Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 27-августу № 520

Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомду натыйжалуу аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров