Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында формалдуу билим берүүнүн
сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында формалдуу билим берүүнүн сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) башталгыч, негизги жана жалпы орто, ошондой эле башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн алкагында билим алуучуларды тандама тестирлөө жүргүзүүнүн талаптарын белгилейт.
2. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторингди жана баалоону Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык көрсөткүчтөрдү системалуу өлчөө аркылуу жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн билим берүү системасынын кыйла олуттуу мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана талдоо аркылуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү процесси жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо боюнча методдорун колдонот.
4. Башталгыч, негизги жана жалпы орто, ошондой эле башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн инструменти болуп тандама тестирлөө саналат.
5. Департамент формалдуу билим берүүнүн сапатын баалоодо билим алуучулардын жекече билиминин жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрү, педагогдордун кесипкөйлүгүнүн деңгээли, билим берүү процессинин камсыз болушу, билим берүү уюмдарынын башкаруучулук жана инновациялык ишин уюштуруу аркылуу билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн тандама тестирлөөнүн натыйжаларын пайдаланат.
6. Департамент төмөнкү талаптар каралган техникалык тапшырманы иштеп чыгат:
1) тестирлөө үчүн билим берүү процессинин объекттеринин жана субъекттеринин тизмеги;
2) предметтик багыттар (предметтер, дисциплиналар)/билим берүүнүн натыйжалары жана баскычтары;
3) билим берүүнүн ар бир деңгээлинин билим сапатынын көрсөткүчтөрү;
4) маалыматтарды топтоо үчүн инструменттер жана маалымат базалары;
5) маалыматты талдоо, кайра иштетүү жана интерпретациялоо методикасы;
6) тестирлөө маалыматтарын иштеп чыгуунун программалык-инструменттик каражаттары;
7) тандама тестирлөөнүн уюштуруучулук аспекти жана мезгилдүүлүгү;
8) аны жүргүзүүнүн формалары жана тартиби;
9) календардык график жана аткаруу мөөнөттөрү.
7. Тандама тестирлөөнүн жол-жоболору объективдүүлүктүн, ишенимдүүлүктүн жана репрезентативдүүлүктүн талаптарына ылайык келиши керек.
8. Көз карандысыз эксперттерди же уюмдарды аныктоо үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуулар жол-жобосун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
9. Билим берүү чөйрөсүндө тандама тестирлөө жүргүзүү боюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
10. Тандама тестирлөөнү жүргүзүү үчүн көз карандысыз эксперт же уюм техникалык тапшырманын шарттары менен аныкталган мөөнөткө тандалат.
11. Көз карандысыз эксперт же уюм Департаменттин техникалык тапшырмасына ылайык изилдөөнүн программасын иштеп чыгат, ага төмөнкүлөр кирет:
1) тестирлөөнүн максаттары жана милдеттери, жооптуу адамдар, байланыш жана өз ара аракеттенүү механизмдери;
2) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык тестирлөө методологиясы, тесттик тапшырмалар жана кызыкдар тараптардын ар кандай топтору үчүн изилдөөнүн инструменттери (анкеталар);
3) изилдөөнүн тандоосуна ылайык тестирлөөгө алынууга тийиш билим берүү уюмдарынын тизмеги;
4) билим алуучуларга тандама тестирлөө жүргүзүү жана кызыкдар тараптардын ар кандай топторун анкеталоо жол-жобосу;
5) тестирлөөнү уюштуруу үчүн окутуучу семинарлардын жана тренингдердин материалдары;
6) изилдөөнүн натыйжаларын иштеп чыгуу тартиби;
7) изилдөөнүн натыйжалары боюнча талдоо жана отчеттуулук форматы.
12. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларына, атайын жалпы билим берүү уюмдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү билим алуучуларына жана жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринин алдындагы кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына тестирлөө жүргүзүлбөйт.
13. Көз карандысыз эксперт же уюм тандама тестирлөөнүн натыйжаларын техникалык тапшырманын шарттарына ылайык Департаментке берет.
14. Департамент көз карандысыз эксперт же уюм тарабынан жүргүзүлгөн тандама тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде формалдуу билим берүүнүн сапатын баалоого талдоо жүргүзөт.
15. Тандама тестирлөөнүн натыйжалары билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана сунуш кылуу жана кызыкдар тараптарга белгиленген тартипте билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясында маалымдоо үчүн пайдаланылат.
16. Департамент коомчулукка формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн алкагында жүргүзүлгөн тандама тестирлөөнүн натыйжасы жөнүндө ачык отчет берүү аркылуу маалымдайт.