратура) | 5 | |
610200 | Агрономия (бакалавр) | 47 | |
610200 | Агрономия (магистратура) | 5 | |
720200 | Биотехнология (бакалавр) | 35 | |
720200 | Биотехнология (магистр) | 10 | |
520900 | Биоэкология (бакалавр) | 15 | |
520900 | Биоэкология (магистр) | 5 | |
610001 | Ветеринария (адис) | 98 | |
620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (бакалавр) | 15 | |
620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (магистр) | 5 | |
610400 | Зоотехния (бакалавр) | 15 | |
610400 | Зоотехния (магистр) | 3 | |
730100 | Токой иши жана ландшафттык курулуш (бакалавр) | 25 | |
730100 | Токой иши жана ландшафттык курулуш (магистр) | 5 | |
760100 | Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (бакалавр) | 40 | |
760100 | Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (магистр) | 10 | |
610800 | Балык өстүрүү жана аквакультура (бакалавр) | 10 | |
610600 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (бакалавр) | 38 | |
610600 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (магистр) | 5 | |
|
| 445 | |
Курулуш | 750100 | Архитектура (бакалавр) | 25 |
750100 | Архитектура (магистр) | 5 | |
750600 | Гидротехникалык курулуш (бакалавр) | 13 | |
750500 | Гидротехникалык курулуш (магистр) | 5 | |
750400 | Шаар куруу (бакалавр) | 17 | |
750400 | Шаар куруу (магистр) | 5 | |
750200 | Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (бакалавр) | 12 | |
750300 | Архитектуралык мурасты реставрациялоо жана реконструкциялоо (бакалавр) | 14 | |
750500 | Курулуш (бакалавр) | 175 | |
750500 | Курулуш (магистр) | 30 | |
750002 | Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу (адис) | 10 | |
|
| 311 | |
Транспорт | 670100 | Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (бакалавр) | 10 |
670100 | Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (магистр) | 5 | |
670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (бакалавр) | 60 | |
670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (магистр) | 5 | |
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (бакалавр) | 25 | |
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (магистр) | 5 | |
|
| 110 | |
Туризм | 600300 | Мейманкана иши (бакалавр) | 5 |
600100 | Сервис (бакалавр) | 5 | |
600200 | Туризм (бакалавр) | 27 | |
|
| 37 | |
Башкаруу | 580900 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (магистр) | 80 |
|
| 80 | |
Экология | 520600 | Гидрометереология (бакалавр) | 10 |
520800 | Экология жана жаратылышты пайдалануу (бакалавр) | 44 | |
|
| 54 | |
Энергетика | 640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (бакалавр) | 10 |
640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (магистр) | 5 | |
Бардыгы: |
|
| 15 |
Жогорку окуу жайларга кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерди пайдалануучу адамдарга берилүүчү гранттар: |
| ||
2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн гранттардын саны | 50 | ||
төмөнкүлөрдү кабыл алуу үчүн гранттардын саны: I, II топтогу майыптардын ичинен жарандарды, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына, майыптарына, бала кезинен майыптарга теңештирилген адамдарды, майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды(*) | 500 | ||
2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда, 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары үчүн жана кайрылман статусуна ээ болгон адамдар үчүн гранттардын саны | 22 | ||
чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны | 75 | ||
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны; Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын аткаруу үчүн гранттардын саны | 550 | ||
Жыйынтыгы: | 10000 | ||
Эскертүү (*) Айылдык жаштардын ичинен адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык негизде окууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине ылайык аныкталган квотанын алкагында кабыл алынат.