КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 569
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында чакан гидроэлектр станция куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 04-01/4514 корутундусун жана Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 12-февралындагы № 5 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 25,6 га жер участогу, анын ичинде төмөнкү контурлардагы № 942, 940, 1014, 1082, 1080, 1087, 1148, 1167 - 16,63 га таштак жайлоо, № 938, 1016, 1079, 1083 - 3,23 га жайыт, № 1010, 1013, 1151, 1152, 1154, 1159, 1168 - 5,79 га бадал жайыт чакан гидроэлектр станция куруу үчүн "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- айыл чарба багытындагы, токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасын төлөөнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жер участогунун менчик ээсине, жер пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу эмес багыты боюнча пайдаланылган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин жана жол жээгиндеги тилкенин өлчөмүн белгилөөнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |