|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 520 токтомуна) |
Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ТАЛАПТАР
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жана алардын коопсуздугу боюнча талаптарды аныктайт.
2. Билим берүү стандартына ылайык сабактардан тышкары өткөрүлгөн иш-чара окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өмүрүнө коркунуч келген тобокелдиктерди алдын алуу максатында келип чыккан проблемаларды жөнгө салууга багытталган.
3. Ушул Тартип иш-чараны өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алуунун жана алар менен өз ара аракеттенүүнүн тартибин аныктайт.
4. Бул Тартип иш-чараны уюштурууда бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдар тарабынан аткарылууга тийиш.
2-глава. Иш-чараны пландоо жана уюштуруу
5. Окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чара - бул республикалык же аймактык региондук деңгээлде саат 08:00дөн 18:00гө чейин менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарынын окуучуларынын катышуусу менен билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жабык же ачык жайда өткөрүлүүчү иш-чара (спортко, маданий жана башка тарбия берүүгө багытталган) болуп саналат.
6. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын (социалдык жана билим берүү чөйрөлөрү боюнча) макулдугу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) уруксаты менен өткөрүлөт.
Жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чаралар БИМдин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен өткөрүлөт.
7. Иш-чараны уюштуруу өз ичине төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) иш-чара алдын ала жылдык планга киргизилет жана тиешелүү буйрук менен бекитилет. Пландалбаган иш-чара өткөрүлгөн учурда тиешелүү негизделген документ талап кылынат;
2) уюштуруучулар иш-чаранын сценарийин алдын ала даярдашы керек, ал төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
- иш-чарага катыша турган окуучулардын саны;
- иш-чарага катышууга окуучулардын ата-энелеринин макулдугу (ата-энелердин колдору коюлган тизме);
- иш-чарага катыша турган чоң адамдардын саны;
- иш-чаранын өткөрүү датасын, баштоо жана аяктоо убактысын көрсөтүү менен жалпы узактыгы;
- коомдук тартипти камсыз кылуунун формасы (укук коргоо органдары тарабынан/уюштуруучулар тарабынан);
- иш-чаранын өрт коопсуздугуна жооптуу адамдын кызмат орду, аты-жөнү, байланыш номери;
3) иш-чара өткөрүлгөнгө чейин уюштуруучулар белгилүү бир аймакты БИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ), жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (мындан ары - ЖМА) өкүлдөрүнүн катышуусу менен коопсуздукту камсыз кылуу чараларына байланыштуу (аба ырайынын шарттарына өзгөчө көңүл буруу менен) алдын ала карап чыгуу, бардык тобокелдиктерди аныктоо жана иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө жеринде акт түзүү керек;
4) иш-чараны өткөрүү мүмкүн экендиги жөнүндө акт түзүлгөндөн кийин аны ЖМА менен макулдашуу керек жана БИМдин уруксатын алуу зарыл;
5) иш-чараны пландалган өткөрүү боюнча ИИМдин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары -ӨКМ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - ССМ) аймактык бөлүмдөрүнө жана ЖМАга 2-пунктчада көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыган катты алдын ала жөнөтүү керек;
6) ИИМдин, ӨКМдин, ССМдин жана БИМдин аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн катты алгандан кийин өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коопсуздук маселелери боюнча катышуучуларга түшүндүрүү (алдын алуу, нускама берүү) иштерин өткөрүүгө тийиш;
7) эгерде иш-чараны өткөрүү орду башка аймакта болсо жана окуучуларды автомобиль транспорту менен ташуу пландалса, иш-чараны өткөргөнгө чейин ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгына транспорт каражатынын маркасы, мамлекеттик номер белгиси, иш-чарага тартылган автомобиль транспортунун айдоочусу жөнүндө маалыматты камтыган кат жөнөтүү зарыл;
8) иш-чараны өткөрүү үчүн жогоруда аталган документтер тиркелет жана борбордук уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын (социалдык жана билим берүү маселелери боюнча) кароосуна киргизилет.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары (социалдык маселелерди жана билим берүү маселелерин тейлеген) кароого келип түшкөн катка макулдугун же макул эместигин билдирет, ошондой эле уруксат берүүчү документтерде кемчиликтер болсо, аны ушул Тартипке ылайык келтирүү үчүн кайтарат.
9. Иш-чараны пландоодо окуучулардын ден соолугуна, өмүрүнө, психикасына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган тобокелдиктер аныкталган учурда иш-чаранын маанилүүлүгүнө карабастан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынат.
3-глава. Иш-чараны өткөрүү үчүн жоопкерчилик
10. Иш-чараны өткөрүү үчүн жалпы жоопкерчилик уюштуруучуларга жүктөлөт.
Иш-чараны уюштурууда ушул Тартипти жана талаптарды бузган адамдар тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
11. Уюштуруучулар иш-чарага даярдык көрүүнү жана аны аткарууну контролдойт.
12. ИИМдин, ӨКМдин, ССМдин жана БИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катты алгандан кийин өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коопсуздук маселелери боюнча катышуучулар менен өз убагында түшүндүрүү, окутуу (профилактикалык, нускамалоо) иштерин жүргүзөт, иш-чарага катышат, коомдук тартип, катышуучулардын коопсуздугу жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик тартат.
13. Эгерде иш-чара өтүүчү жер башка жерде жайгашса жана окуучулар автомобиль транспорту менен жеткирилсе, жол жүрүү учурундагы жеткирүү жоопкерчилиги уюштуруучуларга жүктөлөт.
14. Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук тартипти бузган катышуучулар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Иш-чаранын катышуучуларына коюлган талаптар
15. Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин сактоо, иш-чаранын башка конокторуна жана катышуучуларына сый мамиле кылуу жана иш-чарада тартипти сактоого жооптуу кызматкерлерге жана башка адамдарга коркунуч туудурган аракеттерге жол бербөө зарыл.
16. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар жана укук коргоо органдары тарабынан коюлган талаптарды кынтыксыз аткаруу керек.
17. Шектүү буюмдар табылса, адамдар барымтага алынса, түтүн же өрт чыкса, иш-чаранын уюштуруучусуна жана коомдук тартипке көз салган укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүү керек.
18. Иш-чарага тартылган транспорт каражаттарынын токтоочу жайы иш-чара өткөрүлгөн жерден 200 метрден кем эмес аралыкта болушу керек жана бул ченемдин сакталышын контролдоо ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте уюштуруучулар тарабынан ишке ашырылат.
19. Иш-чаранын катышуучуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иш-чара өтүүчү зонада тамеки тартууга;
2) иш-чара өтүүчү зонада алкоголь жана спирт ичимдиктерин ичүүгө же адамдын кадыр-баркын жана коомдук адеп-ахлагын кемсинткен мас абалында пайда болууга;
3) иш-чара өтүү учурунда сахнага же адамдар чогулган жерге буюмдарды ыргытууга, ошондой эле коомдук тартипти бузуучу башка аракеттерди жасоого;
4) иш-чарада намысына шек келтирген, коомдун адеп-ахлагын кемсинткен мүнөздөгү аракеттерди жасоого;
5) өтмөктөрдө, тепкичтерде, тосмолордо, парапеттерде, бак-дарактарда, чатырларда, таяныч конструкцияларда турууга, иш-чаранын катышуучуларынын кыймылына тоскоолдук кылууга, курулмалардын жасалгаларынын жабдууларын жана элементтерин жана башка шаймандарды, жашыл бак-дарактарды бузууга;
6) иш-чаранын планында каралбаса, иш-чарада жаныбарларды пайдаланууга;
7) расалык, социалдык, улуттук жана диний араздашууну тутандырууга багытталган айырмалоочу белгилерди же башка символикаларды тагынууга же көрсөтүүгө;
8) өрт көзөмөлү органдарынын атайын уруксатысыз пиротехникалык буюмдарды пайдаланууга.